Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен жолугушту

2897
0

Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен жолугушту

 Кабар: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттин бардык мурдагы президенттери – Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдор менен жолугушканын билдирди.

 Жапаров “Фейсбуктагы” баракчасында: “Мен мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго отургуздум”, – деп жазган.

 Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жолугушуу нейтралдуу аймакта болуп өткөнүн айтты. Айрым басылмалар, бул жолугушуу Дубайда болгонун айтышууда.

 Садыр Жапаров “ынтымак жоктуктун, бийлик талашмайдын айынан илгерки империябызды жоготуп, Орто Азиянын бир кычыгында калып бараткандайбыз” деди.

 “Баарынын башын бириктирүү менен жалпы кыргыз журтунун келечегин ойлогонубуз туура”, – деп жазган Жапаров.

 О.э. “башында эл шайлаган, аягы кейиштүү бүткөн президенттердин башын бириктирсем, балким бир муштумга түйүлгөн ынтымактуу журт болот белек” деген ой көптөн бери көкүрөгүн эзип келгенин билдирди.

 Жапаровдун айтымында, мурдагы президенттер анын “бир муштумга биригүү” демилгесин колдоп беришкен. О.э. биринин артынан бири келген мурдагы президенттер ачуу кептерди айтышып, көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүшкөндүгүн, кемичиликтерин моюндарына алышып, бири-бирин кечиришкендигин билдирди.

 Комментарий: Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнө өкүмдарлык кылып жаткан о.э. Кыргызстанда да колдонулуп жаткан капитализм түзүмү кызыкчылык – пайда негизине курулгандыктан, мында бардык иштер, өлчөөлөр жана мамилелер кызыкчылык негизинен келип чыгат. Кызыкчылык бар болсо душмандар да доско айланышы, атаандаштар биригип аракет кылышы мүмкүн. Эгер кызыкчылык болбосо, ал тургай ата менен бала, ага менен ини мамиле кылбайт. Кызыкчылык ббар болсо элдин кызыкчылыгына миллиарддаган доллардык зыян жеткирген кылмышкерлер акталып, жоопкерчиликтен кутулуп кетиши мүмкүн.

 Кыргызстандын учурдагы президенти Садыр Жапаров да жаз мезгили жакындап (Кыргызстандагы революциялар мезгили) келе жатканы себептүү оппозициялык күчтөр менен тил табышуу аракетин баштады. Себеби, Жапаровдун бийлигине да – мурдагы президенттер сыяктуу эле – элдин ишеними жоголуп барууда. Жапаров бүгүнкү күнгө чейин шайлоонун алдында берген убадаларынын бирин да аткара албады. Элдин экономикалык абалы начарлап барууда. Алдыда Дүйнөлүк банктын талабы менен электр энергиясынын баасын көтөрүү турган болсо, чек ара маселеси, айрыкча Кемпирабад маселеси оппозициялык күчтөр үчүн элди көтөрүүгө ыңгайлуу шарт түзүүдө. Өлкөдө болсо акаевчи, бакиевчи жана атамбаевчи күчтөр ыңгайлуу учурду аңдып турганы жашыруун сыр эмес. Жапаров мына ушул абалды жөнгө салуу жана кезектеги революциянын алдын алуу үмүтүндө мурдагы президенттер менен жолугушуп, аларды ыраазы кылууга умтулууда. Жапаров үчүн мурдагы президенттер бийликте турганда кандай кылмыштарды кылганы, эл жана мамлекеттин кызыкчылыктарына кандай зыяндарды жеткиргени маанилүү эмес. Анын бирден-бир кайгысы өз бийлигин сактап калуу.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here