Хизб-ут-Тахрир–Яман вилаяты Жогорку саясий кеңештин экономикалык кеңешчиси менен жолукту

766
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Яман вилаяты Жогорку саясий кеңештин экономикалык кеңешчиси менен жолукту

Устаз Абдуллах казы жетектеген жана мухандис Шафик Хамис менен устаз Мухсин Жаъдабийлер коштогон Хизб-ут-Тахрир–Яман вилаятынын делегациясы Жогорку саясий кеңештин экономикалык кеңешчиси доктор Абдулазиз Тараб менен жолугушту. Доктор Тараб делегацияны өз офисинде кабыл алып, Хизб менен таанышты. Кийин ортодо бир катар маселелер туурасында талкуу болду: жергиликтүү валюта, анын башка валюталарга, негизинен АКШ долларына карата кунсузданышы жана анын сатып алуу кубатынын төмөндөшү о.э. нефть продукциялары жана газ боюнча атайылап кризистер уюштурулуп, Яман калкына басым өткөрүлүп жатканы. О.э. делегация кеңешчиге ушулар түшүндүрүп берди: «Бажы тарифинин жогорулашы, динибизде харам кылынганына карабастан, салык жана бажы төлөмдөрү алынып жатканы, бул эки төлөм себептүү товар жана кызматтардын баасы өтө кымбатташы адамдарга зыян жеткирүүдө. О.э. биз сүткордук туурасында Яман муфтийи Шамсиддин, адилет министрлиги жана соода палатасы менен да сүйлөшүү өткөрдүк. Исламда Аллах Азза ва Жалланын Китебинде сүткордук ачык текст менен харам кылынганын, Аллахтын өкүмдөрүн кабыл алуу же четке кагуу үчүн бузуп-өзгөртүү мусулмандар катары харам экендигин айттык. Бирок, бул сүйлөшүүлөрүбүз токтотуп коюлду.

Ямандын түндүк жана түштүгүндөгү бийликте тургандарга келсек, алар дүйнөдөгү башка таасирдүү капиталисттер сыяктуу өлкө байлыгын ээлеп алышкан, алар менен капиталисттердин эч кандай айырмасы жок. Капиталисттик түзүм проблемаларды көрүп турганыбыздай чечпеди. Себеби, байлыктардын бир ууч адамдардын колунда топтолуп калышы калган адамдарды аларга кул кылып берет. Ислам болсо мындай кайтарган. Динибиз бул проблеманы байлыктарды адилет менен бөлүштүрүү жана казына кылып топтобоо менен чечип, бардык адамга гарыйза жана узвий муктаждыктарын туура кандыруу үчүн сатып алуу жөндөмүнө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн жаратып берген».

Сүйлөшүүдө доктор Тараб айтылгандардын баарын тастыктап, туура деди. Делегация Яманда болуп жаткан келишим жөнүндө, аны аткаргандар жана ага ыраазы болгондор, мөөнөтүн узартып жаткандар кимдер экенин ачыктап берди. Делегация: «Абалдын ушундай көрүнүшкө жетип келишине Ямандагы күрөштүн жетекчилери болгон АКШ менен Британия жана алардын жергиликтүү, регионалдык малайлары себепкер. Малайлар согушту токтотуу же улантуу туурасында эч кандай токтом кабыл ала алышпайт… Ушул убакка чейин Яманда малай жана агенттер аркылуу капиталисттик система жана анын ишенимине негизделген саясий чечимге жетүү үчүн таасир жана кызыкчылыктарды бөлүшүү боюнча эч бир келишим болгон жок», – деди.

Жолугушуунун акырында делегация доктор Тарабга Хизб-ут-Тахрир тарабынан чыгарылган «Батыш идеологиясын четке кагуу» жана «Халифалык мамлекетинде малдар» деген китептерди белек кылды. Өз ара көз караштар туура келгени үчүн зыярат өтө жакшы өттү.

 Роя гезити, №431, 2023-жыл, 22-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here