Палестина проблемасын Ислам гана чечет
Иорданиянын Акаба шаарында Иордания королдугунун чакыруусу менен Палестина делегациясы жана (Израиль) расмийлери ортосунда жолугушуу болуп өттү. (Израил)дик расмийдин айтымында, бул жолугушуу АКШнын талабы менен өткөрүлгөн.
Кабарларда келишинче, АКШ, Мисир жана Иорданиянын өкүлдөрү катышкан жолугушуу Палестина менен (Израиль) ортосунда келишим түзүү менен жыйынтыкталган. Жолугушуудан кийин Иордания өкмөтү билдирүү таратып, макулдашылган маселелер боюнча маалымат берди. Билдирүүдө айтылышынча, яхудий вужуду да, палестина админстрациясы да, мурда кол коюлган келишимдерди аткарууга о.э. “адилеттүү жана туруктуу тынчтык” үчүн аракет кылууга убада беришкен.
Белгилүү болгондой, (Израиль) күчтөрү Жанинде уюштурган кыргындан кийин Палестина президенти Махмуд Аббас бардык сүйлөшүүлөрдү токтотконун жарыялаган болчу. Бирок, АКШдан көрсөтмө келери менен Аббастын токтому жокко чыгарылды.
Комментарий: Яхудийлер качан эле берген убадасында турчу эле, эми Махмуд Аббаска берген “туруктуу тынчтык” убадасына турмак беле? Алар убада жана милдетти карап да коюшпайт. Мына ушул жолугушууда да яхудий расмийлери “туруктуу тынчтык үчүн аракет кылууга” убада бергенден кийин, Палестинада (Израил)дин баскынчы күчтөрү Наблустун түштүгүндөгү Хувара шаарына бастырып киришип, бир кишини өлтүрүштү, 100 адамды жарадар кылып, ондогон турак-жай жана унааларды өттөп жиберишти. Баскынчы сионисттердин бул кылмышы алар “тынчтык” дегенде эмнени назарда тутушун ачык-айкын көрсөтүп турат.
Мындан тышкары, Махмуд Аббастын көздөгөнү да Палестина калкынын тынчтыгы эмес. Ал АКШнын “эки мамлекеттүүлүк” чечимине ыктагандыгы менен о.э. региондо жана Палестинада «терроризмге каршы күрөш» маскасы артында Исламга каршы күрөштү улантуу менен АКШга берилгендигин көрсөтүп келет.
Унутпашыбыз керек болгон нерсе, Палестина проблемасы палестиналыктардын проблемасы же улуттук маселе эмес, тескерисинче бул Исламий проблема т.а. бүтүндөй Ислам Үммөтүнүн проблемасы. Ошондуктан, Исламга таптакыр тиешеси болбогон Палестина расмийлери менен (Израиль) ортосунда жолугушуу өткөрүү, же БУУ сыяктуу куфр уюмдарынан жардам суроо, Араб мамлекеттери лигасынын токтомдорду кабыл алуусу, же болбосо, АКШ сунуштап келе жаткан “эки мамлекеттүүлүк” чечими менен бул проблема чечилбейт. Бул бир гана Ислам менен чечилет. Себеби, Палестинадагы күрөштүн түпкү негизи Исламий акыйдага байланыштуу.
Ушундай болгон соң, бул проблема бир гана Акыйда негизинде чечилет. Бүгүнкү күндө Ислам шариятын колдоно турган жана Ислам Акыйдасын дүйнө жүзүнө жая турган мамлекет жоктугу себептүү мындай проблемалар күндөн-күнгө көбөйүүдө. Демек, бул жана ушул сыяктуу проблемаларды түптөн чече турган Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылуу бардык мусулмандардын милдети. Анткени ушул аркылуу дүйнө жүзүндө адилеттүүлүк орнойт!
Зохид Заргар