ҮЧ АЙДА ҮЧ ЖҮЗ МИЛЛИОН

2128
0

Үч айда үч жүз миллион

Финансы министрлигин маалыматына ылайык, 2023-жылдын февраль айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 598,9 миллион долларды түздү. Анын ичинен 4,5 миллиард доллары тышкы карыз, ал эми 1,1 миллиард доллары ички карыз.

Демек, үч айдын ичинде эле мамлекеттик карыз дээрлик 300 миллион долларга көбөйүүдө. Себеби, 2022-жылдын ноябрь айында мамлекеттик карыз 5,3 миллиард доллар болчу. Мамлекет бул карыздарды башка мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан жана банктардан алган. Бирок, алардын ичинен эң ирилери: Кытайдын Эксим Банкы, Азия Өнүктүрүү Банкы, Эл аралык Валюта Фонду, Эл аралык Өнүктүрүү ассоциациясы, Япониянын Эл аралык Кызматташтык Агенттиги. Бул беш кредиторго мамлекеттик тышкы карыздын 85,4 %ы туура келет. Ал эми, эң эле карызыбыз көп тарап – бул Кытайдын Эксим Банкы. Өлкөбүз ага 1,81 миллиард доллар карыз.

Мындай абал албетте кооптуу жагдай жаратат. Себеби, «алгандын – бергени бар, ичкендин – кусканы бар» дегендей, бул карыздар өзгөчө азыркы капиталисттик (неоколонизаторлук) доордо жаман акыбеттерге алып келери анык. Мурунку доорлордо колонизаторлор өлкөлөрдү түздөн-түз басып алчу. Жыйырманчы кылымдын орто чендеринен тарта колониализмдин бул көрүнүшү өзгөрдү. «Эгемендүүлүк шарапаты» менен мурун колония болуп келген көптөгөн өлкөлөр көз карандысыз мамлекеттерге айланышты. Бирок, бул жалган-жасалма эгемендүүлүк болду, алар дагы эле колонизаторлуктун торунда калышты. Себеби, бул «эгемендүү» мамлекет кайсы колонизатор мамлекеттин таасири астында болсо, анын эли ошол колонизатор мамлекетке кул (мигрант) болду, анын кен байлыктарын ошол колонизатор (инвестор) ташып кетти, анын тышкы саясатын колонизатор белгиледи. Колонизатор өз таасирин сактап, кармап туруу үчүн көптөгөн ыкмаларды колдонот. Алардын бири – карыз. Колонизатор улам-улам карыз берип, карыздан кутулгус кылып карызга батырууну көздөйт. Андан тышкары, берилип жаткан бул карыздар экономиканын өзөгүн түзгөн, өнүгүүгө жол ачкан оор өнөр жай үчүн берилбейт. Мамлекетибиздин мисалында алсак, эгемендүүлүк алгандан бери алынган карыздардын чоң бөлүгү энергетика секторуна, жол курууга, бюджетти жабууга иштетилген. Бир четинен бул абал экономиканы өнүктүрүүгө салым кошпосо, экинчиден, карыздар пайыздары менен көбөйүп үлкөн суммага жетти. Мамлекет карыз албаса шал абалга кептеле турган көрүнүш жаралды. Ошондуктан, мамлекет башчыларыбыз кайда барбасын, карыз суроо же карыздын мөөнөтүн узартууну өтүнүү менен алек. Негизи колонизатордун максаты ушул болчу. Себеби, карызга малынган мамлекет ар кандай шарттарды аткарууга даяр болот.

Демек, колонизатор карыз берүүнүн акысына шарттарды коёт. Натыйжада, карызга малынган бийлик өз өлкөсүндө колонизатордун кызыкчылыгын жүзөгө чыгара баштайт. Колонизатордун шарттары ар түрдүү тармактарды камтышы мүмкүн. Маселен, тышкы саясат, мыйзамчылык, экономика тармактары сыяктуу. Алардын негизгиси – экономикалык тармак. Тыгарак айтканда, колонизатор анын продукциялары сатылышы үчүн эркин сооданы жолго коюуну жана анын инвесторлору өлкөдө иш жүргүзүшүнө шарт жаратууну талап кылат. Натыйжада, колонизатордун инвесторлору өлкөнүн кен-байлыгын ээлеп, өз өлкөсүнө ташып кетет.

Жогоруда айтылгандай, өлкөбүз Кытай Эксим Банкына эң көп карыз. Бул карыздардын кооптуулугун а түгүл жаш балдар да түшүнүп турат. Кытай карыздарды берип жатканда кандай шарттарды койгону белгисиз, себеби бийлик ал келишимдерди ачыктабай келет. Бирок, шарттар ачыкталса, жака кармашыбыз турган кеп. Себеби, азыркы өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун ушул сөздөрү ал шарттарга ишарат кылгандай: «Эгер, карызды төлөбөсөк, ЖЭБ, Түндүк-Түштүк жолу, Датка-Кемин долбоорлорун башкаруусу аларга (Кытайга) өтүп кетет».

Кытайдын өлкөбүзгө карыз берген таржымалына карасак, Кытайдын карызы 2008-жылдан баштап кескин көбөйө баштаганы байкалат. Мисалы, 2008-жылы Кытай 9,1 миллион доллар, 2009-жылы 47 миллион доллар, 2010-жылы 151 миллион доллар карыз берген. Кытайдын карызы мурунку президент А. Атамбевдин доорунда абдан көбөйгөн. Бүгүнкү күнгө келип бул карыздын көлөмү 1,81 миллиард долларга жетти. Ошол эле учурда, Кытайдын кредиттери кескин көбөйө баштаган маалдан тарта өлкөбүздө Кытайдын кен казган компаниялары иштерин башташты. Маалымат булактарында көрсөтүлүшүнчө, тоо-кен тармагын иштетүү лицензияларынын 70 %ы кыргыз-кытай биргелешкен компанияларына таандык. Учурда өлкөбүздө Кытайдын үлүшү болгон 111 колмпания иш алып барат, алардын 26сы ири жана орто компаниялардын катарына кирет. Көрүнүп тургандай, өлкөбүздүн эң ири кредитору – Кытай, эң ири инвестору да – Кытай. Байланыш, башкача айтканда экономикалык баскынчылык ачык-айкын эле көрүнүп турат.

Карыз улам көбөйө берсе акыбети өтө кырсыктуу болот. Негизи, мындай абалга жол ачкан жана колонизаторлордун кызыкчылыктарын коргогон нерсе – учурда дүйнө бойлоп колдонулуп жаткан империалисттик капитализм системасы. Бул система бир ууч бай адамдардан дүйнө калкын эксплуатация кылышына, дүйнө калкынын кен-байлактарын талап-тоноосуна жол ачууда. Ошондуктан, ал кулатылмайын мындай адилетсиздик эч качан токтобойт. Ал үчүн биз эң оболу турмуш системасы деген назарда Исламга кайтуубуз кажет.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here