Хиттин жана Айн-Жалут сийратын кайра жандатуу менен тарыхтын алтын барактарында өз атын калтыруучулар барбы?!

833
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хиттин жана Айн-Жалут сийратын кайра жандатуу менен тарыхтын алтын барактарында өз атын калтыруучулар барбы?!

Фалестин режими жана исламий өлкөлөрдүн өкүмдарлары кыянаттык кылып жатышкан бул заманда Фалестин калкы күнү-түнү мубарек жердеги баскынчылар болгон яхудийлердин кыргындары астында калууда. Бул баскынчы вужуд өзүнүн ички кризисинен арылуу үчүн ыкма катары Фалестин калкынын пакиза канын төгүүдөн пайдаланууда. Ошондуктан, кыргын кылып, өлтүрүүдө, кагылышкан майдандарда мужахиддерди да, жихад кылбагандарды да өлтүрүп жатат, андан соң согушта жеңишке жеттик деп мактанышууда.

Мубарек жердин топурагын сугарып жаткан бул пакиза кандар жана эр жүрөк мужахиддер көрсөтүп жаткан сабыр-кайраттуулук Фалестин калкы моюн сунбагандыгына о.э. алар Фалестин администрациясынан, анын кыянатынан жана яхудийлер менен алып барган коопсуздук кызматташтыгынан тажагандыктарына ачык-айкын далил. Бул ыплас баскынчылар менен тынчтык орнотуу жөнүндө сүйлөшүү алып баруунун өзү ушул мубарек топуракка жана анын калкына үлкөн кыянаттык болуп эсептелет. Ал эми, эл аралык система жана анын уюмдарынан калыстыкты күтүү куру кыялдан жана закымдан башка нерсе эмес.

Бүгүн яхудий күчтөрү Фалестин калкынын канын дайра кылып төгүп жатканда алардын кылмышкер жетекчиси Нетаньяху Европа мамлекеттерин кезип, трибуналарда сөз сүйлөп, алардан колдоо талап кылып жатат. Бир тараптан, Америка яхудий вужуду өзүн коргоого акысы бар десе, башка тараптан, БУУ өз билдирүүлөрүндө канкор яхудий армиясы менен кырылып жаткан фалестиндиктерди бирдей көрүүдө. Бул болсо, алардын бардыгы бир сапта экенин көрсөтүп, мусулман кошуундарын Хиттин жана Айн-Жалут сийратын кайра жандантуу үчүн аракетке келүүгө үндөйт.

 

Роя гезити, №436, 2023-жыл, 29-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here