بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Чечүүчү сөз: адамзат үчүн Жараткандын хидаятынан башка жашоо жок
Адамзат ажыздык, алсыздык жана төмөндүк отунда азап тартууда, бул жагдай аны ага таандык болбогон нерселерге көз алайтыра турган жана мыйзамчылыкта Аллах Субханахунун акыйкатына кол сала турган адамга айлантты. Акыбетте, ал кээде перзент көрүүнү алдын алуу жөнүндө мыйзам кабыл алса, кээде адам табиятын унуткандай бул мыйзамды коомдук турмуш үчүн шарт кылып коюуда. Негизи, адамдын Жаратуучусу бул табиятты анын бар болушу үчүн зарыл инстинкт болушун буйруган. Ушул табиятка ылайык, ал нике курууга, перзент көрүүгө жана жер жүзүнө мураскор кылынган адам катары өзүнүн урпагын сактап калууга аракет кылат. Тигил мамлекеттер болсо, коомго жалаң гана материалдык назар менен карап, адамзаттын аман калышын экономиканын абалына жана өнүгүүсүнө байлап коюшууда. Эгер, экономика артка кетип, төлөнүшү керек болгон маяналар көтөрүлүп, жумушчу күч азайып кетсе, бүгүнкү мамлекеттер адамдын санын көбөйтүүнү зарылдык деп билип, муну мыйзам менен шыктандырышат жана өз калкына милдет кылышат. Алар муну элдин пайдасы үчүн эмес, ички дүң продукцияны көбөйтүү үчүн кылышат. Алар кудум Фиръавнга окшойт. Себеби, Фиръавн да өз коомун кордоп, өзүн кудай кылып көрсөткөн жана силерге жашоо укугун берип, муктаждыгыңарды камсыздадым, бул үчүн мага сажда кылышыңар керек, деген жана коом ага караңгылыктан улам моюн сунган… Адамдар ал тогут экенин, эгер ага чөгөлөп моюн сунушпаса, анын кудурети эч кандай мааниге ээ болбошуна акылдары жетпеген. Адам мыйзам чыгаруучу Аллах экенин четке кагуу менен өзүнө каршы кылмыш кылышы о.э. бардык иштеримди өзү башкарам алам, деген куру кыял менен текебердик кылышы да кудум ушундай.
Тыянактап айтсак, адам жана адамзат үчүн Жараткандын хидаятысыз жашоо жок. Адамзаттын барлыгын жана турмушун жетик мыйзамчылык гана коргойт, ошону менен гана алар жыргалчылыкка жана бакытка татыктуу болушат. Ал ушундай бир жашоо болот, адам Аллах тарбынан ага тартууланган акыл жана ыйман ниъматы, адамзатты коргоо үчүн келген шарияты жардамында ааламдын кожоюнуна айланат. Ошондуктан, анын эң зарыл милдеттеринин бири өмүр, акыл, урпак муунду сактоо жана аларга чабуулдарды харам деп тыюу. Исламдын карылык туурасындагы көз карашына келсек, Ислам аны эч качан дарт, же оор проблема, же болбосо мамлекетке жүк жеп карабаган. Тескерисинче, ааламдарга рахмат болуп келген Расулубуздун:
«لَيْسَ مِنَّا مَنْ لَمْ يَرْحَمْ صَغِيرَنَا وَيَعْرِفْ شَرَفَ كَبِيرِنَا»
«Жашы кичүүлөрүбүзгө ырайым кылбаган, жашы улууларыбыздын кадырын билбеген киши бизден эмес», деген сөзү ал заттын хидаят жолдорунан болуп калган. (Абдуллах ибн Амр G хадиси). Буга момундар амири Умар ибн Хаттабдын яхудий карыяга «Биз сенден жаштыгыңда жизя алдык, карылыгыңды текке кетирдик» деген белгилүү сөзү жана ага Байтулмалдан каражат бөлгөнү да кошумча болот. Халифалык мамлекети мына ушундай шариятты колдонот жана адамдарга ырайымдуулук, адилеттик жана камкордук менен саясат жүргүзөт. Адамзат капитализм караңгылыгындагы бактысыздыктан чыгышы үчүн муктаж болуп турган нерсе мына ушул.
Роя гезити, №427, 2022-жыл, 25-январь.