بِسْمِ اللَّـهِ الرَّحْمَـٰنِ الرَّحِيمِ
Үммөттөр үч түрдүү болот
Үммөт-калктар калак (артта калган) эл, орточо эл, алдыңкы эл болуп үчкө бөлүнөт.
1.Калак калктын көптөгөн терс сыпаттары бар болуп, бул сыпаттардын негизгиси – алардын талкуусу адамдар жөнүндө болот. Т.а. калктын калактыгына да, өнүгүшүнө да жалаң гана жеке адамдар себеп болот деп эсептешет да, кээ бирлерин “биздин калактыгыбызга дал ушул аткаминерлер себепкер” деп билишип, алардын жекече инсандык кемчиликтерин жарыялоого шашылышат. Алар негизинен таасир ээлеринен – өкмөт башчыларынан, партия жетекчилеринен, сарай аалымдарынан таасири күчтүүрөөк болгондорун бутага алышат. Аларды каралоо менен максатыбыз жүзөгө чыгат деген куру кыялга батышат. Негизи, өз турмушунда, көз алдында канчалары алмашып жатат, бирок абал ошол бойдон, эч нерсе өзгөрбөй жатат, туура жашоо таризибиз өзгөрдү, а бирок калактык темасы өзгөргөн жок, дагы деле кайрыдиндерге көзкаранды болуп келебиз. Бардыгы катары алар да ушул иштерге күбө болуп жатышат. Бирок, аз болсо гана пикирлебегендиктен, кайра эле ошол катасын улантып жатышат. Алар каралап жаткан таасир ээлери ордун башкаларына бошотуп берип жатышат, бирок алар калтырып кеткен таасирлер калкты калактык иримине тартып кетүүнү улантууда. Алардын пикирлери ооздон-оозго, токтомдору өкмөттөн-өкмөткө, жылдардан-жылдарга өтүп, өзүнүн терс, жийиркеничтүү таасирлерин көрсөтүп келет. Терс акыбеттерин жоготкон жок, ошол пикир-чечимдердин авторлорунун таасирлери алда качан эле жок болгон, ал тургай кээ бирлери өлүктөргө айланышкан, а бирок алардын Үммөт үчүн болгон жийиркеничтүү пикирлери дагы деле жашап келет!
Калак эл таасир ээлерин каралоо менен бир катарда алардын ордуна башканын талапкердигин көрсөтүп, булар бийликке келери менен бардык иштер кемчиликсиз-идеалдуу абалга айланып кетерин айтышат, ал тургай ошол орундарды өздөрү ээлешин кыялданышып, ошол максатта жанүрөп аракет кылышат, жетекчи болуу арзуу-үмүттөргө, иштери үчүн негизги максатка айланат.
Бул пикир негизи калак элдердеги бир оору болсо да, капитализм башыбызга балээ болгондон баштап бул пикир туу чокусуна чыгып, “ваба”га айланды. Себеби, капитализм мабдасынынын көз карашында коом шахстардан (жеке адамдардан) турат жана жеке адамдардын оңолушу менен коом да өнүгө баштайт.
Ушул жерде китептерибизде келген пикирди келтирүү орундуу деп эсептеймин:
Коомдо фардийлик (т.а. шахсийлик) пикирлери бар, мындай пикирлер «ар бир адам өзүнчө бир шахс» деген назарияны жүзөгө келтирип, аны оммалаштырып жиберген. Негизи, фардийлик пикири чирик пикир болуп, ал дилдерде өзүмчүлдүктү пайда кылат жана ал тургай, ал разалат болсо да, аны фазилат кылып коёт (б.а. ал жаман болсо да, аны жакшы кылып көрсөтүп коёт). Ушул фардийликтен башчы болуу пикири, шахсты оңдоо пикири, бийликти реформалоо үчүн анын үстүндөгү адамдарды башка шахстарга өзгөртүү пикири, шахсий кинээ пикири, пикирлер жөнүндө талкуу жүргүзүүнүн ордуна шахстар туурасында талкуу жүргүзүү пикири жүзөгө келди ж.б.у.с. Ошондуктан, фардийлик пикирлерине каршы күрөшүү, алардын бузуктугун баян кылып берүү жана алардын ката экендигин ачып таштоо керек. О.э. башка бузук пикирлерди жанчып таштагандай, аларды да жанчып таштоо керек. Маселе адамга эмес, үммөткө тиешелүү экендигин жана талкуу шахстар туурасында эмес, пикирлер туурасында экендигин билүү зарыл. Демек, үммөткө этибар берилет жана Ислам жөнүндө талкуу жүргүзүлөт. Ислам үчүн жана Ислам үммөтү үчүн аракет кылынат.(Саясий аракеттендирүү китебинен).
Ооба, албетте бузукулук өзүнөн өзү жок болуп кетпейт, алгач аны жакшылап үйрөнүп, андан соң ага каршы пикирий күрөшүү зарыл. Анткени мындай пикирлер талкаланбаса, адамдар алардын канчалык жийиркеничтүү экенин пикирий жактан көрбөсө, биз калактык баткагынан кутула албайбыз.
Коом капиталисттер айткандай жеке адамдардан куралган эмес. Бул акыбети өтө кооптуу, жийиркеничтүү пикир. Бул жөнөкөй эле пикирлеген адамга ачык эле көрүнүп турган ката пикир болуп, буга жакынкы тарыхыбызга бир назар салуунун өзү жетиштүү. Биз өткөн кылымдын 90-жылдарына чейин социализм коомунда жашап келдик, андан соң “кайра куруу” пикири көтөрүлгөндөн кийин капитализм коомуна өзгөрдүк. Адамдар ошол бойдон, эч ким өзгөрбөдү, ал тургай жетекчилер да алмашпады, бардыгы ошол эски түзүмдүн кадрлары. Эгер коомдун өзгөрүшү жеке адамдарга байланыштуу болгондо, бизде таптакыр өзгөрүш болбошу керек эле, себеби шахстар өзгөргөн жок т.а. эски коомдун эле адамдары. Бирок, жашоодо аябай чоң өзгөрүш болду. Мисалы, мурда “чайкоочулук” деп аталып, оор кылмыш катары эсептелген “жийиркеничтүү” иш бүгүнкү күндө “ишкердикке” алмашып калды. Мындай ишкерлер мыйзам тарабынан корголуп, адамдар аларга – кылмышкер катары эмес – элге кызмат кылуучу, коомду өнүктүрүүчү шахстар катары суктануу менен карап калышты. Мурда мүлккө ээ болуу кылмыш болуп эсептелсе, эми эсепсиз мүлккө ээ болуу “мыйзамдуу” болуп калды.
Негизи коом төрт нерседен – адамдар, пикирлер, туйгулар жана мыйзамдардан турат. Булардын негизгиси пикирлер. Ошондуктан, пикирлер – туйгулардын да, мыйзамдардын да негизи болот. Адамдар да бир ишке карата мамилени пикирлер негизинде белгилешет. Демек, биздеги пикирлер туура болсо, коом да оңолот. Эгер жаңы пикир да ката болсо – биздин жакынкы тарыхыбызда болгону сыяктуу – бир бузук коом жаңы бузук коомго өзгөрөт. А бирок пикирлер эмес, шахстар өзгөрсө коом таптакыр өзгөрбөйт. Буга биздеги “эгемендүүлүк” берип коюшкандан кийинки абалды мисал келтирсек болот. Себеби, коомдун негизги элементтери өзгөргөн жок.
Ошондуктан коомду өзгөртүүнү каласак, андагы негизги өкүмдар пикирлердин каталыгын далил негизинде ачып беришибиз жана ушул орунда ага альтернатива болгон туура пикирди түшүндүрүүнү о.э. ушул пикирге негизделген туйгуларды калыптандырууну башташыбыз зарыл. Бул Жаратуучубуз Аллах Тааланын бизге көрсөткөн жолу, фарзы. Аллах Таала айтат:
ادْعُ إِلَىٰ سَبِيلِ رَبِّكَ بِالْحِكْمَةِ وَالْمَوْعِظَةِ الْحَسَنَةِ ۖ وَجَادِلْهُم بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ ۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِ ۖ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ
– «(Эй Мухаммад), Роббиңдин жолу-динине дааналык-хикмат жана көркөм насаат менен даъват кылгын! Алар (т.а сени менен талашып-тартыша турган адамдар) менен эң көркөм жол менен далилдешип-тартышкын! Албетте, Роббиңдин Өзү Анын жолунан азган адамдарды абдан жакшы билет жана Ал Зат Туура Жолду табуучу адамдарды да абдан жакшы билет». [16:125]
Хикмат-аклий хужжат, чырайлуу насаат болсо көркөм эскертме болуп эсептелет. Т.а. адамдардын акылдарына хытаб кылган кезде алардын туйгуларын жана туйгуларына хытаб кылган кезде болсо алардын пикирлерин козгоо зарыл. Анткени бул аркылуу, туйгулар пикирлер менен байланышып, толук кемчиликсиз көрүнүштөгү амал келип чыксын. Көркөм көрүнүштөгү талкуу – бул фикратка чектелген жана шахстарга, алардын нафсаниятына өтпөй турган талкуу. Даъват тарыйкатындагы бул үч абалды пикирлеп көрүү шарт.
Демек, талкуулар: “ким туура да, ким ката” деген негизде эмес, “кайсы пикир ката, эмнеси ката?! Эгер бул ката болсо дал ушул вакиъге альтернатива болгон кандай туура пикирди ортого таштап жатасың”, деген негизде болушу керек. “Кимдики туура да, кимдики ката” негизиндеги талкуу канчалык кызыктуу, Үммөт үчүн пайдалуу деп айтылса да, ошол талкуу шайтаний талкуу, нашаръий талкуу болуп эсептелет. Мындай талкуу фитнанын булагы болуп, ал талкууга кошулгандар Үммөттүн калкташуусуна “салымын” кошуп жаткан бузуку, паскеч адамдар болуп эсептелишет.
Биз калак коомдо жашап, бул дүйнөдө да кор болбойлу, Акыретте да шерменде, жүзү каралардан болбойлу десек, анда талкууларыбыз темасын шахстарга эмес, пикирлерге көчүрөлү. Жогоруда “коом” жөнүндө бир аз айтып өттүк. Эми бүгүнкү күндөгү бузук пикирлердин негизи болгон “демократия” жөнүндө бир ой жүгүртүп көрөлү. Адамдарды да ааламдагы башка махлуктарды да Аллах жараткандыгын көпчүлүк четке какпайт. Эми “Жаратуучу Аллахтын жашообузга аралашууга акысы жок“ деген пикир, “Дин мамлекеттен ажыратылган” деген пикир кайсы акылдан чыгып жатат, кайсы фактыга негизделген?! Акыры бул пикир негизине жашообузду, мамлекетибизди, мамилелерибизди, келечегибизди куруп жатабыз, кантип эле ушундай маанилүү иш фактысыз болсун?!
Мисалы, “эгемендүүлүк“ пикири, “Бул пикир бизге кандай келип калды?” же “Чек араларыбызды кайсы бир жылдары чыгарылган токтомдор негизинде делимитациялоо” пикири, “эмне үчүн ата-бабаларыбызды кыргын кылган орустар чек араларыбызды белгилеп бериши керек?” деген пикирлер, же “коом кандай реформа кылынат жана ал үчүн эмне кылыш керек“, “экономикалык саясаттын негизи эмне болушу керек?“, “ижтимаий турмуш эмнеге негизделиши керек” деген темалар о.э. “бул темаларды омманын ичине кантип алып кирүү туура болот “ деген тема өз ара талкууларыбызга негиз болушу керек. Ушундай негизги темалар анык чечип алынса, алар жөнүндө туура пикирлерди таба алсак о.э. туйгуларыбызды ошол жаңы табылган туура пикирлерге ылайык калыптандыра алсак, мухитибиз жана пикирлөөбүз оңолот. Ошондон кийин гана туура пикирлерге жетишибиз мүмкүн болот. Себеби, бул сыяктуу негизги темалар бардык пикирлердин булагы, адамдардагы көзкараштардын негизи болуп эсептелет. Бул пикирлер оңдолбосо ката пикирлерден коомду тазалап болбойт, өнүккөн коомду көздөй жүрө албайбыз. Тескерисинче, коомду өнүктүрүүнүн ордуна калактыктын “өмүрүн” узарткан бузукулардан болобуз. Мындай катаны улантуу дилинде мараз-оорусу бар мунафыктардын иши. Аллах Таала айтат:
وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَقُولُ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَبِٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَمَا هُم بِمُؤۡمِنِينَ () يخَٰدِعُونَ ٱللَّهَ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَمَا يَخۡدَعُونَ إِلَّآ أَنفُسَهُمۡ وَمَا يَشۡعُرُونَ () في قُلُوبِهِم مَّرَضٞ فَزَادَهُمُ ٱللَّهُ مَرَضٗاۖ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمُۢ بِمَا كَانُواْ يَكۡذِبُونَ () وإِذَا قِيلَ لَهُمۡ لَا تُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ قَالُوٓاْ إِنَّمَا نَحۡنُ مُصۡلِحُونَ () ألَآ إِنَّهُمۡ هُمُ ٱلۡمُفۡسِدُونَ وَلَٰكِن لَّا يَشۡعُرُونَ
“Адамдардын арасында ушундайлар да бар, өздөрү момун болбой туруп: “Биз Аллахка жана Кыямат Күнүнө ыйман келтирдик”,- дешет. Бирок алар ишенишпейт. Алар Аллахты жана ыймандууларды алдамакчы болушат жана өздөрү сезбеген абалда өздөрүн гана алдашат. Алардын жүрөгүндө мараз-оору бар. Аллах алардын оорусун дагы да күчөтүп койду. Алар үчүн жасаган жалгандарына байланыштуу жан чыдагыс азап бар. Аларга: “Жер бетинде жамандык-бузукулукту жайылтпагыла”, – деп айтылса, алар: “Биз болгону түзөтүүчү-оңдоочубуз”, – дешет. Байкагыла, дал ошолор жамандык-бузуктукту жайылтуучулар. Бирок өздөрү муну сезишпейт”. [2:8-12].
(уландысы бар).
Муфаккир Муслим