Орусия аскерге электрондук жол менен чакыра баштады

1573
0

Орусия аскерге электрондук жол менен чакыра баштады

         Орусиянын президенти Владимир Путин 14-апрелде аскерге электрондук жол менен чакырган мыйзамга кол койду. Мыйзамга ылайык чакыруу “Мамлекеттик кызмат көрсөтүү” порталына жайгаштырылган күндөн тарта тапшырылган болуп эсептелет. Бул бардык аскерге жарактуу адамдарга тиешелүү эреже катары саналат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

         Мыйзам долбооруна ылайык, “чакыруу тапшырылды” деген күндөн тарта аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү жаран чет өлкөгө чыгарылбайт. Чакыруу алган жаран 20 күн ичинде өз ыктыяры менен жергиликтүү аскердик комиссариатка келбесе, анда кошумча чектөөлөргө туш болот. Мисалы, ал жаранга кыймылсыз мүлкүн сатууга же сатып алууга, жеке ишкер катары катталууга, насыя алууга тыюу салынат. Анын айдоочулук күбөлүгү да чектелет.

         Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматка таянсак, 2022-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында дээрлик 10 632 кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган. Отуз жыл ичинде Орусиянын жараны болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 650 миңден ашкан. Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда жашап-иштеп жүрөт.

         Борбор Азия чөлкөмүндө Орусиянын паспортун алгандардын сап башында Тажикстан турат. Алты ай ичинде 74 160 тажикстандык, 21 647 казакстандык, 13 099 өзбекстандык, 1 549 түркмөнстандык атуул Орусиянын жарандыгын алган.

         Аталган мыйзамдын мигранттарга жана орус жарандыгын алган Орто Азиялыктарга каратылганы талашсыз. А түгүл, аскер таңкыстыгын азайтуу үчүн Орусия жарандык алууну да жеңилдетти.

         Белгилүү болгондой, Орусиянын ар кандай катаал шарттарынан улам, Борбор Азиядан барган мигранттар бул өлкөнүн жарандыгын алууга мажбур болушкан. А бирок, ондогон мигранттардын Украинадагы согушта курман болгону күбөлөгөндөй, учурда орус жарандыгын алгандар оор абалга кептелип отурат. Анткени, аскердик чакырууга барса согушта курман болуу коркунучу бар. Өз өлкөлөрүнө кайтайын десе дезертир катары камоо коркунучу күтүп турат.

         Ал эми, Путиндин бийлиги Украинадагы согуштун кесепеттеринен кутулуунун жолун таба албай убара. Анткени, буга чейин орус армиясы эл аралык деңгээлде күчтүү болуп көрүнгөн. Бирок, Киев жана Харковдун жанында, кийин Херсондо Орусия армиясынын жеңилиши анын алсыздыгын ачыктады. Батыштын Украинаны үлкөн курал-жарак менен камсыздоосу дагы да алсыратууда. Экономикасы болсо, башынан эле алсыз болчу. Буга кошумча, Батыш Орусияны эл аралык деңгээлде изоляция кылуу аркылуу экономикасына дагы да сокку урууда. Мындан тышкары, Орусияда согушка карата коомдук пикир бирдиктүү эмес. Тескерисинче, мобилизация жарыялангандан тарта көптөгөн орусиялыктар чет өлкөлөргө качып чыгып кетишти. Ал эми, өзүнө союздаш катары эсептеп келген Кытай Орусиянын баткакка батып баруусун көргөндөн кийин андан алыстоо аракетин кыла баштады. Мунун баары Орусиянын Украинадагы согушта жеңишке жетүү ыктымалдыгы азайып баратканын көрсөтөт. Жогорудагы мыйзам да анын алсыз тарабын гана көрсөтөт. Ал буга чейин басып алган аймактарды коргоп калуунун гана үстүндө ойлонууга мажбур абалда. А түгүл, жакынкы мезгилдер аны согушту токтотуу жолдорун издей баштаганга мажбур кылышы ыктымал. А бирок, Американын Орусияга карата провакациялык аракеттери аны бул ыктымалдан карманууга аргасыз кылып жатат.

         Жыйынтыктап айтканда, Борбор Азиядан барган мусулмандар бул державалардын таасир талашуу күрөшүндө курмандыкка айланып калбоо үчүн согушка катышпоонун жолдорун издөөсү керек. Ансыз шарий жактан да, саясий жактан да өздөрүнө каршы амал кылган болуп калышат. Мындай акыбеттен Алла асырасын!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here