Бердымухамедов шаарына 5 миллиард доллар сарпталат

2340
0

Бердымухамедов шаарына 5 миллиард доллар сарпталат

         Түркмөнстанда “аркадаг” Гурбангулы Бердымухамедовдун урматына курулуп жаткан шаарга 5 миллиард доллар сарпталат. Бул тууралуу “Франция 24” телеканалы түркмөн аткаминерлерине таянып билдирди.

         Маалыматка ылайык, шаар куруунун биринчи айлампасында 3,3 млрд. доллар, экинчисинде дагы 1,5 млрд. доллар керектелет.

         Дүйнөлүк банктын маалыматында Түркмөнстандын ички дүң өнүмү 45 млрд. долларга жетет. Аркадаг шаарынын курулушу республиканын жылдык кирешесинин 10 пайызын түзөт.

         Буга чейин Түркмөнстан калкы ун азыктарын чектелген көлөмдө кезек менен алууга мажбур болуп жатканы кабарланган. Ал эми, мамлекет башчылары аргымак, ит багуу, аларга ар кыл сыйлыктарды берүү менен убара. А түгүл, чөлдө жайгашкан бул өлкө аргымактар үчүн төшөлө турган кумду да Англиядан сатып келе турган төмөн пикирде. Жогорудагы шаардын курулушун да чет элдик компаниялар жүргүзүп, пайдасына туйтунуп кетиши талашсыз.

         Мына ушуга окшогон жетекчилердин айынан мусулман өлкөлөр, алардын катарында Орто Азия өлкөлөрү капиталисттик система зулумунда эзилүүдө. Анткени, миллиарддаган куб газ, мунай жана башка кен байлыктардын үзүрүн чет элдик империалисттер жана жергиликтүү аткаминерлер гана көрүп жатышат. Албетте мындай саткын жетекчилер жана колонизаторлор зулумунан өз Исламыбызды жашоого кайтаруу менен чыга алабыз. Исламыбыз арабыздагы сергек жана ойгоо азаматтардын колу менен албетте жашоого кайтат. Ошондо аттардын туягы гана эмес, зулумдук чегип жаткан калктын, чалкып жаткан чөлдүн жана анын астындагы байлыктардын баркы өз ордуна коюлат. Калк кыйынчылык чексе, жетекчилер да Умар разияллаху анхудай убайым тартат.          Азирети Умар халифа болуп турганда Мединада катуу кургакчылык болду. Асмандан бир тамчы жамгыр жаабастан, түшүм да аз болду. Натыйжада Мединада ачарчылык башталды. Адамдардын кыйналып жатканын көргөн азирети Умар (р.а)нун жүрөгү эзилип, көбүнчө удаама-удаа орозо кармап, түнкүсүн аз гана зайтун майы жана каткан нан жейт эле. Умар (р.а) ордунан турганда тону жыртык, курсагы болсо ачкалыктан “курулдап” турат эле. Ошондо ал курсагына карап: “Эй курсагым! Кааласаң курулда, кааласаң курулдаба, качан мусулман наристелердин курсагы тойгонго чейин сени тойгузбаймын!”- дейт эле… Бул жетекчиликти мансап эмес, жоопкерчилик деп билген Хулафаи рошидиндердин позициясы эле.

         Имам ад-Даримий “Сунан”да мындай дейт: «Язид ибн Харун Сафван ибн Рустамдан, ал Абдурахман ибн Майрасадан, ал Тамим ад-Дарийден риваят кылып айтат: «Умардын Халифалыгы доорунда адамдар курулуш иштери менен алек болуп кетишкен эле. Ошондо, Умар айтты: «Оо арабдар, жер жер боюнча калат. Бирок, Ислам жамаат менен, жамаат болсо амирлик менен, амирлик болсо итаат менен ишке ашат. Эгер коом бир адамды факихтигине карап амир кылып дайындаса, бул өздөрү жана амир үчүн жакшылык болот. Эгер коом бир адамды факихтигинен башка нерсеси үчүн амир кылып дайындаса, бул өздөрү жана амир үчүн кыйроо болот».

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here