Францияда талаштуу пенсия реформасы жарым-жартылай кабыл алынды

1511
0

Францияда талаштуу пенсия реформасы жарым-жартылай кабыл алынды

         Францияда талаштуу пенсия реформасы тууралуу мыйзам долбоору Конституциялык Кеңеш тарабынан жарым жартылай жактырылды. Пенсия курагын 62 жаштан 64 жашка жогорулатуу тууралуу кабыл алынган мындай чечим, өлкө боюнча калктын нааразылыгын күчөтүүдө. Мындан улам, Париж жана башка шаарларда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан улам 80 адам камакка алынып, 76 полиция жараат алды.

         Францияда 3 айдан бери талкууланып жаткан пенсия реформасы конституцияга ылайык же каршы келүүсүн аныктаган Конституциялык Кеңеш аны жарым-жартылай туура келет деп аныктады. Бул өз кезегинде президент Макронго реформаны ишке ашыруусуна жол ачмакчы.

         Белгилүү болгондой, капитализмдин пайдага негизделген акыйдасы жеке адамдарга көңүл бурат. Башкача айтканда, мамлекетке салыкты көп төккөн жана жумуш орундарын камсыздаган ишкерлер маанилүү. Ал эми пенсионерлерге окшогон алсыз катмар мамлекет үчүн ашыкча жүк болуп эсептелет. Ошондуктан, Батыш өлкөлөрүндө соцфонд сыяктуу мекемелер жеке адамдардын колуна тапшырылган. Мындай абалда капиталисттик мамлекет жоопкерчиликтен кутулуу менен бирге бюджетти да үнөмдөйт. Айрыкча, пандемия учурунда Батыш өлкөлөрүндө пенсионерлер салык жана медициналык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөгөндүктөн, эч кандай медициналык жардамдар көрсөтүлбөй топ-тобу менен курман болгонуна да күбө болдук.

         Мунун каршысында Ислам бардык проблемага адамдын көйгөйү деген назар менен карайт. Мунун мааниси, Ислам бир эле учурда экономикалык маселени чечүү менен катар анын социалдык, саламаттык ж.б көйгөйлөрүнө да туура чечим берет. Ошондуктан, адамдарды улгайган же жаш дебестен мамлекет негизги муктаждыктарын камсыздайт. Мына ушул система гана бүгүнкү коомдогу социалдык проблемаларды түп тамырынан чечет. Ал эми капитализм проблемага экономикалык маселе катары карагандыктан, убактылуу жамачы салуудан ары өтпөйт! Башкача айтканда, бул реформа менен бюджетти үнөмдөөсү, экинчи тараптын муктаждыгын күчөтүп, жакыр катмардын сабын дагы да калыңдатат. Бул болсо капитализмдин табигый көрүнүшү болуп эсептелет!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here