Иран-Саудия жакындашуусу – Нетаньяху үчүн «STOP» белгиси

397
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Иран-Саудия жакындашуусу – Нетаньяху үчүн «STOP» белгиси

 Устаз Хамд Табиб – Байтул Макдис

Маалымат агенттиктери жана гезиттер бири-биринен озунуп Иран-Саудия жакындашуусу жөнүндө кабарларды жарыялоодо жана көпчүлүгү мындан таң калган. Айрымдары муну таң калуу менен баяндап жаткан болсо, башкалары бул жакындашуудан ким пайда, ким зыян көрөт деген суроо менен алек.

Бул жакындашуунун маңызы эмне, бул жөнүндө Американын позициясы кандай? Бул ишке Кытай кандай аралашты жана кайсы эшиктен кирди? Иран-Саудия келишими яхудий вужудуна, өзгөчө Нетаньяхуга кандай таасир кылышы мүмкүн?

Бул суроолорго жооп берүүгө үч жактан жандашабыз:

Биринчи: бул келишимдин яхудий вужудуна тийгизген таасири жана араб мамлекеттери менен кызуу уланып жаткан ачыктык жана нормалдашуу темасы.

Экинчи: Кытайдын бул келишимге кириши жана Америка эмне үчүн буга уруксат бергендиги.

Үчүнчү: бул келишимдердин келечеги жана Америка региондогу анын саясаты колдоо табышы үчүн бул келишимдерден пайдаланышы.

Биринчи жактан сөз кыла турган болсок, байкоочуга сыр болбогондой, яхудий вужуду араб мамлекеттери менен жакшы мамиле баштоодо заманды артта калтырууда. Эмираттар жана Бахрейн сыяктуу айрым мамлекеттер менен эбак эле келишимдерди түзүп алган. Бул жылы Саудия менен келишим түзүүгө даярданып жаткан, Нетаньяху азыркы өкмөтү доорунда бул нерсени ишке ашырууга жана ушул аркылуу өзүнүн саясий атаандаштарын артта калтырууга умтулуп жаткан. Бирок, Саудиянын Иран менен түзгөн келишими Нетаньяху өкмөтү жана анын саясаты үчүн шапалак болду жана анын өкмөтүн кулатууга аракет кылып жаткан атаандаштары сыяктуу саясий оппозиция үчүн жеңиш болду. Себеби, бул ийгиликсиздиктин жоопкерчилиги Нетаньяхуга жүктөлүп жатат. Анткени, Нетаньяху Иран маселесинде коркутуу позициясын карманат о.э. америкалык саясатчы жана ортомчулар (израилге) келгенде алар менен жаңжалдашып-тартышты жана бул жагдай ушул ийгиликсиздикке себеп катары көрсөтүлдү.

Экинчи жакка келсек, Кытайдын көзөмөлү астында бул Иран-Саудия жакындашуусу. Түпкүлүгүндө, мунун артында ким турат, Америка анын саясий таасири астындагы региондордо Кытайга мындай чоң ишти жасашына эмне үчүн уруксат берди?! Иран өз саясатында Американын алкагынан чыкпайт. Бул нерсе Ирандын көптөгөн позицияларынан жана ирандык саясатчылардын бир катар билдирүүлөрүнөн далилденген. Иран Америкага Афганистан жана Ирактагы согушта жардам берди жана козголоңду жок кылуу үчүн Сирияга кирди. Ушул көз караштан айтсак, Иран-Саудия жакындашуусу Американын каалоосунун алкагында болуп жатат о.э. Американын региондогу саясатынын багытына таасир кылбайт. Себеби, эки мамлекет тең – Иран жана Саудия – америкачыл болуп, тышкы саясатта Американын каалоосунан, багытынан жана көрсөтмөлөрүнөн чыгышпайт. Демек, бул жакындашуу Американын макулдугу жана көзөмөлү астында болууда. Болгону кыйыр түрдө болуп жатат. Кыйыр түрдө болуп жатканынын себеби – Америка өзүн Иранга душман кылып көрсөтүүдө. Албетте, бул Америка региондо Иран үчүн өзү каалаган жүз-көрүнүштү берүү максатында кылып жаткан жалган жана адаштыруу. Мунун жалгандыгын Ирандын мурунку жана азыркы бир катар позициялары ырастап турат. Мисалы, АКШ 2003-жылы Иракка каршы согуш баштады жана 2005-жылы т.а. Америка баскынчылыгы күчүнө чыкканда Иран тышкы иштер министри Камал Харазий Багдадга сапар кылып, премьер-министр Жаъфарий менен жолугушту. Эки тарап Америка баскынчылыгына каршы күрөшүп жаткан каршылык кыймылынын операцияларын каралап, аны «Ирактагы террорчулук» деп аташты! Афганистанда да ушундай болду. Иран президенти 2010-жылы АКШ баскынчылыгы учурунда Афганистанга сапар кылып, Американын кызматкери Карзай режимин колдоп-кубаттады.

Демек, Америка өзүнүн эли жана токтом ээлери алдында бул сыяктуу келишимге ачык бара албайт. Себеби, бул Американын адамдарды адаштыруу үчүн Иран жөнүндө айтып жаткан элеске тескери. Анткени, ал Араб мамлекеттериндеги, өзгөчө Фарс булуңундагы өзүнүн саясий максаттарына жетүү үчүн Иранды мокочо кылып көрсөтөт. Ошондуктан, Америка бул келишимди кыйыр түрдө аткарууда. Бирок, Америка эмне үчүн анын таасири астындагы маанилүү региондо дал ушул Кытайга мындай маанилүү маселени берип жатканына келсек, Америка Кытайга карата коркутуу жана кызыктыруу саясатын жүргүзүүдө. Америка Кытайга кээ бир иштерди тапшырып же ошол иштерди ишке ашырышына жол берүүдө, мисалы, Саудия менен экономикалык келишим түзүшү же 2022-жылы айрым Фарс булуңу мамлекеттери менен экономикалык келишимдерди түзүшү сыяктуу. Негизи, Кытай менен келишим түзгөн бул мамлекеттер Саудия сыяктуу Америкага байланган же Катар жана Эмираттар сыяктуу анын көлөкөсүндө аракет кылган мамлекеттер. О.э. бул келишимдерге Саудия менен Кытай ортосунда түзүлгөн стратегиялык кызматташтык келишимин мисал кылса болот. Америка бул сыяктуу келишимдерден Кытайды Россияда, Украинада жана башка аймактарда кызыктырып, аны башка маселелерде моюн сундуруп алууда пайдаланат. Муну менен бирге, Араб мамлекеттеринин жаман абалы себептүү Америка Кытай аркылуу ал жердеги малайларына экономикалык кислород берүүдө. Себеби, Американын өзү да экономикалык кризистерде жашап жаткандыктан малайларын колдоп-кубаттай албай жатат. Коркутуу, кызыктыруу, кээ бир саясий, экономикалык жана аскерий миссияларда башкаларга таянуу саясаты – Американын ири мамлекеттерге карата саясат ыкмаларынын бири.

Жогоруда биринчи жакта айтып өткөнүбүздөй, бул жакындашуунун эң маанилүү тарабы яхудий вужудуна байланыштуу. Айрыкча, бүгүнкү күндө жаңы яхудий өкмөтү Фалестиндин ичинде жана сыртында чектен чыккан кылмыштары менен Американы кабатырга салууда. Ошондуктан, Америка бул өкмөттү кулатуу туура деген пикирге келди, муну яхудий оппозициячыл саясий жана аскерий партиялардын колу менен, оппозицияны күчөтүү аркылуу ишке ашырмакчы. Нетаньяху өкмөтү яхудийлер оппозицияны колдобошу үчүн бир катар аракеттерди жасап, алардын көңүлүн өзүнө тартууга урунду, бирок, жүзөгө чыгара албады. Жүзөгө чыгара албаганы үчүн Иранга басым кылуу жана коркутуу о.э. Америка менен Европанын яхудий өкмөтүнө карата саясатына нааразылык билдирүү жолуна өттү. Америка Нетаньяху бул кризистен Иранга сокку берүү аркылуу чыгууга катуу аракет кылып жатканын көрдү, ошондуктан Иран-Саудия келишимдери түзүлүшүнө жашыл чырак жандырды. Себеби, ушундай болсо, Нетаньяху өкмөтүнүн кризистен чыгышына тоскоолдук коюлат жана Нетаньяху өкмөтү Американын каалоо жана саясатына каршы аракет кылууну уланта берсе, өзүнүн кулоосун өзү тездеткен болот.

Биз ачыктамакчы болгон акыркы нерсе – бул келишимдердин келечеги. Иран-Саудия жакындашуусу Фарс булуңу мамлекеттерин да ушундай жолду жолдоого үндөйт. Негизи, алардан айрымдары бул жакындашууну алкыштады. Мындай абал Нетаньяхунун итаатсыз өкмөтүнүн иштерин дагы да орчундатат, ошол эле учурда, келечекте ар кандай яхудий жаңы өкмөтү Америка менен жакшы кызматташа турган, Иран менен жакшы мамиледе боло турган жана Араб мамлекеттеринин аскерий күчтөрү ядросун жаратууга жардам бере турган өкмөткө айланышына жол ачууда. Белгилүү болгондой, Америка өз өкүмдарлыгын дагы да бекемдөө жана анын өкүмдарлыгына кооп туудурган ар кандай коркунучту алдын алуу максатында Араб мамлекеттеринин аскерий күчтөрү ядросун түзүүнү пландаштырууда.

Тыянактап айтсак, мамлекеттердин өлчөөсүндө бул яхудий вужуду эч кандай кадыр-кыйматка ээ эмес жана бирөөнүн жардамысыз жеке өзү туруктуу жашай албайт. Эгер, ири мамлекеттердин саясатына итаатсыздык кылмакчы болсо, кырсыктуу ийгиликсиздикке учурайт. Мусулман өлкөлөрүндөгү учурдагы режимдерге келсек, алар – кафир мамлекеттердин колундагы куурчактар. Кафир мамлекеттер аларды каалаганча ойнотуп, бул куурчактар эч бир иште аларга итаатсыздык кылышпайт. Бул болсо, Ислам Умматына мына ушундай рувайбизалар себептүү өтө чоң мусибатта жашап жатканын эске салат.

Аллах Тааладан батыраак мусулмандар башындагы мындай өкүмдарларды жок кылышын жана Ислам Умматына анын күч-кубатын, улуулугун кайтарып алып бере турган роббаний бир өкүмдар менен сыйлашын сурайбыз, Аллахумма аамин.

 

Роя гезити, №435, 2023-жыл, 22-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here