Эрдоган ифтарлык программасында Түркиянын жаңы жүз жылы тууралуу сөз кылды
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган президенттик академиянын көргөзмөлөр залында жер титирөөдөн жабыр тарткандарга ифтарлык программасын уюштурду. 27 депутат да катышкан программада сөз сүйлөгөн Эрдоган ушул ифтарлык программасы 85 миллиондук Түркия калкынын биримдиги жана ынтымагынын символу экендигине ишенерин билдирди.
Президент Эрдоган алты кылым өкүм сүргөн Усманий мамлекети тарых сахнасынан четтегенден кийин түзүлгөн Түркия мамлекети “республиканын” биринчи жүз жылдыгын артта калтырганын белгилеп: “Республикабыздын биринчи жүз жылы бийиктөө жана төмөндөөлөр менен өттү. Биз бир партиялуулук доорунан көп партиялуу саясий жашоого өтүүнү, андан кийинки төңкөрүштөрдү, бир катар меморандумдарды, демократияга жана өнүгүүгө умтулууларды, экономикалык кыйынчылыктарды жана террордук чабуулдарды башыбыздан өткөрдүк. Бүгүн биз Түркиянын биринчи жүз жылын артта калтырып жатабыз. Ал эми, бул – мындан кийин умтулуп жатканыбыз республикабыздын жаңы экинчи жүз жылы үчүн коюлуп жаткан биринчи кадам болуп эсептелет. Бүгүнкү күнгө чейин “2023-жылдагы” максаттарыбызга жетүү үчүн алдыга умтулдук. Мындан кийин Түркиянын жаңы жүз жылын көздөй кадам таштайбыз”, “Бизди эч кандай тоскоолдуктар токтотуп калышына жол бербейбиз. Келечекте мамлекетибизди дүйнөдөгү экономикасы күчтүү 10 мамлекеттин катарына кошуу максатыбызды көздөй, Аллахтын изни менен, алдыга чечкиндүү кадамдарды таштайбыз”.
Комментарий: Президент Эрдоган бүгүнкү күнгө чейин айлакердик менен ишке ашырып келген “Түркиядагы мусулмандардын коюнун куру жаңгакка толтуруу” ишин эми тез-тез тилге алып жаткан “Түркиянын жаңы 100 жылдыгы” урааны менен улантканы жатат. Негизи, Халифалык мамлекети кулатылып, Түркия “республика” деп жарыялангандан бери Түркиядагы эле эмес, бүт дүйнөдөгү мусулмандардын башына эмне деген гана балээлер түшпөдү. Мына ошентип, Ислам дүйнөсү жакырчылык, караңгылык, алсыздык, артта калгандык, ижтимаий кризис жана батышка көз карандылык сыяктуу илдеттер айлампасында калганына жүз жыл болду. Негизи, Ислам цивилизациясы кылымдар бою дүйнөнү нурга толтурган жана кол алдындагы өлкөлөрдү өнүктүрүп, илим-билим жана маданият кеңири жайылышына себепкер болгон эле. Бүгүнкү күндө Халифалык мамлекети эшик кагып турган бир учурда, Эрдогандын “Түркиянын жаңы 100 жылдыгы” деп жар салышы, кожоюндарынын кызыкчылыгынан келип чыккан абалда өз мансабын сактап калуу үчүн Үммөттү курмандыкка чалуудан башка нерсе эмес.
А бирок, Ислам Үммөтүнө каршы кылынып жаткан бул аракеттер, инша Аллах жокко чыгат. Себеби, бул Үммөт күн өткөн сайын ойгонуп, өздүгүн таанып бараууда. Адилеттүүлүк көзү менен караган киши Ислам Үммөтүнүн көзү ачылып калганын көрөт. Бул Үммөт караңгылык жана кордукта дагы 100 жыл тентиреп жүрүүгө таптакыр ыраазы болбойт. Мисалы, Сирияда 10 жылдан ашык убакыт кыргын кылынса да, бул Үммөт кайра эле Шарият менен жашоону талап кылып чыгууда. Халифалык мамлекети көлөкөсүндө жашоо арзуусу Үммөттүн тилине көчүп өттү. Бул жана буга окшогон абалдар о.э. батыштын саясий Исламдын ойгонушу коркунучунан тынымсыз эскертиши Ислам Үммөтү өздүгүн таанып бара жатканына ачык-айкын далил болот.
Болгону, Ислам Үммөтүнүн азиздигин кайрадан тикелөө Исламдын өзүнө хос бирдиктүү башкаруу түзүмү болгон Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана ишке ашарын түшүнүп коюшубуз керек. Демек, мусулмандардын алдында турган эң маанилүү милдет – бул Үммөткө тирүүлүгүн кайтарып бере турган Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылуу.
Зохид Заргар
buy generic lasuna for sale – lasuna for sale online buy himcolin online cheap
order besivance sale – buy carbocysteine tablets cheap generic sildamax
mobic for sale online – buy meloxicam without a prescription buy ketorolac generic
order cyproheptadine 4 mg online cheap – order cyproheptadine 4mg generic order tizanidine pill
betamethasone 20 gm canada – monobenzone generic buy monobenzone sale