Фалестин – тарыхыңардын гүлдестеси! Оо, мусулмандар, баскынчылар жана арамзалар Фалестинди кордошуна жол бербегиле!

1630
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин – тарыхыңардын гүлдестеси!

Оо, мусулмандар, баскынчылар жана арамзалар Фалестинди кордошуна жол бербегиле!

Мубарек Фалестин жеринде адам өлтүрүү, зордуктоо, уурдоо жана ойрон кылуу менен алектенип жаткандар – Аллах жараткан адамзат ичинде эң нажас, ыплас жана кара мүртөз кишилер. Бул яхудийлердин мынчалык ээн-эркин душмандык кылууларына негизги себеп – мусулман өлкөлөрүндөгү, өзгөчө, яхудийлерди коргоп жаткан кошуна мамлекеттердеги мусулман өкүмдарларынын тил бириктирүүсү жана Батыш мамлекеттери яхудийлерди чексиз колдоп-кубаттоосу. Бул вужудду ушул мубарек жерге канжар сыяктуу сайып койгон, бул вужудду пайда кылып, ага камкордук көрсөткөн о.э. тирүүлүк каражаттары менен камсыздаган, дагы эле камсыздап жаткандар – ушул Батыш мамлекеттери.

Фалестин ар дайым мусулмандардын тарыхынын гүлдестеси, көңүл борборунда жана негизги этибарында болгон. Фалестинди Умар Фарук ибн Хаттах розияллаху анху фатх кылган болсо, Салахиддин Айюбий рохимахуллах азат кылган, султан Абдулхамид рохимахуллах болсо коргогон. Бул жер мусулмандар менен башкалар ортосундагы көптөгөн согуштарга күбө болду. Ар ирет душман бастырып кирсе, мусулмандар атылып чыгып, узак же кыска убакыттабы, аларды кууп чыгарышкан. Ошентип Фалестин пакиза абалына дагы кайткан. Ал Расулуллах ﷺ Масжиди Харамдан Масжиди Аксага сейил кылгандан бери Ислам менен бекем байланган жер болуп эсептелет. Ушул себептен улам, ал жүрөктөрдө терең орун алып, дагы эле ошондой болуп турат. Мына ушулардан улам, яхудийлер канчалык адашып, зулум кылышпасын, аларды дагы кууп чыгара күн – Аллахтын уруксаты менен – албетте келет. Бул үчүн Уммат кайра биригиши о.э. Ислам менен Исламга жан киргизген алгачкы тарыхына кайтуусу, артында туруп согуша турган жана аны менен коргоно турган адилеттүү халифа Умматка жетекчилик кылышы керек. Бардык мусулмандар Аллах Субханаху ва Тааланын убадасына жана Расулу ﷺдын башаратына бекем ишенип аракет кылчу жол – ушул. Акыбет такваларга таандык.

 

Роя гезити, №428, 2022-жыл, 1-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here