Жугуштуу оорулар жайылышынын алдын алуу

2336
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

               Бисмиллахир рохманир рохиим

Жугуштуу оорулар жайылышынын алдын алуу

Мамлекетте өзгөчө кырдаал сыпатындагы жугуштуу оорулар

  Жугуштуу оорулардын күчөшү турмуш жана эмгек үчүн потенциалдуу коркунуч туудуруп, ири кырсыктарга алып барышы мүмкүн. 1918-1919-жылдары H1N1 вирусунан келип чыккан “Испан гриппи” пандемиясы 500 миллионго жакын адамга таасирин тийгизип, мындан өлгөндөрдүн саны дүйнө жүзү боюнча болжол менен 50 миллионго жетти о.э. мындан саламаттыкка тиешелүү проблемалар, саясий жана экономикалык кыйынычылыктар келип чыкты. Ошол эпидемиянын кайталанышынан коркуп, бир нече мамлекеттер грипп вирусуна каршы жылдык эмдөө программасын кабыл алышты. 2003-жылы SARS деп аталган жаңы коронавирус пайда болду жана бул вирус эпидемия көзөмөлгө алынганга чейин кеминде 12 мамлекетке жайылууга жетишти. 30/1/2020-жылы Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму (ДССУ) Covid-19 (SARS-Cove 2) пандемиясын эл аралык өзгөчө абал катары жарыялады жана ал 11/3/2020-жылы расмий түрдө пандемия деп жарыяланды. Бир жылдан кийин инфекция абалдарынын саны эл аралык уюмдардын статистикалык маалыматтарына ылайык, болжол менен 118 миллионго жетти. Өлгөндөрдүн саны 2.6 миллиондон ашык абалда катталды. Бул эпидемиянын экономикалык жоготууларга жана саламаттыкка аябай таасирин тийгизди. Ошондуктан, ар кандай мамлекетте мындай маселелер боюнча даярдык татыктуу деңгээлде болушу керек.

Мамлекетке келген чет элдиктердин саламаттыгын көзөмөлдөө

  Ислам мамлекети жогоруда айтып өткөнүбүздөй, вирус жуктургандар мамлекетке киришиние жол бербеш үчүн Covid-19, SARS, Жакынкы Чыгыш респиратор синдрому, Туберкулез, Ваба (Perseniya), Грипп, Ebola жана ушул сыяктуу жугуштуу оорулар жайылган мамлекеттерден келгендерди текшериши керек.  О.э. мамлекет глобалдык саламаттыкты сактоо тенденцияларын күзөтүшү керек. Ушундай көрүнүштө Халифалык мамлекети адамдардын оору жайылган аймактарга саякат кылышынын жана андан кайтышынын алдын алуу үчүн зарыл болгон норма жана өкүмдөрдү колдонуу менен этияттык чараларын көрүшү керек болот.

Жугуштуу оорулар жана пандемиялардын жайылышына каршы күрөш – Карантин

  Оорулардын арасында жугуштуу жана кооптуулугу жогору болгон оорулар бар болуп, мындай оорулар жайылышынын алдын алуу үчүн кээде оорулууну бүтүндөй изоляция кылуу же аны менен мамиле кылганда маска кийүү сыяктуу профилактикалык чараларды колдонуш керек болот. Себеби, соо адамдарга бейтаптан жугуштуу микроорганизмдер жукпашы үчүн ушундай кылыш керек болот. Эгер дарыгерлер белгилүү бир бейтап тууралуу коркунуч туудуруучу жана жугуштуу оорулар булагы деген чечим кабыл алышкан болсо, мамлекет ал бейтапты адамдардан бөлүп, эгер ал шыпаа жана күзөтүүгө муктаж болсо, үйүндө же ооруканада болушу, изоляция кылынышы керек болот. Эгер аны адамдардан бүтүндөй изоляция кылуу талап кылынбаса, аны зарыл профилактикалык чараларды көрүүгө мажбурлашы керек. Карантин – бул инфекция жуктурууну азайтуу үчүн адамдардын аракеттерин жана аралашып жүрүшүн чектөө. Чындыгында, шарият карантиндин тарыйкатын анык белгилеп берген:

  • Ооруну башталган жеринде токтотуу жана жайылышынын алдын алуу.
  • Бейтапты соо адамдардан бөлүү.

а) эпидемияны көзөмөлдөө жана ооруну чектөө

  Оору келип чыккан жай аныкталган соң, Ислам оору табылган жерлерде катуу карантин саясатын киргизет. Бухарий Усома ибн Зайддан риваят кылат. Расулуллах с.а.в. айтат:

 إذا سَمِعْتُمْ بالطَّاعُونِ بأَرْضٍ فلا تَدْخُلُوها، وإذا وقَعَ بأَرْضٍ وأَنْتُمْ بها فلا تَخْرُجُوا مِنْها

  “Эгер бирер жайда Тоъун (өлөт) оорусу бар экендигин уксаңар, ал жакка барбагыла. Эгер бул оору силер турган жерде пайда болсо, ал жерден чыкпагыла”.

  Бухарий жана Муслимдин хадисинде Усома ибн Зайддан кылынган дагы бир риваят бар. Расулуллах с.а.в. айтат:

الطَّاعُونُ رِجْسٌ أوعَذَابٌ أُرْسِلَ عَلَى طَائِفَةٍ مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ، أَوْ عَلَى مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ، فَإِذَا سَمِعْتُمْ بِهِ بِأَرْضٍ، فَلاَ تَقْدَمُوا عَلَيْهِ، وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ، وَأَنْتُمْ بِهَا فَلاَ تَخْرُجُوا، فِرَارًا مِنْهُ

  “Тоъун (өлөт) Бану Исраилге же алардан мурунку коомдорго жиберилген бир ыпылас оору. Эгер кайсы жер ал бар экенин уксаңар, ал жакка барбагыла. Эгер ал силер турган жерде пайда болсо, андан качып чыкпагыла”.

  Бухарийдин Айша энебизден кылган башка риваятында келишинче, Айша энебиз айтат: Мен Расулуллах саллоллоху алайхи ва салламдан Тоъун жөнүндө сураган элем Расулуллах с.а.в. мага мындай деди:

أَنَّهُ عَذَابٌ يَبْعَثُهُ اللَّهُ عَلَى مَنْ يَشَاءُ، وَأَنَّ اللَّهَ جَعَلَهُ رَحْمَةً لِلْمُؤْمِنِينَ، لَيْسَ مِنْ أَحَدٍ يَقَعُ الطَّاعُونُ، فَيَمْكُثُ فِي بَلَدِهِ صَابِرًا مُحْتَسِبًا، يَعْلَمُ أَنَّهُ لاَ يُصِيبُهُ إِلَّا مَا كَتَبَ اللَّهُ لَهُ، إِلَّا كَانَ لَهُ مِثْلُ أَجْرِ شَهِيدٍ

  Ал Аллах Таала каалаган пендесине жибере турган азап. Албетте, Аллах аны момундар үчүн рахмат кылды. Момундардын бирөө жарымына бул оору жукса, ал Аллах маңдайына жазган нерсеге гана жетерин билген абалда, сабыр кылган жана акыретти үмүт кылган абалда өзүнүн шаарында калат. Мына ошол адам үчүн шахиддин ажр-сыйлыгы берилет”.

  Ибн Хажар “Фатхул Бари” эмгегинде айтышынча, экинчи халифа Умар ибн Хаттоб разияллоху анху Шам тарапка жолго чыкты.  Шамга жакындап калганда Халифага ал жерде ваба жайылгандыгынын кабары жетти. Ошондо Абдурахман ибн Авф Умар ибн Хаттоб разияллоху анхуга Расулуллах саллоллоху алайхи ва салламдын төмөнкү сөздөрүн жеткирди:

إِذَا سَمِعْتُمْ بِهِ بِأَرْضٍ، فَلاَ تَقْدَمُوا عَلَيْهِ، وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ، وَأَنْتُمْ بِهَا فَلاَ تَخْرُجُوا، فِرَارًا مِنْهُ

  “Эгер бирер жайда аны (вабаны) уксаңар, ал жерге барбагыла. Силер турган жерде ваба жайылган болсо, андан качып чыкпагыла”. Муну уккан Умар ибн Хаттоб артка кайтып кетти.

б) жугуштуу ооруга чалдыккандарды соо адамдардан бөлүп коюу

  Оорунун белгилери көрүнгөн кишилерге келсек, аларды соо адамдардан кескин түрдө бөлүп коюш керек. Бейтаптардан инфекция башкаларга жайылбашын камсыздоого катуу аракет кылыш керек. Бухарий Усома ибн Зайддан кылган риваятта Расулуллах с.а.в. айтат:

 إذا سَمِعْتُمْ بالطَّاعُونِ بأَرْضٍ فلا تَدْخُلُوها، وإذا وقَعَ بأَرْضٍ وأَنْتُمْ بها فلا تَخْرُجُوا مِنْها

  “Эгер бирер жайда Тоъун бар экендигин уксаңар, ал жакка барбагыла. Эгер ал силер турган жерде пайда болсо, ал жерден чыкпагыла”.  Адамдарды бул багытта кызматташууга чакырыш керек. Себеби, Расулуллах с.а.в. айтат:

 لا ضَررَ ولا ضِرارَ، مَن ضارَّ ضارَّهُ اللَّهُ، ومَن شاقَّ شَقَّ اللَّهُ علَيهِ

  “Зыян жеткирүү да, зыян көрүү да жок. Кимде-ким бирөөгө зыян жеткирсе, ага Аллах зыян жеткирет. Ким бирөөнү машакатка салса, аны Аллах машакатка салат”.

  Эгер мындай абалда бейтап карантиндин эрежелерине моюн сунбаса, мамлекет аны күч менен мажбурлап, карантин абалына киргизет. Себеби, анын тышкарыга чыгып, адамдар менен аралашып кетиши адамдарга зыян жеткирет. Бирок, Имам-Жетекчи тышкарыга чыгуудан жана эмгектенүүдөн тосуп коюлганы үчүн күнүмдүк каражатка ээ болбогон карантиндеги бейтапты нафака менен камсыздашы керек. Кыскасы, жугуштуу оорулардын жайылышына каршы күрөшүүнүн эң туура жолу – бейтаптарга көзөмөлдү күчөтүү жана аларга акысыз дарыланууну камсыздоо менен бирге – жугуштуу ооруну пайда болгон жеринде изоляция кылуу жана ошол аймакты карантиндик абалга киргизүүдөн турат. Ошол эле убакта соо кишилер жугуштуу оорулар пайда болушунан мурда кандай болсо ошондой бойдон социалдык жана экономикалык турмушун уланта беришет. Намаз сыяктуу ибадаттар улана берет. Бул адис докторлор көрсөтмө берген татыктуу медициналык этияттык чараларын көрүүдөн кайтарбайт. Мамлекет мисалы, таалим тармагы сыяктуу өзүнүн калкы үчүн негизги муктаждыктарды камсыздоону уланта берет.

Кошумча иш-чаралар

  Оорунун өзүнө хос хусусияттарына ылайык жайылышынын алдын алуу зарыл болсо, Расулуллах с.а.в.дын:

الإمام رَاعٍ ومسؤول عن رَعِيَّتِهِ

“Имам башчы жана ал өз калкынан жоопкер”, – деген сөзүнө ылайык, адамдардын иштерин башкаруу үчүн кошумча чараларды колдонуш керек болот. Бул чаралар коомдук жайларда мажбурий текшерүүлөрдү жана шарият өкүмдөрүнө ылайык башка маселелерди өз ичине алышы мүмкүн.

  Исламда мамлекеттин иштерин башкаруу салахиятын кыянаттык менен пайдаланган абалда адамдардын умумий, күнүмдүк турмушун токтотуп коюшу мүмкүн эмес. Себеби, адамдарды үйлөрүнө камап коюу тиричиликтин оордошуусуна, проблемалардын курчушуна о.э. башка проблемаларга  алып барат. Ошондуктан, Халифалык мамлекети мындай чараларды биринчи эмес, тескерисинче эң акыркы чара катары колдонушу керек. Ошондо Халифа адамдардын күнүмдүк иштерин, соода-сатык иштерин токтотуп койбойт, ырыскылары артынан жүрүү жана важиб ибадаттарды аткаруу сыяктуу шаръий-мыйзамдуу аракеттерди тыйып койбойт. Мындай чектөөлөрдү шаръий өкүмдөр уруксат берген орундарда гана колдонууга болот. Себеби, адаттагы күнүмдүк жашоо калктын акы-укугу болуп эсептелет. Бул укукту шаръий жана фардий зарылдыксыз чектөөгө болбойт. Ал тургай, ушул абалда да бул чектөөлөрдү убакыт жана жай менен чектөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгыш керек болот.

Өзгөчө кырдаалдарга даярдык

  Ислам мамлекети башкаруу жаатында биринчи даражалуу мамлекет болуп, эпидемиялардын алдын алуу жана аларга эң жакшы васиталар менен каршы туруу үчүн ар дайым шай жана даяр турган. Учурда мындай ыктымалдарга каршы күрөшүү үчүн өзгөчө пландарга ээ болуш керек.

Мындай кокустук окуяларга даярдыктардын негизги жактары төмөнкүлөрдөн турат;

  • Умумий саламаттык үчүн жакшы бир түзүм керек болуп, бул түзүм пандемиялар катталышын жакындан күзөтүп барат жана маалыматтарды борбордук саламаттыкты сактоо башкармалыгына жиберет. Бул башкармалык болсо өзүнүн жогорку даражадагы салахиятынан келип чыгып, зарыл болгон чечимдерди кабыл алат.
  • Ушул түзүмдөн жергиликтүү аймактарда тест жана эмдөөну уюштуруу, эгер керек болсо, изоляцияны жеңилдетүү үчүн пайдаланыш керек. Исламий мамлекеттерде ар бир аймакта мечиттер бар болуп, зарылдык туулганда бул мечиттерден зарыл болгон инфраструктуранын бир бөлүгү катары пайдаланса болот.
  • Экспертизаларды өткөрүү, кызматкерлерди коргоо, аларды мамлекеттеги лабораториялар менен байланыштыруу жана башка мамлекеттерден жабдыктарды алып келүү үчүн зарыл болгон ресурстарды алдын ала пландаштыруу.
  • Өзгөчө кырдаалдарда күрөшкө шай туруу үчүн кадимки абалдарда түзүмдө кошумча этияттык чараларынын даражасы бар болушу керек. Ошондуктан, өзгөчө болбогон кадимки абалдарда түзүмдөрдү минималдуу ресурстар менен алек кылуу жаиз эмес. Тескерисинче, эң туура жол кызматтарды өзгөчө кырдаалдар талаптарын кандыруу үчүн көбөйтүү мүмкүн болгон кубаттын кошумча пайызы менен кадимки абалдарда ишке салуу. Бул жасалма кислород запастарын медициналык максаттарда пайдаланууну же жеке менчик өнөржайды, мисалы, жасалма дем алдыруучу жабдыктарды, же коргоочу кийим сыяктуу медициналык жабдыктарды чыгарууга мажбурлоону өз ичине алат.

       Глобалдык саламаттыкты сактоо

  Глобалдык саламаттык – бул дүйнөлүк масштабдагы адамдардын саламаттыгы. Глобалдык саламаттыкты сактоо тармагындагы өнүгүү дүйнөлүк саламаттыкты сактоо маселелериндеги проблемаларга дуушар болууда. Мисалы, Covid-19 сыяктуу кеңири жайылган эпидемиялар, айлана-чөйрө факторлору, экономикалык теңсиздиктер, саясий факторлор, анын ичинде, миграция жана качкындар маселелери, жүрөк оорусу, рак, диабет сыяктуу жугуштуу болбогон оорулар, жаныбарлардын саламаттыгы, азык-түлүк булактары жана өндүрүш материалдарынын саламаттыгы ушулар түркүмүнөн.

   Covid-19 эпидемиясынын акыркы абалы көрсөткөндөй, дүйнө жетекчилиги дүйнөлүк саламаттыкты сактоо проблемаларына чара көрүүдө шал-сенек абалга түшүп калды. Эпидемиологиялык текшерүүлөр, дарылоо жана вакциналарды чыгаруу жаатында да, аларды бардык мамлекеттерге жетиштүү көлөмдө бөлүштүрүү жаатында да ийгиликсиздикке дуушар болду. Мисалы, Коронавирус пандемиясы абалында колонизатор капиталисттик мамлекеттер тарабынан да, ДССУ тарабынан да ушул эпидемияга каршы күрөшүү үчүн жетекчиликти колго алууну же дүйнөлүк координациялоону көрбөдүк. Алгач, алардын айрымдары бул проблеманын көлөмүн кичирейтип көрсөтүштү, андан соң, вакциналарды бөлүштүрүүдө ач көздүк жолуна өтүштү. “Вакциналар улутчулдугу” деген термин мына ушундан келип чыкты.

  Глобалдык ооруларга каршы күрөшүү о.э. саламаттыкты координациялоо максаттарына кызмат кылуучу “Көз карандысыз уюмдар” болушу керек болгон Эл аралык Саламаттыкты сактоо агенттиктери коомчулуктун эки түрдүү сынына учурады:

Биричиден, бул агенттиктердин аракеттерин ири мамлекеттерден көз каранды эмес деп болбойт. Себеби, бул агенттиктер каржылоодо мына ошол ири мамлекеттерге таянат. Демек, бул агенттиктер мына ошол мамлекеттер тарабынан кысымга алынат. Бул мамлекеттердин өздөрү тарабынан колдонулуп жаткан көзөмөл, гегемондук жана саясийлештирүү жаатындагы эл аралык айыптоолор ушуга ишара кылат. Мисалы, АКШ президенти Дональд Трамп ДССУга чабуул кылып, аны АКШ кызыкчылыктарын эсепке албастан Кытайдын кызыкчылыгы үчүн иштеген “саясийлешкен” уюм деп айыптады. Мындай тарапкечтик натыйжасында Трамп 2020-жылдын 14-апрелинде бул уюмду каржылоону бүтүндөй токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. Негизи, АКШ бул уюмга өз бюджетинен эң ири өлчөмдө каражат бөлүп келген мамлекет болчу.

Экинчиден, жыйылып калган ар түрдүү проблемалар себептүү бул агенттиктер бузулуп бүтүшкөн. Буга эң айкын мисал, АКШ эл аралык каржылоодогу жаш балдардын шал оорусуна (полиомиелитке) каршы эмдөө программасын Усома бин Ладендин каерде экендиги жөнүндөгү маалыматты топтоо үчүн иштеткен. Бул тууралуу 10/10/2019 Би Би Си араб веб-сайтында айтылган. Ошентип, Пакистанда саламаттыкты сактоо тармагында иштегендерге шек-күмөн менен каралат. Француз жазуучулары Бернард Дифо жана экономика илимдеринин доктору Бернард Лиминс 2000-жылы “Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо: Умумий саламаттыктын чөгүп бара жаткан кемеси; БУУнун тайылуу жана ийгиликсиздиктери”, аттуу китепти басмадан чыгарышты. Алар бул китепте ДССУнун дүйнөлүк саламаттыкты сактоо кызыкчылыктарына тескери келүүчү экономикалык жана саясий кызыкчылыктарга аралашып кеткенин айтышкан. Дефо ДССУ  көзкарандысыздыгын жоготкону себептүү аралашып калган бир нече коррупциялык абалдарды кошумчалаган. Анын ичинде, Nestle тарабынан жакыр мамлекеттердин базарлары үчүн атайын иштелип чыккан зыяндуу жаш балдарга арналган сүт азыктарын атаган. БУУ, Эл аралык юстиция министрлиги, Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк, Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын бардыгы кайры исламий негизге курулгандыктан, алар Ислам өкүмдөрүнө тескери мыйзамдарды чыгарышат. Ошондуктан, Ислам Мамлекетинин мындай уюмдарда катышуусу, аларга мүчө болуусу мүмкүн эмес. Мындай уюмдар менен союз түзүү же келишимдерге кол коюу аларды күчөтүүгө салым кошот. Себеби, мындай эл аралык жана жергиликтүү уюмдар негизделген негизди Ислам арам деп билет. Мисалы, БУУ куфр түзүмү болгон капиталисттик негизге курулат. Буга кошумча, алар ири мамлекеттердин, айрыкча, Американын колундагы куралдар болуп, ири мамлекеттер бул куралдан кичине мамлекеттерге, анын ичинде Ислам өлкөлөрүнө өкүмдарлыгын өткөрүү үчүн пайдаланышат. Ошондуктан күбө болуп жатканыбыздай, ири мамлекеттер башка мамлекеттер менен жалаң гана өздөрүнүн кызыкчылыгын кепилдей турган келишимдерди түзүшөт. Ал эми эл аралык уюмдар менен кафир мамлекеттерге көз каранды болгон куткаруучу жана жардам берүүчү уюмдардын ортосундагы айырмага келсек, албетте мындай уюмдардын жардам берүү шылтоосунда Ислам өлкөлөрүнө киришине тыюу салынат.  Себеби, гуманитардык жардам жана жабыр тарткандарга жардам берүү урааны артына жашырынган мындай уюмдар адатта кырсыктардан мамлекеттерге кирүү үчүн жана миссионердик ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн пайдаланышат. Индонезиядагы цунамиден кийин жүз берген миссионердик аракет т.а. христиандаштырууга урнуу аракети пикирибизге далил боло алат. Француз уюму Чад мамлекетиндеги жаш балдарды уурдоого аракет кылган. Саясий жана разведка иштерин ишке ашырууга о.э. Судандын Дарфур аймагында жүз бергени сыяктуу козголоңчу жамааттарды колдоп, фитна жалынын күчөткөн. Ошондуктан, мындай уюмдардын пайдасынан зыяны көбүрөөк. Мындай уюмдардын – мейли, жардам берүу шылтоосу менен болсо да –  Дарул исламга кириши фитна уругун себүүгө жана куфр мамлекетинин Ислам мамлекети үстүнөн өкүмдарлык кылышына шарт түзөт. Аллах Субханаху айтат:

وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلًا

  “Аллах эч качан кафирлер үчүн момундар үстүнөн (өкүмдарлык кылышына) жол бербейт.[4:141].

 Айрыкча, товар жана материал сыпатында колонизатор мамлекеттер тарабынан бериле турган жардамдар да Ислам мамлекети тарабынан четке кагылат. Себеби, мындай жардамдар адатта курал-жарак контрабандасына же Ислам мамлекетинин ичинде кафир мамлекеттердин кызыкчылыктары пайда болушуна шарт түзөт. Мындан айырмалуу түрдө, эгер бирер куфр мамлекетинде кырсык жүз берсе, Ислам мамлекети ыйгарым-укуктуу экипаж жана керектүү жабдыктарды жөнөтүү менен жардам берет. Албетте, Халифа бул аркылуу биринчи орунда мамлекеттин жана Исламга болгон даъват кызыкчылыгын эсепке алат. Бул жардамдар жабыр тарткан мамлекеттин аскерий жактан күчөп кетишине алып барбай турган даражада болушун эстен чыгарбайт.

  Азыркы эл аралык уюмдар менен келишимдерди түзүү аркылуу аларды күчөтүүнүн ордуна аларды талкалоого жана алардын ордуна ири мамлекеттерге көз каранды болбогон жаңы дүйнөлүк уюмдарды түзүүгө аракет кылыш керек. Мындай жаңы уюмдар бардык инсаний коомчулуктар моюнга алган о.э. Ислам да моюнга ала турган эрежелерди урматтоо негизине курулат. Мазлумдар үчүн адилеттүүлүк, зулумду тыюу жана элчилердин кол тийбестиги ушулар түркүмүнөн. Андан соң, бул уюмдар өздөрүндө моралдык куч-кубат бар болгону о.э. өздөрүн колдогон дүйнөлүк раъй аммага ээ болгону үчүн бүтүндөй адамзат арасында адилеттүүлүк таратууга кызмат кылышат. Анткени, мындай уюмдар кандайдыр бир мамлекеттин эмес, бүтүндөй адамзаттын пайдасына иштешет. Алар пайгамбарлыктан мурунку Хилфул-Фузул – Фазл ахлинин макулдашуусуна окшойт. Алар ошондо зулумду жоюуга жана мазлумга адилеттүүлүк көрсөтүүгө макулдашышкан. Ал макулдашууга 20 жаш чамасындагы Пайгамбарыбыз с.а.в. да катышкан. Ал зат бул макулдашууну пайгамбар болуп жиберилгенден кийин мындай деп эскерген:

لقد شهدت حلفا في دار ابن جدعان ما أحبّ أنّ لي به حمر النّعم، و لو دعيت به لأجبت

Чындыгында, мен Абдуллах ибн Жудъандын үйүндө бир макулдашуунун күбөсү болгом. Мен ал макулдашууну кызыл төөлөргө да алмашпайт элем. Эгер мындай макулдашууга Исламда чакырылсам, албетте ага дароо макул болмокмун”. Бул хадисти Ибн Хишам өз “Сийрат”ында риваят кылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here