Шамдагы зилзала бардык арамза тил бириктирүүчүлөрдүн чыныгы жүзүн ачыктады

1241
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Шамдагы зилзала бардык арамза тил бириктирүүчүлөрдүн чыныгы жүзүн ачыктады

Мисир тышкы иштер министри зилзаланы шылтоолоп Дамаскка барганы жана Араб парламенттер аралык союзунун делегациясы тогут Асад менен жолугушканы жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн мүчөсү устаз Ибду Дали мындай түшүндүрмө берди: «Зилзала болуп өткөндөн бери мамлекеттердин чыныгы жүзүнө күбө болуп келүүдөбүз. Зыян көргөн региондорго финансылык жардам көрсөтүү иштери башталгандан болгону бир нече саат өтүп, зилзаладан пайдаланып калуу иштери да башталды. Биринчи кезекте, БУУ түндүктөгү бошотулган аймактардагы зилзаладан зыян көргөн региондорго жардамдарды жеткирүү үчүн Асад режиминен уруксат сурады. Кийин малай мамлекеттердин ролу башталды. Акыйкатта болсо, алар козголоң башталгандан бери козголоңдун тарапкерлери экени туурасында билдирүүлөрдү беришкен, бирок, кийин алар бул билдирүүлөрдү кожоюндарынын буйругу менен бергени белгилүү болгон. Мына, кожоюндарынын пикири өзгөрүшү менен эле, малайлар да пикирлерин өзгөртүүгө жана делегацияларын кассаптын алдына жиберүүгө, аны короого кайтаруу үчүн аны менен мамилелерди нормалдаштырууга шашылышты».

Устаз Ибду Дали Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосу үчүн жазган түшүндүрмөсүндө ушуларды айтты: «Айрымдары ири мамлекеттердин орбитасында айланган, айрымдары аларга малай болгон бул мамлекеттер касапчыны аман сактап калуу үчүн ар кандай окуядан пайдаланууга аракет кылып жатышкан көрүнөт. Мына, түрк режиминин канкор режим менен жарашуу жана нормалдашуу туурасындагы билдирүүлөрү артынан калган мамлекеттердин да ролу башталды.

Ооба, козголоңчулар үчүн бардык нерсе ачыктала баштады, караңгыда жашыруун калган кээ бир нерселер зилзаладан кийин ачыкка чыкты. Негизи, тил бириктирүүнү анык көрүп турган элек. Алар жардамдардын келишин жана жабырлангандарга жардам көрсөтүүнү кечиктирүү менен козголоңчулар ак байрак көтөрүп, моюн сунуп беришин максат кылышкан. Бирок, таптакыр андай болбойт. Себеби, зилзала үйлөрдү, короолорду жана көчөлөрдү кыйратуу менен бирге өзүн куткаруу булагы жана нусрат себепчиси катары көрсөткөн бут-санамдар да кулатты. О.э. ал «боордоштук» жана «коргоо» беткабын кийип алган бардык арамза тил бириктирүүчүнү жана бардык саткынды ойрон кылды. Бирок, козголоң жана козголоңулардын кайраты болсо – Аллахтын мээрими менен – кыйрабады. Муктаждарга жардам берүүнү туюнткан исламий туйгулар өчкөн жок. Шам жана исламий өлкөлөрдөгү мусулмандар ортосундагы биримдик сынган жок».

Автор сөзүн минтип аяктады: «Ооба, бул зилзала өз ара жамаий аракет менен биз кантип азат болуп, ийгиликке жетүүбүздү, муну менен козголоңубузду өз максатына жана амандык жээгине жеткирүүбүздү далилдеди».

 Роя гезити, №431, 2023-жыл, 22-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here