АКШ менен Борбор Азиянын Башкы дипломаттары жолугушат

1279
0

АКШ менен Борбор Азиянын Башкы дипломаттары жолугушат

         АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 28-февралда Казакстанга расмий сапар менен келет. Ушул эле күнү Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлери менен С5+1 форматындагы жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

         Маалыматка ылайык, жолугушууда АКШ менен аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланмакчы.

         Блинкендин сапары Орусиянын Борбор Азия өлкөлөрүн “Батыш менен абайлап мамиле кылууга” чакырган билдирүүсүнө туш келди. Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин ТАСС агенттигине курган маегинде, “Вашингтондун демократиялаштыруу эскперименти, түстүү революциялар менен аяктайт. Мындан улам борборазиялык өнөктөштөрүбүздү Батыш өлкөлөрү менен алака түзүүдө өтө абайлап мамиле кылууга чакырабыз”, – деп билдирген.

         Буга чейин Кыргызстан “Тышкы саясатынын концепциясын” толук бойдон кайра карап чыгып жатканын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирген. Ал концепцияда “учурдагы чакырыктарга Кыргызстан кандай реакция кылат, ким менен кандай кызматташат, жакыны ким болот, алысы ким болору каралат” деп кошумчалаган.

         Ал арада Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 141 мүчөсү Орусияны аскерлерин Украинадан чыгарып кетүүгө чакырган резолюцияны колдоду. Орусиянын өзүнөн сырткары алты мамлекет “каршы” добуш берген. Ал эми, добуш берүүдөн карманган 32 өлкөнүн арасында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан бар.

         Белгилүү болгондой, Украинадагы согуштун башталганына бир жыл айланды. Бул маселеде Борбор Азия мамлекеттери нейтралдуу позицияны карманууга аракет кылууда. Мындай абал Батыш үчүн Борбор Азияда жаңы саясий баракты ачканга мүмкүнчүлүк жаратууда. Анткени, аймактагы мамлекет башчылар Орусияга толук моюн сунуу эл аралык каржы уюмдардан жана Батыштан келе турган инвестициялардын токтоп калышын же сезилерлик азайышын шарттай турганын түшүнүп турат.

         Ал эми, АКШ «C5+1» форматы аркылуу аймактагы таасирин күчөтүүгө аракет кылууда. Айрыкча, 2019-жылы Казакстандагы саммиттин жабык эшик артында өтүшү жана андагы келишимдер толук ачыкталбашынын артынан АКШнын аймактагы аракеттери активдешкени байкалды. Белгилүү болгондой, АКШ “С5+1” форматы аркылуу Борбор Азия өлкөлөрүн дүйнөлүк базарга алып чыгуу жана ушул аркылуу бул аймактагы саясий-экономикалык кызыкчылыктарга ээ болууну каалайт. Бул үчүн АКШ региондо Кытайга каршы маанайды күчөтүп, Россиянын таасирин чектөөгө олуттуу аракет кылууда.

         Украинага эсепсиз каржылык жана курал-жарак жардамдарды берүүсү Украина согушун көпкө созуларына далалат кылат. Муну менен Россияны Украина баткагына батырууну жана анын аркаңкы эшиги болгон Борбор Азия мамлекеттери үстүнөн өз таасирин күчөтүүгө аракет кылмакчы.

         Ал эми, Кытайдын аймактагы таасирин чектөө максатында Шинжаңдагы мусулмандардын маселесинен пайдаланууда. Ушул максатта, Казакстан бийлигинен Чыгыш Түркистандан качып келген мусулмандарды кайтарып бербөөнү талап кылып келет. О.э ал жердеги зулумдуктарды ачып таштоо менен мусулмандардын туйгусун Кытайга каршы багыттоодо. Түпкүлүгүндө, АКШнын да Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшү Кытайдан кем калбайт. Андыктан, Кыргызстан жана Борбор Азия калкы аймакта колонизаторлордун таасир талашынан улам, экинчи Украина сценарийи келип чыгуусуна жол бербеши керек. Бул үчүн жогорудагы сыяктуу жолугушуулардын артынан түзүлгөн келишимдерге маани берип, жетекчилерди калктын кызыкчылыгына каршы аракеттерден токтотушубуз зарыл.

         Айрыкча, Борбор Азия калкы ач иттердей жулунган колонизаторлордун кызыкчылык талашына айланбашы үчүн алгач үстүбүздө куфр эл аралык системасына каршы тура ала турган идеологияга ээ болушубуз шарт. Мындай кубатка ээ идеология бир гана Исламда бар. Демек, биз Ислам саясында биригүүгө бүткүл күчүбүз менен аракет кылышыбыз шарт! Ал эми, АКШ, Европа Биримдиги, Орусия же Кытай менен түзүлгөн уюмдар бизди аларга колония кылууну гана максат кылат. Демек, мындай уюмдардан баш тартып, Исламга жүздөнүү менен гана эки дүйнө азиздигине жетишебиз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here