Исламий өлкөлөрдүн өкүмдарлары Умматка каршы яхудийлер менен бирге

728
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Исламий өлкөлөрдүн өкүмдарлары Умматка каршы яхудийлер менен бирге

Абу-Дабиде 2023-жылы 8-январдан 10-январга чейин яхудий вужудунун, аны менен мамилелерди нормалдаштырган мамлекеттердин жана Кошмо Штаттардын тышкы иштер министрлеринин жыйынынын башкаруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Бул жыйын март айында Maроккодо өтө турган жана яхудий вужуду «Негев саммити» деп атап жаткан министрлер жыйынына даярдык көрүү максатында өткөрүлдү. Бул мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Негевдеги биринчи жыйынында учурдагы Абу-Дабидеги жыйынга катышкан жумушчу топ түзүлгөн.

Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин жериндеги маалымат бөлүмү бул туурасында билдирүүнү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Бул аракеттер яхудийлердин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир деген кимсе Акса мечитине бастырып киргенден бир нече күн өтүп жасалды. Муну менен мусулман өлкөлөрүндөгү араб-ажам өкүмдарлары канчалык саткын экендиктери жана Фалестин маселеси аларды кымындай ойлондурбашы, алар бул маселеге атайылап көз жумуп, ал тургай, яхудий вужуду менен бекем алакаларды орнотуп жатышканы ачык-айкын көрүндү!».

Билдирүүдө ушуларга этибар берилди: «Яхудий вужудунун текебердиги ушундай бир даражага жетти, анын министрлери жана келгинди яхудийлер мубарек Акса мечитин тебелеп, аскерлери фалестиндик жигиттердин жана наристелердин канын төгүшүүдө, бульдозерлер менен мусулмандардын үй-жайларын бузуп, жер менен жексен кылууда. Ал эми, яхудийлердин делегациялары исламий өлкөлөрдө сапар кылып жүрүшөт».

Билдирүүнүн аягында мындай делет: «Исламий өлкөлөрдөгү өкүмдарлар яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу менен адамдардын үмүттөрүн жокко чыгарууда, себеби алар душман менен бир аңгекте болуп Умматка каршы күрөшүп жатышканы ачык-айкын көрүнүүдө. Дагы ушул нерсе да ачык-айкын болууда – саясий жана майнаптуу аракет алгач ушул саткын режимдерди кулатууну жана бул иште эч качан суздук кылбоого катуу көңүл бурууну талап кылат. Себеби, убакыт аз. Фалестин калкына жана мубарек Аксага каршы айла-амал болсо күчөп жатат».

 Роя гезити, №427, 2022-жыл, 25-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here