Кытай Украина маселесинде ортомчу болгусу келет

2125
0

Кытай Украина маселесинде ортомчу болгусу келет

         Кытай толук бир жылдан бери уланып жаткан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту жөнгө салуу үчүн 12 пункттан турган планын сунуштады.

         Кытай Тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө, тынчтык сүйлөшүүлөрүн тез арада баштоо зарылдыгы жана бул үчүн Кытай ортомчу болууга даяр экендиги айтылды. Бээжин планында тараптарды азык-түлүк коопсуздугун кепилдөөгө, өндүрүш жана товар жеткирүүнүн туруктуулугун камсыздоого чакырган. О.э лагердик конфронтациянын пайда болушуна жол бербөө керектигин жана адам укуктары сакталышы керектигин билдирди.

         Кытай Орусияны назарда тутуу менен мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү, эгемендиги кепилденишине, айрым өлкөлөрдүн коопсуздугуна олуттуу мамиле жасоого чакырды. О.э өзөктүк курал колдонуудан баш тартуу зарылдыгын билдирди.

         Ал эми, Батыштан бир тараптуу санкцияларды токтотууну, аскердик жаңжалдарды кыскартууну жана гуманитардык кризисти жоюуну талап кылды.

         Кытайдын бул чакырыктары Украина согушу башталган учурда Россиянын жанындагы ордунан алыстаганын көрсөтүүдө. Тагыраагы, Россиянын согушта алсырап баруусу, Кытайды артка кадам таштоого жана Батыштын талаптарына ылайык позицияны карманууга мажбур кылууда.

         Кытайдын бул кадамына АКШнын мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс дароо билдирүү жасап, Кытай бейтарап мамлекет катары эсептелбей турганын айтты. Муну менен АКШ Кытайга карата моюн сундуруу саясатын колдоно турганына ишара кылды. Украинаны Россияны сындыруу үчүн курал катары пайдаланып жаткан Американын Кытайга каршы Тайвань маселесин козутуусу өз жемишин берүүдө. АКШ муну менен эле чектелбей, Кытайдын айланасындагы мамлекеттерди колдоо менен ага басым өткөрүүдө. Маселен, дүйнөнүн үчүнчү экономикасы болгон Японияны кайрадан куралдануусуна шык берип жатат. Жакынкы жылдары эң көп калктуу мамлекетке айланышы күтүлүп жаткан Индияны колдоо менен Кытай чек араларында жаңжалдарды тутантууда. О.э Австралия жана Канада менен союз түзүү аркылуу аларды да Кытайга каршы багыттоого аракет кылып жатат.

         Жыйынтыктап айтканда, Кытайдын ортомчулук аракети негизинен өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарынан келип чыккан. Анткени, адам укуктары жана тынчтык тууралуу кеп кылып жаткан Кытайдын ичинде мусулмандарга карата адам чыдагыс зулумдуктар жасалып жатканы баарыбызга маалым. Ал Украина маселесинин артынан Батыштын санкцияларына туш болуп, экономикалык жактан зыян тартпоо үчүн, дээрлик Батыш чакырып жаткан нерселерге чакырууда. Муну менен АКШ баштаган эл аралык түзүмгө каршы чыкпаганын көрсөтмөкчү болууда.

         Ал эми, Кытай лидеринин Араб өлкөлөрүнө жасаган расмий сапарында Иранды айыптаган жана Орусияга жакпай турган билдирүүлөрдү жасашы, “жаңы эл аралык союз” түзүлөт деген сөздөр жөө жомок экендигине далалат кылат. Албетте, пайдага жана өкүмзордукка негизделген бүгүнкү капиталисттик системадан мындан башка абалды күтүү да мүмкүн эмес! Андыктан, мусулмандар эл аралык саясатта адилеттикти кепилдеп бере турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышы керек. Ансыз, дүйнө калкы колонизаторлордун курмандыгына айланып, согуш жана зулумдук астында эзилип кала бермекчи…!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here