Жапаров мурдагы президенттер менен жолукканын билдирди

3522
0

Жапаров мурдагы президенттер менен жолукканын билдирди

         Президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго олтургузганын билдирди. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

         Анын айтымында, “Акаевчи”, “Бакиевчи”, “Атамбаевчи” «Отунбаевачы» «Жээнбековчу» «доконцачы» жана башка “чылар” дегенди жоюп, баарынын башын бириктирүү зарыл.

         “Ата-бабалар наркына да карасак, «атанды өлтүргөнгө эненди алып бер» дейт. Мусулманчылык жосунуна да карасак, кечире билүү жана кечиримдүү болуу улуу салт экенин көрөбүз. Кечиримдүү бололу, сабыр күтүп, алга сапарыбызды улайлы”, деди Жапаров.

         Жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышканын, президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Айрым маалымат булактар мурдагы президенттер Дубайда жолугушканын айтып чыкты.

         Белгилүү болгондой, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 14-февралда дарылануу үчүн бошотулган эле. Туңгуч президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш иштер Кумтөр боюнча соодалашуунун аркасынан 2022-жылы токтотулган. Ал эми, өлкөнү 5 жыл башкарган Курманбек Бакиев 2010-жылы өлкөдөн чыгып кеткен жана Беларусиядан башпаанек алган. Ага карата бир катар кылмыш иштери козголгон. 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин мамлекетти убактылуу башкарган Роза Отунбаева менен «Октябрь» окуясынын артынан бийликтен кеткен Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына ээ.

Кыргызстан учурда орточо чечимге негизделген капиталисттик системада жашап жатат. Мындан улам, башкаруучу топ калкты көтөрүп чыга ала турган оппозициялык топтор менен соодалашуу аркылуу өз бийлигин сактап калууда. Түпкүлүгүндө, «гумандуулук», «кечиримдүүлүк» демократиядагы саясий соода жана кызыкчылыктар үчүн колдонула турган термин болуп калган. Ал эми, Ислам көз карашынан караганда, мамлекет башчысынан адамдарды Алланын өкүмү менен башкаруу талап кылынат жана адилеттүүлүк мамлекет башчыда табылышы керек болгон шарттардан болуп саналат. Ал эми, кечиримдүүлүк мамлекет башчысынан талап кылынган шарттарга кирбейт. Аллах Таала айтат:

Жок (эй Мухаммад), Раббиңе ант болсун, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени өкүмдар кылышмайынча жана кийин сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт” (Ниса: 65). Дагы айтат:

Кимде-ким Алла түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар зааалимдер” (Мааида 44). Алланын Элчиси муттафакун алайх хадисте айтат:

 “Кимде ким бул ишибизде (динибизде) анда болбогон нерсени кошсо, бизден эмес” (Бухарий риваят кылган). Ал эми, башкаруучунун адилеттүү болуу шарты Аллах Тааланы күбөнүн адилеттүү болушун буюрган өкүмүнөн алынат: “…жана өзүңөрдөн болгон (тактап айтканда, мусулмандардан) эки адилеттүү адамды күбө кылгыла жана күбө болуучулар күбөлүктү Алла үчүн толук аткаргыла! (Талак 2). Халифа күбөлүк берүүчүдөн дагы да маанилүү мансапта болгондуктан, анын адилеттүү болушу абзел шарт. Адилеттүүлүк ар бир ишти Алланын өкүмүнө ылайык аткаруу менен гана ишке ашат. Адилеттүүлүктүн тескериси болсо зулумдук болот.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан абактарында Алланын динин үстөм кылуу үчүн даават кылган 160дан ашык боордоштор экстремизм менен айыпталып, жабык режимде камалып отурушат. Түпкүлүгүндө, “демократтар” өздөрү чыгарган аныктамага ылайык, бүгүн аш тартылып, бир столдо отурган мурдагы президенттер экстремист болуп саналат. Ал эми, абактарда даават үчүн мусулмандардын камалышы зулумдук болуп эсептелет. Анткени, алар Алланын динин үстөм кылуу үчүн кылган дааваттары үчүн гана камалып отурушат! Алар үчүн адам акылынан чыгарылган мыйзамдар менен башкаруунун ордуна Туура жол болгон Исламды башкарууга алып келүү – ал абактарга камоо, куугунтуктоо жана өлүмгө алып келсе да – баарынан маанилүү! Демек, Жапаров туура жолдо алдыга жылууну кааласа, өз ишин “экстремизм” жомогу аркылуу камакка алынган мусулмандарды азат кылуудан башташы керек.

Мумтаз Маверранахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here