Рамазан хилалын көрүп орозону баштоо, шаввал хилалын көрүп айттоо жаатындагы исламий рай

955
0

Рамазан хилалын көрүп орозону баштоо, шаввал хилалын көрүп айттоо жаатындагы исламий рай

 Суроо:

Камарий айлардын башында айды көрүү маселеси ар жылы рамазанда бул жердеги мусулман диаспорабызда козголот… Рамазан башталганын далилдөө үчүн көз менен көрүүнүн ордуна астрономиялык эсептөөлөрдөн пайдалануу жөнүндөгү кеп-сөздөргө карата биздин мамилебиз кандай? Ал маржух райбы же мардуд т.а. батыл райбы? Башкача айтканда, ал үчүн бирер шибхи далил барбы же жокпу? Эгер ал – мен түшүнгөндөй – мардуд раъй болсо, бул раъйга ээрчигендердин кармаган орозосунун өкүмү эмне болот? Белгилүү болгондой, бул жерде Австралияда жана башка Батыш мамлекеттеринде бул раъйга ээрчип жаткан бир нече адамдар бар жана алардын саны көбөйүп барууда.

Дагы бир нерсе, эгер орозо кармаган киши көз менен көрүүгө тескери иш кылганы өзүнө айкын болуп калса, ал эмне кылат? Мында ал үчүн бирер оордук болбойбу? Биз талкуулашкандардын биринин айтышынча, айды көрүүгө таянып орозо кармоо амалий иш эмес имиш, себеби – дейт ал – айды көргөнү чыгышат, бирок, аны көрө алышпайт же көрүлгөнү жөнүндө ихтилаф кылышат, бул болсо, дагы бир проблемага себеп болот! Бул маселе жөнүндөгү раъй кандай? Бүгүн эсептөөлөр жаңы ай чыгышын анык белгилеп берүүдө, ал тургай ай көрүнбөгөн тагдырда да аны көрүү мүмкүнчүлүгүн аныктап коюуда. Ошондой болгон соң, намаз убактыларын эсептегенибиздей иш оңой болушу үчүн эмнеге эсептөөлөргө таянбашыбыз керек?

Жооп:

Варид болгон далилдерге ылайык, рамазан орозосун кармоодо айды көз менен көрүүгө таянылат. Андай далилдердин бири ушул хадис саналат:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ، فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозо кармагыла (орозону баштагыла), айды көрүп ооз ачкыла (орозону бүтүргүлө), эгер асманды булут каптап турган болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».

Ал эми, астрономиялык эсептөөлөргө ээрчигендердин далил деп таянып жатышкан нерселерине келсек, аларды бул маселеге далил кылып келтирүү мардуд болуп (четке кагылып), алар бул маселеге туура келбейт. Алар далил катары көрсөтүшкөнүнүн белгилүүлөрү экөө:

Биринчиси: Расул A хадиси:

«إِنَّا أُمَّةٌ أُمِّيَّةٌ، لاَ نَكْتُبُ وَلاَ نَحْسُبُ، الشَّهْرُ هَكَذَا وَهَكَذَا»

«Биз (арабдар) аамий (сабатсыз) калкпыз, жазууну да, эсепти да билбейбиз, ай болсо баланча, баланча болот». Бухарий.

Бул хадисте муфхам васф – «أمية аамий» сөзү мафхумга амал кылууну талап кылган иллет экенин түшүндүрөт т.а. эгер аамий калк болбогонубузда албетте эсепти иштеткен болот элек… деген мафхум –  бар болсо да, бирок, усулда белгилүү болгондой, бул нерсе сахих эмес. Бул мафхум бекер кылынат (ага амал кылынбайт), себеби «أمية аамий» васфи үстөм орунга чыгып калды. Арабдардын көпчүлүгү аамий болгон. Мындан сырткары бул мафхум нас менен бекер кылынган:

«فَإِنْ غُمَّ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا الْعِدَّةَ ثَلاَثِينَ»

«Эгер, асманды булут каптап турган болсо, анда санакты толук отуз кылгыла» (Бухарий). Аны менен бирге бирер чектөө айтылбады. Т.а. эгер булут, же жаан, же көрүүгө тоскоолдук кылган бирер нерсе себептүү айды көрүүгө мүмкүндүк болбосо, анда, ал тургай ай чыгып, бирок, аны булут тосуп турган болсо да, шаръий өкүм айды толук отуз күн кылып белгилөөгө буйруйт. Ушуга ылайык, хадис мантукуна амал кылынат, анын мафхуму болсо бекер болуп калат.

Көп абалда мафхумга амал кылуу шарттарында колдонулуучу нерсе мына ушундай. Эгер, ал үстөм орунга чыкса, же аны бирер насс бекер кылса, ал бекер болуп калат (ага амал кылынбайт). Аны бекер кылуучу наска мисал:

Ÿwur} (#þqè=çGø)s? öNä.y‰»s9÷rr& spu‹ô±yz {9,»n=øBÎ)

«(Эй инсандар), балдарыңарды жокчулуктан коркуп өлтүрбөгүлө, аларга да, силерге да Биз Өзүбүз ырыскы беребиз. Аларды өлтүрүү, шек-күмөнсүз, чоң ката»                                       [17:31]

Бул аяттагы «خشية إملاق кембагал болуп калуудан коркуп» сөзү муфхам васф болуп, ал үстөм орунга чыгып алган. Себеби, арабдар кембагалдыктан коркуп балдарын өлтүрүшөт эле. Кийин бул мафхум ушул:

`tBur} ö@çFø)tƒ $YYÏB÷sãB #Y‰ÏdJyètG•B ¼çnät!#t“yfsù {ÞO¨Yygy_

«Ким атайылап бир момунду өлтүрсө, анын жазасы тозок, ошол жайда түбөлүк калат» [4:93]

деген аят менен да бекер кылынган. Ошондуктан, бул мафхум бекер болуп калат, «балдарды кембагалдыктан коркуп өлтүрүү арам, ошондуктан, бай болуп туруп баланы өлтүрүү адал болот» делбейт! Тескерисинче, баланы өлтүрүү эки абалда тең арам, кембагалдыктан келип чыгып өлтүрөбү же байлыктан келип чыгып өлтүрөбү, айырмасыз, арам. Буга:

Ÿw} (#qè=à2ù’s? (##qt/Ìh9$# $Zÿ»yèôÊr& {Zpxÿy軟ҕB

«Эй момундар, (берген карызыңарды) бир нече эсе кылып алуу менен сүткордук кылбагыла! Аллахтан корккула! (Ошондо) балким, нажат табарсыңар»                                                    [3:130]

деген аят да мисал болот. Себеби, «أضعافاً مضاعفة бир нече эсе» сөзү муфхам васф болуп саналат. Ал да үстөм ордуна чыгып калган. Себеби, арабдар бир нече эсе риба алышат эле. Кала берсе бул мафхум:

¨@ymr&ur} ª!$# yìø‹t7ø9$# tP§ymur {(#4qt/Ìh9$#

«Аллах соооданы адал, сүткордукту арам кылган»                                                                 [2:275]

деген аят менен бекер кылынган. Ошондуктан, бул мафхум бекер болуп калат. Демек, «көп пайыздуу риба – арам, ал эми, аз пайыздуу риба – жайиз» деп айтылбайт. Тескерисинче, риба – анын көлөмү көп болушуна карабастан – арам. Себеби, «أضعافاً مضاعفة бир нече эсе» мафхуму – айтып өткөнүбүздөй – бекер болуп калган (ага амал кылынбайт).

Демек, «أمية аамий» сөзүнүн мафхуму – баян кылып өткөнүбүздөй – бекер болуп калган. Т.а. эгер, булут же жамгыр себептүү айды көз менен көрүүнүн мүмкүнчүлүгү болбосо, анда, айды толук отуз кылып аягына жеткирүү важиб болот, эсепти билебизби же билбейбизби, мунун айырмасы жок.

Экинчи: “алардын намаз убактылары эсепке таянылат го, демек, орозо убагы да эсепке таянылат” деген сөздөрүнө жооп төмөнкүдөй:

Орозо жөнүндө варид болгон настарды күзөткөн киши алар намаз жөнүндө варид болгон настардан айырмаланышын байкайт. Себеби, орозо жана орозодон чыгуу көз менен көрүүгө байланыштуу кылып коюлган.

`yJsù} y‰Íky­ ãNä3YÏB tök¤¶9$# {çmôJÝÁuŠù=sù

«Демек, силерден ким бул айга күбө болсо орозо кармасын»                                                 [2:185]

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ»

«Айды көрүп орозо туткула жана айды көрүп орозодон чыккыла». Демек, көз менен көрүү. Бирок, намаз жөнүндөгү настар убакыттын болушуна байланыштуу кылып коюлду.

ÉOÏ%r&} no4qn=¢Á9$# Ï8qä9à$Î! {ħôJ¤±9$#

«Күн оошу менен намазды толук аткаргын»                                                                              [17:78]

«إِذَا زَالَتْ الشَّمْسُ فَصَلُّوا»

«Эгер күн оосо намаз окугула». Демек, намаз убакытка байланыштуу кылып коюлду. Ошондуктан, кайсы каражат менен убакыттын болгонун билсең намаз окуй бересин. Мисалы, чак түштөн өткөн убакытты билүү үчүн күнгө карайсың, ар бир нерсенин көлөкөсү ал сыяктуу же анын эки эсеси болгонун билүү үчүн көлөкөсүнө карайсың. Булар намаз убактылары жөнүндөгү хадистерде келген. Эгер, ушуну аткарып, ишеничиң бекем болсо намаз сахих болот. Эгер муну кылбай, астрономиялык эсеп кылып, мисалы, чак түштөн өткөн убакыт баланча саат экенин билип, күндү же көлөкөнү карап олтурбай саатыңа карасаң да намаз сахих болот. Т.а. намаз убагы болгонун ар кандай каражат аркылуу билсең намаз сахих боло берет. Эмнеге? Себеби, Аллах Субханаху намазда убакыт киришин талап кылды, анын киргенине ишенич пайда кылууну сага берди, ишенич пайда кылуунун эч кандай абалын белгилеп бербеди. Ал эми, орозо туурасында айды көрүп орозону кармоону талап кылды, ошондуктан, сага сабабды белгилеп берип эле калбастан, мунун үстүнө эгер булут тосуп калып айды көрө албасаң – ал тургай, ай булут артында бар болсо да жана сен анын бар экенине астрономиялык эсептөөлөр менен ишеним пайда кылган болсоң да – орозо кармабоону айтты.

Ушул маселедеги биздин райыбыз мына ушундай. Демек, орозону кармоону жана рамазандан чыгууну белгилөөдө астрономиялык эсептөөлөр жайиз болбойт, шаръий көрүү важиб.

  • – Эми астрономиялык эсептөөлөр боюнча орозо кармагандардын орозосу эмне болот деген суроого келсек, эгер алар айды көрүп рамазандан деп эсептелген күндөрдө орозо кармашкан болсо, ал сахих орозо. Ал эми, эгер көз менен көрүүгө ылайык рамазандын бирер күнүн өткөрүп жиберишкен болсо, алар андан жоопкер болушат жана анын казасын кармап берүүлөрү важиб болот.

Биз канааттанып адамдарга мына ушул нерсени баян кылып жатабыз. Биз аларды өзүбүздүн райыбызга мажбурлай турган бир «таякка» ээ эмеспиз, биз аларга бул райды жакшы ыкма, жакшы хикмат менен гана баян кылып жатабыз. Биз бул маселени кагылышуу, карама-каршылык катары карап жатканыбыз жок, ийри сызыктын жанында түз сызыкты сызып берүүдөбүз. Аллах Субханахунун Өзү туура жолго хидаяттоочу.

  • – “Айды көрүү жолун кармануу маселени татаалдаштырып коёт, себеби, бири ай аягында орозо кармаса, башкасы бүгүн айт деп чыгат, бири рамазандын биринчи күнү орозо кармабаса, башкасы келип ай көрүндү, бүгүн рамазан деп айтат, ошентип, бул иш татаалдашат” деген кеп-сөзгө келсек, буга жооп төмөнкүдөй:

Бул тема башкасына караганда жеңилирээк. Себеби, мусулман айды көрүү боюнча маалыматына таянып орозо тутат жана орозодон чыгат. Мисалы, ал ай көрүлбөдү деген маалыматына ылайык орозо кармаса же орозодон чыкса, ошондон кийин ага бирөө келип ай көрүнгөнүн сахих билдирүү менен билдирсе, ага ээрчиши важиб болот. Анткени, бул, Расулуллах A хадиси менен сабит болгон. «Ансарлардан болгон бир жамааттан төмөндөгү риваят кылынды: «Бизге шаввал айы көрүнбөй калды, ошондуктан, орозо тута бердик. Күндүздүн аягында бир кербен келип, кече айды көрүшкөнү жөнүндө Набий A алдында күбөлүк беришти. Ошондон кийин Расулуллах A орозодон чыгууну, эртеңден айтка чыгууларын буюрду». (Ахмад).

Өтмүштө ай көрүлгөнү жөнүндөгү кабардын башка жайга жетиши оңой болбогон. Бул абалды Расул A менен жүз бергенин күзөтүү мүмкүн. Себеби, көрүлгөнү жөнүндөгү кабар Расул Aга күндүз убагында жетип келди. Расул A жана Мадинадагы мусулмандар айды көрүшпөгөндүктөн орозо кармап алышкан эле. Келген кербендегилер Расул Aга ай көрүнгөнү жөнүндө кабар беришкен соң Расул A мусулмандарга орозодон чыгууну буюрду жана ошол күн рамазандын акыркы күнү болду. Демек, Расул A Мадинада ай көрүнбөгөнү үчүн орозо кармап, ай санагын толук жеткирди. Пайгамбарыбызга ай башка жайда көрүнгөнүнүн кабары келген соң Пайгамбарыбыз орозодон чыгууну буюрду. Себеби, ошол күн шаввал айы эле т.а. рамазан санагын толук жеткирүү болбой, айт эле.

Бул болсо оңой. Себеби, ар бир регион айды көрмөкчү болуп аны издейт. Эгер аны көрбөсө жана башка жайда көрүнгөнү жөнүндө сахих кабар келбесе орозо кармайт же орозодон чыгат. Эгер көрүлгөнү жөнүндө кабар келсе мына ушуга таянышы важиб болот. Себеби:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِه…»

«Айды көрүп орозо кармагыла…» хадиси баарына хитаб болот.

Эми сиздин: алар «амалий иш эмес» дешет, деген сөзүңүзгө келсек, эмнеге ал амалий эмес экен? Австралия калкы шаввал айын издеп аны көрүшпөсө жана аларга анын башка жайда көрүлгөнүнүн кабары келбесе орозо кармашсын. Эгер, кабар аларга күндүзү келсе Расулуллах A кылгандай орозодон чыгуулары важиб болот. Себеби, мына ушул күн айт болот… Кала берсе, азыр кабарлар оңой жетип келет… Ошондуктан, амалий эмес деген сөз негизсиз, далилсиз сөз. Ал ибадатта акыйкатты издеген мусулман үчүн хужжат болбойт.

Эми, эсептөөлөр айдын чыгышын анык белгилей алат деген сөзгө келсек, бул туура. Бирок, айды көрүү мүмкүнчүлүгүн берет деген сөз туура эмес. Себеби, астрономдор күн батып бара жатканда айдын көрүнүшү туурасында убакытты ар түрдүү белгилешет. Ошондой болсо да, биз айдын чыгышынын акыйкаты менен эмес, аны көрүү менен орозо кармайбыз жана орозодон чыгабыз. Расулуллах A бизди ушуга буюрган:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ، فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозо туткула (орозону баштагыла), айды көрүп ооз ачкыла (орозону бүтүргүлө), эгер асманды булут каптаган болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла». Себеби, рамазан айы бар болушу, бирок, булут тосуп турганы себептүү көрүнбөй калышы мүмкүн. Ошондо биз бул хадиске ылайык санакты толук жеткиребиз. Демек, орозо кармоонун далилдеринде келгендей айды көрүү важиб. Эгер, орозо убакыты намаз убакыты сыяктуу көрүү менен шарт кылынбаганда, ошондо убакытты эсеп менен белгилөө туура болот эле. Бирок, орозонун далилдери көрүүнү негиз кылып келди. Намаздын далилдери болсо көрүү шарт кылбай, убакыт болгонуна ишеним пайда кылууга байланыштуу болуп келди.

«إِذَا زَالَتْ الشَّمْسُ فَصَلُّوا»

«Эгер күн оосо намазды окугула…». Биз муну жогоруда баян кылдык.

20-рамазан, 1433-х.

8-август, 2012м-

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here