Тунис премьер-министри Франциянын финансы органынын директору менен жолугушуусу көз карандылыкты бекемдөөдөн жана кризисти күчөтүүдөн башка нерсе эмес!

1465
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Тунис премьер-министри Франциянын финансы органынын директору менен жолугушуусу көз карандылыкты бекемдөөдөн жана кризисти күчөтүүдөн башка нерсе эмес!

2022-жылы 31-декабрда Туниске келип кеткен Франция финансы органынын башкы директору Эммануэль Мулен 2023-жылы 24-январда Тунис премьер-министри Нажла Будин Рамазан менен Касабадагы өкмөттүк сарайда дагы жолукту. Эммануэль Муленди Франциянын Тунистеги элчиси Агдре Паран коштоп барды.

Өкмөт жарыялаган расмий билдирүүдө бул жолугушуу Тунис менен Франциянын көп тармактарда, өзгөчө, экономикалык жана финансылык тармактарда өз ара кеңешүүсү жана пикир алышуусу жылы алкагында өтүп жатканы айтылган.

Бул эки франциялык расмий Франция экономикалык өнүгүүнү жана социалдык бакубатчылыкты тикелөө үчүн зарыл болгон реформаларды ишке ашыруу жаатындагы Тунистин иш-аракеттерин колдоп-кубатташын баса белгиледи.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү бул жөнүндө ушуларды баса белгиледи: «Бул шектүү жолугушуудан Тунис менен колонизатор Франция логистика боюнча тажрыйба жана пикир алмашуусу максат кылынганы айтылууда. Бирок, жолугушуунун маңызына жалпы саясий багыттын, Тунис башынан өткөрүп жаткан кордук көз карандылык, бардык тармактагы, айрыкча, акча-кредит тармагындагы кризистердин өңүтүнөн кароо керек…

Өкүнүчтүүсү, бүгүн өлкөбүздө эгемендүүлүктү жана коррупцияга каршы күрөштү айтып, козголоңдун ураандарын көтөрүп чыгып, бирок, ошол эле учурда, адамдардын өмүрүн, ырыскысын жана иштерин башкарууну убадага да, милдетке да турбаган колонизатор кафирге тапшырган режим турат. Аллах Таала айтат:

﴿وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾

«Аллах момундар үстүнөн кафирлерге эч качан жол бербейт»                                [4:141]

Учурда бул илманий өкүмдар тайпа ааламдар Роббиси түшүргөн мыйзам системасына көз жумуп, текебердик кылууда. Негизи, бул вахий система адамдын азык-оокат, кийим-кече, саламаттыкты сактоо, финансылык-экономикалык иштерин жөнгө салып, алардын майда барат бардык проблемаларын чечет. Бул тайпа Аллахтын өкүмүнө жана мыйзамына качанга чейин текебердик кылат?! Качанга чейин Ислам түзүмүнө мынчалык каршы чыгып, бизге зыян жеткирүү аракетинде жүргөн колонизатор кафирдин кучагына кирүүдө бири-бири менен жарышат?!».

 

Роя гезити, №428, 2022-жыл, 1-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here