Эл аралык коомчулуктун эки жүздүүлүгү Путинди Украинада кылмышкерге жана Сирияда тынчтык кептерине айлантты!

2810
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эл аралык коомчулуктун эки жүздүүлүгү Путинди Украинада кылмышкерге жана Сирияда тынчтык кептерине айлантты!

“Франс 24” веб-сайтында хижрий 1444-жылы 25-шаъбан, миладий 2023-жылы 17-март күнү ачыкталган кабарда мындай делет: «Эл аралык Кылмыш Соту жума күнү жарыялаган билдирүүдө айтылышынча, Россия президенти Владимир Путинди 2022-жылдын февралынан тартып Украинада баштаган «согуш кылмышы боюнча жоопкердикке тартуу» үчүн камакка алуу туурасында ордер чыгарылган.

Соттун билдирүүсүнө ылайык, Эл аралык Кылмыш Сотунун экинчи сотко чейинки палатасы Украинадагы кырдаалга тиешелүү эки адамды: Россия президенти Владимир Владимирович Путин менен РФ президентинин алдындагы Балдардын укуктары боюнча өкүлү Мария Алексеевна Львова-Белованы камакка алууга ордер берди».

Роя:

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын радиосунда 2023-жылы 18-мартта эфирге берилген кабарга ылайык, Хизб-ут-Тахрирдин Сирия вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү устаз Насиршайх Абдулхай Твиттердеги өз баракчасында жогорудагы кабарга мындайча түшүндүрмө берди: «Путин Украинада «согуш кылмышкери», Сирияда «тынчтык кептери» жана «терроризмге каршы күрөшкөн адам»!

Эл аралык коомчулук – Ислам жана Шам козголоңуна душман накта эки жүздүү… Анын эки жүздүүлүгүнө бир гана мисал: АКШнын мурунку президенти Барак Обама 2015-жылы Россияда Путин менен жолуккандан кийин эртеси эле Россия учактары Шам калкына бомбаларды жаадырууну баштаган!».

 

Роя гезити, 2023-жыл, 22-март, №435.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here