Лавров: Россия, Өзбекстан жана Казакстан газ союзу активдүү талкууланууда

1322
0

Лавров: Россия, Өзбекстан жана Казакстан газ союзу активдүү талкууланууда

 Кабар: РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия, Казакстан жана Өзбекстан союз түзүү маселесин активдүү талкуулап жатканын билдирди.

 Россиянын тышык иштер министри Сергей Лавров Самаркандда болуп өткөн брифингде: “Казакстан, Өзбекстан жана Россия ортосундагы газ союзу бардык катышуучулар үчүн пайдалуу”, –  деди.

 “Үч мамлекет ортосунда, анын ичинде  президенттер деңгээлинде, энергия коопсуздугун бекемдөөгө мүмкүнчүлүк бере турган ушул кең көлөмдүү долбоорду талкуулоодо алдыга жылыш бар. Бул жерде бардыгы үчүн пайда бар, себеби газ жеткирип берүүчүлөр бар. Бу маселеге кызыккандар да бар.Тараптар транзиттин шарттары жана баалары боюнча келишип алышса, бардыгы утушка ээ болушат”, – деди Сергей Лавров.

 Ал мындан тышкары “КМШ министрлер кеңешинин жыйынында газ союзу маселеси талкууланбанын, себеби анын КМШга түздөн-түз тиешеси жоктугун” айтты.

 Комментарий: Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кайрадан президенттикке “шайлангандан” кийин анын чет өлкөгө алгачкы сапары Москвага болду. Ошол сапардын алкагында РФ президенти Владимир Путин Россия, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда “үч тараптуу газ союзун” түзүүнү сунуштады. Казакстандын президенти башында бул сунушту карап чыгууга даяр экендигин билдиргени менен, кийинчерээк Казакстан да, Өзбекстан да бул союзга катышуудан баш тарткандыгы тууралуу кабарлар пайда болду.

 А бирок, РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков 2022-жылы 8-декабрда  журналисттерге берген интервьюсунда өзбек өкмөтүнүн атынан жооп берип, Өзбекстан Россиянын “үч тараптуу газ союзун” түзүү идеясынан баш тартканы жөнүндөгү маалыматты четке какты. Анын айтымында, агенттик туура эмес маалымат берген.

 “Биз эмне деп айтылганын билебиз. Эч ким саясий шарттар акысына газ жөнүндө сөз кылбай жатат. Бул союзду түзүү идеясы контекстинде бул тууралуу сөз жок”, – деди Песков. Ага чейин, РФ премьер-министринин орунбасары Александр Новак 5-декабрда берген билдирүүсүндө: “Биз диалогду улантууга макулдаштык. Биз Өзбекстанга газ жеткирип берүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө даярбыз, себеби Өзбекстанда газды керектөө өсүп жатат жана жакынкы келечекте дагы өсөт. О.э. газ боюнча бул кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар. Техникалык негиздемелер жакын арада иштелип чыгат”, – деген эле.

 Кийинчерээк, РФ президенти Владимир Путин ЕАЭБ саммитинин жыйынтыгы боюнча Бишкекте өткөрүлгөн маалымат жыйынында: “Бардыгы даяр. Биргеликте иштөөнү каалашат, ал тургай биргелешкен инвестицияларга да даяр. Бул жакшы, чоң иш – келечектүү иш. Бул иш башталды, жакшы башталды. Натыйжалар жакшы болот деп ишенем. Азыр Москвага казакстандык жана өзбекстандык кесиптештерим барышат. Миллер (Газпромдун башчысы) да ал жерге барат. Премьер-министрдин орунбасарлары деңгээлинде иш жүрүп жатат”, – деп тыянактаган эле. Эми болсо тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия, Казакстан жана Өзбекстан союз түзүү маселесин активдүү талкуулап жатканын билдирди.

 Россия расмийлеринин – президенти баш болуп – берип жаткан мындай билдирүүлөрү жана комментарийлери Россия Украинадагы согуш себептүү санкция киргизилген газына альтернативдик багыт жана базар – негизинен Кытайга – табуу үчүн аймактагы мамлекеттерге тынымсыз басым өткөрүп жатканын, ал тургай аларга эч кандай тандоо мүмкүнчүлүгүн калтырбай жатканын көрсөтүп турат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here