Дүйнө бактысыздыгынын себепчиси – капиталисттик система

739
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Дүйнө бактысыздыгынын себепчиси – капиталисттик система

Капиталисттик ири мамлекеттер дүйнөдө жеке өкүмдарлык кылууну баштагандан бери бүткүл дүйнө бактысыз болду. Себеби, капитализм идеологиясын ишке ашыруунун жолу болгон колонизаторлук себептүү бул бактысыздык дагы да күчөдү. Ырас, ири мамлекеттер дүйнөгө гегемондук кылып, таасир үстүндө бири-бири менен күрөшө беришсе, колонизаторлук улана берсе, дүйнө бактысыз бойдон калат берет. Уммат капиталисттик системаны кыйратуу менен бул бактысыздыктан гана чыгат.

Буга Исламдан башкасы кудуреттүү эмес. Ал тургай, Ислам гана колонизаторлукту жок кылууга кудуреттүү… Жалгыз Ислам гана капитализм идеологиясын кабыл алгандардын жүрөгүнөн бул идеологияны өчүрүп, Исламды аалам, адам жана тирүүлүктү камтыган жалпы идеология катары ачыктап берүү аркылуу бул түзүмдү ойрон кылууга кудуреттүү. Бардык адамдар жана умматтар ушул идеологияны кабыл алышсын, ушул идеология бүткүл мамлекеттер ортосунда талкууга айлансын. Эл аралык майданда күчтүү Исламий Мамлекет болсо гана муну ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгү болот.

Ушул себептен улам, дүйнөнү бир нече кылымдан бери азапка салып келе жаткан карамүртөз капитализмге чекит коюуга кудуреттүү мамлекетти тикелөө шарт. Билип койгула, ал Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети болуп, ал Ислам жана мусулмандарды жек көргөндөр айла-амалын Аллах Тааланын ушул аятына ылайык өздөрүнө кайтарып урат:

﴿وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللَّهُ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ﴾

«(Алар) айла-амал кылышат, Аллах да (аларга) «айла-амал» кылат, Аллах «айлакерирээк»»                                                                                                                                       [8:30]

 

Роя гезити, №427, 2022-жыл, 25-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here