Себеп мыйзамсыз миграциябы же улутчулдукпу?!

2824
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Себеп мыйзамсыз миграциябы же улутчулдукпу?!

Ушул аталышта Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Уммат башынан өткөрүп жаткан көптөгөн кырсыктуу окуялардын бири мигранттар бара жаткан кеменин чөккөнү болду. Алар коопсуз жана татыктуу жашоо издеп Түркиядан Италияга бара жатышкан. Бирок, аларды өлүм күтүп турган экен… 200 чакты мигранттардын 65и набыт болду, алардын 12си жаш балдар. Бул окуяга карата реакция мындан 102 жыл мурун Уммат башына түшкөн кырсыкты эске салууда. Андан бери биздин Исламий Халифалык мамлекетибиз кулатылып, күнүбүз эң арамза кимселердин колунда калды. Өмүрүбүз, мал-мүлкүбүз, намысыбыздын сокур тыйынчалык кадыры калбады. Жерлерибизди душман ээлеп, өз журтубузда чабуулга учурадык жана артында туруп согуша турган, аны менен коргоно турган калканыбыз жоголду. Өз өлкөбүзгө өзүбүз батпай калдык. Себеби, коопсуздук да, камкордук да, урмат да жок, жада калса жөнөкөй жашоо таризинин эң төмөн даражасы да жок. Мусулман өз жанын жана үй-бүлөсүн алып, дурусураак жашоо табуу үмүтүндө өлкөсүнөн качып чыгууда. Бирок, анын пайдасы болбой жатат. Себеби, ал үчүнчү дүйнө мусулманы, демек, тирүү же өлгөн абалда бир четте калууга кептелет. Кырсыкка учураса куткарганы эч ким келбейт, жашоодо да ага камкордук кыла турган эч кимиси жок, өлсө да эч ким ага ыйлабайт!».

Билдирүү ушул сөздөр менен бүткөн: «Эгер, украин мигранттары чөгүп өлгөндө бүгүнкү эл аралык түзүм билдирүүлөр менен чектелет беле?! Өздөрүн аппак кылып көрсөтүү жана канга бөлөнгөн колдорун жашыруу максатында украин мигранттары окуясын күзөтүү жана билдирүүлөрдүү берүү менен гана чектелишет беле?!».

 Роя гезити, 2023-жыл, 22-март, №435.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here