Америка саясаты жана анын малайларынын ролу себептүү дале мусулмандардын каны төгүлүп, тагдырий маселелери зая кетүүдө

2545
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Америка саясаты жана анын малайларынын ролу себептүү дале мусулмандардын каны төгүлүп, тагдырий маселелери зая кетүүдө

“Ал-Жазира нет” веб-сайты хижрий 1444-жылы 26-шаъбан, миладий 2023-жылы 18-март күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «Бүгүн, ишемби күнү Мисир тышкы иштер министри Самих Шукрий менен түркиялык кесиптеши Мавлут Чавушоглу Түркия жана Мисир өз ара мамилелерди нормалдаштырууга жана кызматташуунун жаңы баскычын баштоого умтулуп жатканын маалым кылды.

Шукрий Каирде Чавушоглу менен биргеликте өткөргөн басма сөз конференциясында Мисир Түркия менен мамилелерди нормалдаштырууга жана ортоктош кызматташуунун жаңы баскычын баштоого аракет кылып жатканын айтты.

Өз кезегинде, Чавушоглу да анын мамлекети Мисир менен элчилер алмашуу үчүн аракет кылып жатканын баса белгилеп, мамилелерди өнүктүрүү үчүн олуттуу саясий эрк бар экенин кошумчалады».

Роя:

Бир тараптан Түркия-Мисир, башка тараптан Түркия-Саудия режимдери ортосунда жакындашуу байкалууда. Бирок, бул жакындашуу алардын өкүмдарлары адашкан жолдорунан кайтышканын же элинин кызыкчылыгын ойлоп жатышканын түшүндүрбөйт. Таптакыр андай эмес. Себеби, аларды бөлгөндүн өзү азыр аларды кайра жамдоодо, т.а. алар Америка жана анын кызыкчылыктары үчүн биригишүүдө. АКШ президенти Байден Иранга жакшы мамиле кылуу, ядролук келишимге кайтуу, АКШнын Түркия, Mисир жана Саудия сыяктуу малайлары ортосундагы жаңжалдарды токтотуу региондо өзгөчө тең салмактуулук пайда кылат деген пикирде. Байден администрациясы Жакынкы Чыгыш менен азыраак шугулданууга жана негизги этибарын Чыгышка каратып, Кытайды тизгиндөөгө урунууда. Эске салсак, Америка Катарды бойкот кылган мамлекеттерден бойкотту бекер кылууну сурады, негизи, бойкоттун артында өзү турган эле. Андыктан, АКШ Кытай менен шугулдануу үчүн Жакынкы Чыгыш регионундагы кризисти бүтүрүүнү же тоңдуруп турууну көздөп жатат. Соңку кездерде Америка Эрдоган Түркиясынын ролун активдештирип жатканы ачык көрүнүп калды. Эрдоган Америкага кызмат көрсөтүүдөн эч экиленбей Сирия, Ирак, Ливия, Азербайжан, Сомалиде Россия менен келишип Америка кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарды жана азыр да Афганистанда ошондой кылып кылууда. Эртең Яманда да кылышы мүмкүн. Өкүмдарларыбыз колонизатор кафир Батышка көз каранды болгон соң, өлкөлөрүбүз Батыштын пландары ишке ашырыла турган сахна бойдон кала берет жана биз, мусулмандар, алардын оюнчугу болуп кала беребиз.

 Роя гезити, 2023-жыл, 22-март, №435.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here