Мамлекеттин экономикага аралашуусу жана салыктар

2070
0

Anis Labidi тарабынан берилген мамлекеттин экономикага аралашуусу жана салыктарга тиешелүү суроого жооп

Суроо:

Улуу шейхибиз, Ассаламу алайка, Аллах сизди Өз коргоосунда сактасын.

Мен Исламий мамлекет экономикага жалпысынан канчалык деңгээлде аралашуусун жана салыктарды салууда канчалык укукка ээ экенин билмекчимин. Жалпысынан салыктарга тиешелүү фикхий өкүмдөр кандай болот?

 Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.

Мамлекеттин экономикага аралашуусу жана салыктар жөнүндө суроо берипсиз …

  • Мамлекеттин экономикага аралашуусуна карата ушуну айтабыз, Исламдагы экономикалык түзүмдө мамлекеттин важиб вазыйпалары жана укуктары, адамдардын важиб вазыйпалары жана укуктары шаръий өкүмдөр менен анык белгиленген. Бул шаръий өкүмдөр жетекчи жана жарандын ар биринин укуктарын тартипке салат. Белгилүү болгондой, мүлккө ээ болуу жана инфак кылуу жагынан мүлктөр экономикалык түзүмгө күчтүү таасир өткөрөт. Ошондуктан, Ислам бул мүлктөрдү анык белгилеген, аларды ар кандай кол салуудан сактап, коргойт. Бул жерде жеке мүлк, мамлекеттик мүлк жана умумий мүлк бар, алар бири-биринин чегине өтүп кетишпейт… Ошондуктан, бүгүнкү күндө баарына белгилүү болгон мамлекеттин аралашуусу, жеке менчик мүлктү конфискация кылып, аны жалпы мүлккө же мамлекеттик мүлккө айлантып жатканы, же жалпы мүлктү нефть жана кен боюнча ички же чет элдик менчик секторго укуктарды, менчик мүлккө айлантып жатканы … булардын баары Исламда таптакыр жийиз эмес. Тескерисинче, баары өз мүлкүнүн чегинде болот: адамдар өздөрүнүн жеке менчик мүлктөрүнө ээ болушат, мамлекет олжолор, хирож… сыяктуу өзүнүн мүлкүнө ээ болот, Үммөт нефть, металл, энергия булактары… сыяктуу өз мүлкүнө ээ болот. Ушуга ылайык, Исламий мамлекетте бүгүнкү күндө баарына белгилүү болгон экономикалык түзүмдөргө аралашуулар болбойт.
  • Салыктарга келсек, Исламда адамдардан алына турган салыктар болбойт. Себеби, Набий A жарандар иштерин башкарган жана Набий Aдан адамдарга салык салганы сабит болбогон. Набий Aдан бул таптакыр риваят кылынбаган. Пайгамбарыбыз A мамлекет чегараларында турган кишилер өлкөгө кирип жаткан товарлардан салык алып жатышканын билгенде, аларды мындан кайтарган. Мисалы, Укба ибн Амирден ал Расулуллах Aдын мындай дегенин укканы риваят кылынат:

«لا يَدْخُلُ الْجَنَّةَ صَاحِبُ مَكْسٍ»

«Макс ээси бейишке кирбейт». Бул хадисти Ахмад риваят кылды жана Хаким аны сахих деди. Макс ээси – соодадан салык ала турган кимсени… Бул болсо, Батыштын көз карашындагы салыктарды алуудан кайтарууга далалат кылат. Кала берсе, Расул A Абу Бакрадан риваят кылынган муттафакун алайх хадисте мындай дейт:

«إِنَّ دِمَاءَكُمْ وَأَمْوَالَكُمْ وَأَعْرَاضَكُمْ عَلَيْكُمْ حَرَامٌ كَحُرْمَةِ يَوْمِكُمْ هَذَا فِي بَلَدِكُمْ هَذَا فِي شَهْرِكُمْ هَذَا»

«албетте, каныңар, малыңар жана аброюңар  бири-бириңерге ушул күнүңөрдө, ушул шаарыңарда жана ушул айыңар(да согуш) арам болгондой арам». Бул сөз ом (жалпы) болуп, ар бир инсанды, алардын катарында, мамлекетти да өз ичине алат. Салык салуу мусулман малын мажбурий түрдө, макулдугусуз алуу болуп, бул болсо, салык салуу жайиз эместигине далалат кылат.

Бирок, бул жерде шарият белгилүү бир көлөмдө кошумчалабай мал алууга уруксат берип, макулдаган бир гана жагдай бар. Мында мал жалаң байлардан, алардын ашыкча малдарынан гана алынат. Бул абал байтулмал жана мусулмандарда нафака кылууга жетиштүү мал болбой калганда жүз берет. Мында ошол нафака байлардын ашыкча малдарынан алынат. Эгер, нафака байтулмалдан алынып, мусулмандардан алынбаса, анда, мусулмандардан кошумча мал алынбайт. Эгер, ушул нафака байтулмалда жетиштүү болбосо, анда, байтулмада канча каражат бар болсо, ошол мал гана сарпталат.

Мисалы, жарандардын жеп-ичүү, үй жана кийим сыяктуу негизги муктаждыктарын камсыздоону алсак, бул камсыздоо мамлекетке важиб болуп, байтулмалдан сарпталат, ошол эле учурда, бул, мусулмандарга да важиб. Набий A айтты:

«وَأَيُّمَا أَهْلُ عَرْصَةٍ أَصْبَحَ فِيهِمْ اِمْرُؤٌ جَائِعٌ فَقَدْ بَرِئَتْ مِنْهُمْ ذِمَّةُ اللَّهِ تَعَالَى»

«Кайсы калк өздөрүнүн арасында бирер киши ачка калып таң аттырса, алардан Аллах Таала зиммасы (коргоосу) жүз үйүрөт». Бул хадисти Ахмад Ибн Умардан риваят кылды. Ошондуктан, эгер байтулмалдагы каражат жарандардын негизги муктаждыктарын камсыздоо үчүн жетиштүү болбосо, ушул муктаждыктарды камсыздоо үчүн белгиленген көлөмдө, кошумчаланбастан мусулмандардын байларынан каражат алынат.

Мисалы, жихад байтулмалга да, мусулмандарга да фарз. Аллах Таала мындай дейт:

(وَجَاهِدُوا بِأَمْوَالِكُمْ وَأَنْفُسِكُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ)

«Мал-жаныңар менен Аллах жолунда жихад кылгыла»                                         [9:41]

(وَالْمُجَاهِدُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ بِأَمْوَالِهِمْ وَأَنْفُسِهِمْ)

«Аллах жолунда малдары жана жандары менен жихад кылуучулар»                   [4:95]

Ошондуктан, жихад муктаждыктарын камсыздоого да кудум жогорудай мамиле кылынат.

Ошентип, Исламда салыктар болбойт. Жогоруда айтылган абалда гана салык алса болот. Мында да төмөндөгү эки шарт болушу важиб:

Биринчиси: нафака байтулмалга жана мусулмандарга анык шаръий далилдер менен фарз кылынышы зарыл.

Экинчиси: байтулмалда ушул муктаждыкты камсыздоо үчүн жетиштүү каражаттын болбошу зарыл.

Мына ушул абалда гана муктаждыкты камсыздоо көлөмүндө, көбөйтүлбөстөн байлардын ашыкча малдарынан каражат алынат. Биз ашыкча малдарынан деп жатабыз т.а. байдын жеп-ичиши, кийими, үй-жайы, кызматкери, аялы, астындагы улоосунан, ар кандай муктаждыгынан жана ушуларга окшош нерселерден ашканынан алынат. Себеби, Аллах Субханаху ва Таала мындай дейт:

(وَيَسْأَلُونَكَ مَاذَا يُنْفِقُونَ قُلِ الْعَفْوَ)

«Дагы сенден (эй Мухаммад) эмнелерди ихсан кылууну сурашат. (Өзүңөрдөн) артканын, деп жооп бергин!»                                                                                    [2:219]

Т.а. ал адам сарп-каражатында кыйналып калбашы керек. Т.а. анын – коомдогу өлчөөлөргө ылайык – өзүнө жетиштүү нерсесинен ашыгы алынат. Расул A айтты:

«أَفْضَلُ الصَّدَقَةِ مَا كَانَ عَنْ ظَهْرِ غِنًى»

«Садаканын абзели – муктажсыздыктан берилгени» (т.а. ашыкчасы берилгени). Бул муттафакун алайх хадис Хаким ибн Хизам жана Абу Хурайрадан риваят кылынды. «Муктажсыздык» мааниси анын жетиштүү нерсесинен ашыгын алуу дегени.

Корутунду: Исламда салыктар болбойт. Мына ушул абал гана мындан сырткары. Анда да керектүү көлөмдө, көбөйтүлбөстөн муктажсыздыктан келип чыгып алынат. Мындай абал Исламий тарыхта аз учураган. Себеби, мамлекеттин Ислам баян кылып берген туруктуу кирешелери бул үчүн жетиштүү. Бирок, мындай абал жүз бергенде да салыктарды жогоруда баян кылынган тартипке ылайык алуу жайиз болот.

Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рушта                                                1-шаъбан, 1434-х.

                                                                                                                    10-июнь, 2013-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here