АКШнын мамлекеттик катчысы Казакстан жана Өзбекстанга сапар кылат

1957
0

АКШнын мамлекеттик катчысы Казакстан жана Өзбекстанга сапар кылат

 Кабар: АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 28-февралдан 3-мартка чейин Казакстан, Өзбекстан жана Индияга сапар кылат. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат кызматы кабарлады.

 Сапарын Астанадан баштаган Блинкен Борбор Азия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен С5+1 форматындагы жолугушуу өткөрөт.

C5+1 форматындагы жолугушууда экономикалык, энергетикалык жана экологиялык кызматташтыкты о.э. АКШ менен Казакстан  Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланат деп айтылат кабарда

 Андан соң Блинкен Ташкентке барат жана ал жерде расмийлер менен “эки тараптуу жана аймактык маселелер боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү” боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул Блинкендин Өзбекстанга алгачкы сапары болот.

 Ал 1-мартта Нью-Делиге барып, анда G20 тобунун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат. Жыйында азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук жаатында, маңзатка каршы туруктуу күрөшүү, саламаттык сактоо, гендерлик теңчилик, аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, гуманитардык жардам жана түрдүү кырсыктар учурунда жардам көрсөтүү сыяктуу маселелер каралат.

 Комментарий: АКШнын “С5+1” форматындагы диалогдон көздөгөн максаты, Борбор Азия республикаларын Афганистан аркылуу дүйнөлүк базарларга алып чыгуу аркылуу бул аймактагы экономикалык жана саясий кызыкчылыктарга ээлик кылуу. Бул долбоор ишке ашса, АКШ бүтүндөй аймакты Россиянын экономикалык таасиринен алып чыга алат. Себеби, бул дүйнөгө Россия аркылуу гана чыгышы мүмкүн болгон багыттарга альтернативалык жол болуп, Борбор Азияны Россия жана Кытайдын экономикалык колониясынан чыгарып жибериши мүмкүн болгон долбоор болуп эсептелет. Бул долбоор АКШга экономикалык жана саясий пайда алып келиши мүмкүн болгон маанилүү долбоорлордун бири. Ошол себептен да, Россия аймактагы мамлекеттердин АКШ менен жакын мамиле орнотушуна каршы чыгып, мындай кызматташтыкты керек болсо коркутуу аркылуу болсо да токтотууга аракет кылууда.

 Блинкендин Казакстан жана Өзбекстанга боло турган сапарынын алдында РФ тышкы иштер министринин орунбасары Михаил Галузин Борбор Азия мамлекеттерин Батыш менен кызматташууда этият болууга чакырды. Афганистандын учурдагы абалына АКШны айыптаган Галузин “Вашингтондун демократиялаштыруу тажрыйбасы түстүү революциялар менен аяктайт” деди.

 “Ошол себептен биз борбор азиялык өнөктөштөрүбүздү Батыш мамлекеттери менен алака-катышта астейдил болууга чакырабыз”, – деген Галузин.

Белгилүү болгондой, Россиянын Украинадагы баскынчылык согушу себептүү эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркы төмөндөшү менен бир катарда Борбор Азия республикаларынын үстүндөгү саясий жана экономикалык таасири да начарлап барууда. АКШ бул абалдан өнүмдүү пайдаланып, аймактагы таасирин бекемдеп алууга умтулууда. 10-февралда Россиянын Коммуникацияларды өнүктүрүү улуттук изилдөө институту жарыялаган маалыматка ылайык, Казакстан Россияга “дос эмес мамиледе” болгон “өзгөрүүчү режимдер” тобуна киргизилген. Айтылышынча, бул мамлекетте Россия менен мамилелер тарыхы кайрадан карала баштаган. Ошол себептен, коммуникацияларды өнүктүрүү шарттары жаман жакка өзгөрүшү мүмкүн экендиги эскертилген. Блинкендин Борбор Азия сапарын Казакстандан башташы, андан соң аймакта эң маанилүү орунду ээлеген Өзбекстанга сапар кылышы да бекеринен эмес. Россиянын Коммуникацияларды өнүктүрүү улуттук изилдөө институтунун иликтөөсүндө Өзбекстан Россияга дос мамлекеттер катарына кошулганы менен, өзбек режими да колунан келишинче Путин режими менен аралыкты сактоого аракет кылууда. Кечээ күнү Мирзиёевдин Мисирге сапары учурунда АКШ Мисирдин президенти Абдулфаттах Сиси аркылуу Россия менен мамиленин акыбетинен эскерткен болушу мүмкүн.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here