Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты мубарек Шам козголоңунун 12 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрдү

685
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты мубарек Шам козголоңунун 12 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрдү

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты мубарек Шам козголоңунун 12 жылдыгына арнап, Шамдын бир нече шаар жана райондорунда иш-чараларды уюштурду. Иш-чаралар «Биз токтомду кайтарып алууну жана козголоңдун талабы болгон Ислам башкаруусун тикелөөнү улантабыз» урааны астында өттү.

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын маалымат бөлүмүнүн радиосу 2023-жылы 25-мартта тараткан кабарда айтылгандай, бул иш-чаралардын алкагында Идлибдин түндүгүндөгү Дайр Хассан шаарчасында массалык демонстрация өттү. «Шам козголоңу – Уммат козголоңу… Ал бекем туруп, режимди кулатат жана Ислам башкаруусун тикелейт» деп аталган бул демонстрация шаарчадагы «Үй-бүлөлүк биримдик Шуро кеңешинин» чакыруусу негизинде мубарек Шам козголоңунун 12 жылдыгына арналып өткөрүлдү. Демонстранттар козголоңду улантуу жана максатты кайра тикелөө зарылдыгын баса белгилешти. Демонстранттар «Араб Саид» айылынын калкы менен бирге экендиктерин көрсөткөн, козголоңчулардын жана урматтуу адамдардын камакка алынышын каралаган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Демонстрацияда ушулар баса белгиленди: «Козголоң жөн гана эскерүү эле эмес, ал кайраттуулук жана бекемдик. Козголоңдун принциптерин карманган жана аны өз максатына алып барууга аракет кылган адамдар гана козголоңчу болуп эсептелет. Жамаий аракет нусратка алып барат. Чет мамлекеттерге сатылгандарга жана алардын малайларына каршы чыкмайынча козголоңдун жолун түздөө мүмкүн эмес».

 

Роя гезити, №436, 2023-жыл, 29-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here