Хаят Тахрир Шамдын разведка кызматы Хизб-ут-Тахрир мүчөсүн уурдап кетти

2869
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хаят Тахрир Шамдын разведка кызматы Хизб-ут-Тахрир мүчөсүн уурдап кетти

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын радиосу 2023-жылы 18-мартта эфирге берген кабарга ылайык, Хизб-ут-Тахрирдин Сирия вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн төрагасы Ахмад Хаж Абдулваххаб мындай деди: «Хаят Тахрир Шамдын разведка кызматы Идлибдеги Хан Шайхун тургундарынын бири, Хизб-ут-Тахрир мүчөсү Усама Юсуфту уурдап кетиши. ХТШ анын саясаты жалаң гана репрессия жана зулум-зомбулуктан турарын дагы бир жолу ырастады. Анын бул саясатынан согушкер жамааттар да, хизбдер да, шаар калкы да, көз карандысыз журналисттер да аман калбады… Али Далв деген жигит да бир нече айдан бери Хаят Тахрир Шамдын разведкасынын камагында калууда.

Биз Шам козголоңун эскерүү күндөрүндө турабыз жана ушуну баса белигеп айтабыз, бул зомбулук жана зулум даъватты көтөрүп чыккан жигиттерибизди өз вазыйпаларын аткаруудан коркута албайт жана Аллахтын уруксаты менен мындан кийин да эч качан коркута албайт. Тескерисинче, Аллах Азза ва Жалла нусрат жана жеңишке уруксат бергенге чейин убада-шерттерин дагы да бекемдешет. Зулумдун түнү кыска, албетте өтүп кетет жана Ислам шооласы бүткүл жер жүзүнө тарап, зулум жана адилетсиздиктен кийин адилеттик орнотот. Мына ошондо зулумдун жолун кармагандар кандай акыбетке карап бара жатышканын билип алышат».

 

Роя гезити, 2023-жыл, 22-март, №435.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here