АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнө 25 млн доллар берет

2261
0

АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнө 25 млн доллар берет

 Кабар: Казакстандын борборунда аймактагы беш мамлекеттин тышкы иштер министрлери катышуусунда болуп өткөн С5+1 министрлер жыйынында АКШнын мамлекеттик катчысы Вашингтон аймактагы мамлекеттерге 25 миллион доллар өлчөмүндө жардам бере турганын билдирди.

 Блинкен Россиянын Украинага каршы согушу фонундаВашингтон Борбор Азия мамлекеттеринин “эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн” колдой турганын айтты.

 Казакстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, президент Касым-Жомарт Токаев Блинкендин сапарын “стратегиялык кызматташтыкка кошумча дем берчү маанилүү сапар” деп атады.

 АКШ Мамлекеттик департаменти 27-февралдагы билдирүүсүндө ушул жолугушууну аймактын алкагында о.э. АКШ менен Борбор Азия ортосунда “кызматташтыктагы жалпы көйгөйлөрдү чечүүчү көзкарандысыз жана коопсуз кызматташтыкты бекемдөөчү” саммит катары баалаган.

Комментарий: Былтыр сентябрь айында Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Борбор Азиядагы беш мамлекет – Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолугушкан. Американын санкциялар саясатынын координатору Жеймс О’Брайен ал жолугушуу жөнүндө билдирип: 

 “Биз аларга санкцияларыбызды сактоо боюнча көрсөтмөлөрдү бердик. Биз тынчсыздандыруучу анык абалдарды кеңири карап чыктык. Биз алар менен кийинки жолугушууларыбызда анык эмне кылуу мүмкүндүгү жөнүндө сүйлөшөбүз”, – деген эле. О.э. аймактагы беш мамлекеттин бардыгы илгери Москва менен болгон мамилелерге альтернативалар пайда болгонунан кубанычта болушун айтып, Борбор Азия мамлекеттери менен бул жааттагы иштерди улантууну убадалаган.

 Кийинчерээк, АКШ мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Нед Прайс 10-январда Америка тышкы саясатынын Борбор Азиядагы 2023-жылга болжолдонгон негизги багыттарын маалымдаган. Ал Америка Борбор Азия мамлекеттери үчүн ишенимдүү шерик болууга умтулуп жатканын жана Борбор Азия мамлекеттеринин көзкарандысыздыгы, эгемендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгүн колдоону улантарын белгилеген.

 “АКШ C5+1 дипломатиялык платформасын 7 жылдан көбүрөөк убакыт мурда ишке түшүргөн, бул форматтагы кызматташтык Борбор Азияда жана андан тышкарыда дагы да жемиштүү жана туруктуу чечимдерге алып барат”, – деген Прайс. О.э. Борбор Азия учурда эң күчтүү абалда экенин, өкмөттөр аймактык жана глобалдык көйгөйлөрдү биргеликте чечип жатканын жана бул платформа мурункудан да маанилүү экендигин баса белгиледи.

 “Экономикалык тармакта АКШ аймакка ири инвестицияларды жаткырууну жана өнөктөштөрү менен иштешүүнү улантууда. Борбор Азия мамлекеттеринин мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү, жаңы соода жолдорун кеңейтүү жана аймакта жеке менчик секторду бекемдөө үчүн 25 миллион доллар бөлүнгөнү буга ачык-айкын мисал боло алат”, – деди Прайс…

  АКШ бул аракеттери менен аймакты Россиянын чеңгелинен биротоло жулуп алууга жетишпесе да Россиянын алсырап бара жатканынан пайдаланган абалда аймактагы мамлекеттерди саясий жана экономикалык көзкарандылыктан алыстатууга аракет кылып, өзүнүн Россияга каршы санкцияларына кошулууга үндөп жатат. Борбор Азиядагы мамлекет башчыларынын Россиядан коркуу сезимин эсепке алганда, Россиянын Украинага каршы баскынчылык согушуна карата бейтараптык позицияда калышынын жана санкцияларды айланып өтүүдө Россияга жардам беришинин ыктымалы жогору.

 Абдурахман Адилов 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here