Аялдар Батыш “эркиндигинен” корголууга муктаж

1505
0

 Аялдар Батыш “эркиндигинен” корголууга муктаж

         Бүгүн, 8-мартта Бишкекте ондогон жарандар аялдардын укугуна арналган жүрүшкө чыгышты. Бул жүрүштү “Бишкек феминисттик демилгелери” уюму уюштурду.

         Бул ирет да Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар үй-бүлөлүк зомбулукту беткап катары көтөрүп чыгышты. Ички иштер министрлигинин эсебинде, жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миңден ашуун факт катталат.

         Түпкүлүгүндө, аялдарга карата зомбулук Кыргызстанга караганда бул уюмдар каржыланган Батыш өлкөлөрүндө эселеп көп жана жыл сайын өсүп келет. Маселен, USA Today басылмасы жазышынча, Голивудда иштеген аялдардын 94 пайызы сексуалдык зомбулукка кабылганын билдиришкен. АКШда ар бир мүнөт сайын 20 адам үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот. Бул өлкөдө суткасына 1900 кыз зордуктоого кабылаары отчетторго чыккан. Мындан тышкары, жылына миллион кыз аборт кылдырат. Францияга келсек, 4 миллион француз аял б.а аялдардын 12 пайызы өмүрүндө жок дегенде бир жолу зордукталганын айткан. Ал эми, ар үч күндө бир аял бирге жашаган адамы тарабынан өлтүрүлөт. Германияда ар 5 мүнөт сайын кеминде бир аял сексуалдык жана башка зомбулукка учурайт. Ар үч күндө зомбулуктан улам бир аял өлүмгө туш болгон, алар жолдоштору, туугандары же бирге жашаган адамдары тарабынан өлтүрүлгөн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчетунда келишинче, дүйнөдө ар үчүнчү же аялдардын 35 пайызы физикалык же сексуалдык зомбулукка туш болгон. Айрыкча, пандемия учурунда бул сандар дагы да өскөн.

         Мындан белгилүү болгондой, аялдардын зомбулук чегишине учурда колдонулуп жаткан капиталисттик мыйзамдар негизги себеп болууда. Тагыраагы, Батыш бизге таңуулап жаткан “эркиндик” беткабы менен кирип келген “баалуулуктар” аялдардын кордолушуна себеп болууда. Анткени, демократия аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам деген шылтоо менен, табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды. Натыйжада, үй-бүлөдө туруктуулук жоголду. Эркектер да аялдар да өз милдетин унуткан абалда, үй-бүлөдө жаңжалдар көбөйүүдө. Демек, жогорудан белгилүү болгондой, капитализм (демократия) системасы аялдар туш болгон зомбулукту жоё албайт. Тескерисинче, бул көйгөйлөр ушул идеология себептүү пайда болууда жана аялдар Батыштын дал ушул “эркиндигинен” корголууга муктаж абалда.

         Аял затын мындай коркунучтан коргоонун жолу болсо Исламда гана бар. Тагыраагы, Ислам аял затына корголушу важиб болгон ар-намыс жана үй бекеси катары карайт. Мына ушундай камкордук гана аял кишиге өзүн аял катары сезүүсүн камсыздап берет. Мындай камкордук болсо Исламдагы ижтима түзүмү турмушта колдонулуусу менен жүзөгө чыгат. Анткени, үй-бүлө коомдун негизин түзөт, перзенттерибиз келечекти калыптандырат. Ал эми, үй-бүлө, келечек муун жана коомду түрдүү жаман пикирлерден, иштерден жана нерселерден коргоо Исламды адилеттик менен колдоно турган жана Исламды рисалат катары дүйнөгө алып чыга турган мамлекетте жүзөгө чыгат. Ошондуктан, биз аялдар жашоосунда чыныгы өзгөрүүнү арзуу кылып жаткан ар бир адамды ушул рошид Халифалыктын тезирээк тикеленишин колдоп-кубаттоого о.э. эркиндик беткабы менен таңууланып жаткан демократия жалганын четке кагууга чакырабыз.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here