Халифалык мамлекетинде саламаттыкты көзөмөлдөө жана “Хисба” аппараты

1099
0

 Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

                Бисмиллахир рохманир рохиим

 Халифалык мамлекетинде саламаттыкты көзөмөлдөө жана  “Хисба” аппараты

  Ислам мамлекети “Хисба” аппараты аркылуу умумий көрүнүштө коомдун саламаттыгына таасирин тийгизе турган маселелерди көзөмөлдөп барат. Мухтасиб коомго жакындап келе жаткан ар кандай саламаттыкка тиешелүү зыяндын алдын алат жана бул зыянга себепкер болгондорду кайрадан бул кылмышка жакындабай турган кылып жазалайт. Мухтасиб – бул жамааттын укугу болгон маселелерди карап чыгуучу казы болуп болуп, бул маселелерде доогер болбойт о.э. бул маселелер хад жана кылмыштардан болбошу керек. Мухтасиб укук бузуу жөнүндө билип калган соң, соттун жыйынысыз каалаган жерде дароо өкүм чыгарууга акылуу. Анын буйругун аткарышы үчүн бир нече милиция кызматкерлери кол алдында болот жана анын өкүмү дароо аткарылат. Мыйзам бузуу аныкталары менен өкүм чыгарат. Анын ар кандай жерде жана ар кандай убакта; базарда, үйдө, миниле турган айбандын үстүндө, машинада, түнкүсүн, күндүзү… өкүм чыгаруу укугу бар. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам базарда бара жатып эсепсиз, өлчөөсүз үйүп коюлган даамдарды (тамак-аш) карап чыкты. Бир даамды текшерип көрдү. Ал сатыкка чыгарып коюлган эле. Сууланышып калган даамды алдына жашырып койгондугун көрөрү менен бул маселени дароо ордунда чечти. Бул нерсе хисба маселесинде соттун жыйыны шарт эместигин көрсөтөт. Мухтасиб мухтасибдик шарттары толук болгон наибдерди тандоо укугуна ээ. Аларды түрдүү тармактарга бөлүштүрүп коюшу мүмкүн. Ал наибдер өздөрүнө тапшырылган маселелерде, өздөрү дайындалган аймактарда мухтасибдик милдетти аткаруу ыйгарым-укугуна ээ болушат. Төмөндө, Ислам мамлекетинде мухтасиб көзөмөл кылышы важиб болгон айрым иштерге токтолуп өтөбүз:

А- Кафе-ресторандардагы, базарлардагы жана ишканалардагы тамак-аштын сапаты: Эгер тамак бузулган болсо же аны даярдоо жараянында тазалык нормалары сакталбаган болсо, андан түрдүү оорулар келип чыгып, жугуштуу оорулар жайылат. Ошондуктан, тамак даярдап жана аны коомдук жайларда сунуштап жаткан адамдар тазалык нормаларын толук сакташы жана сунушталып жаткан тамак-аштын сапатына катуу көңүл бурушу керек. Мухтасиб бузулган же жасалма тамак саткан кафе жана ашканаларды жаап коюшу о.э. кайдыгерлик себептүү же билип туруп бузулган тамак-аш сатканы үчүн ашкана ээлерин жоопкерчиликке тартышы керек. Мындай тамактануучу жайларды кайрадан ачууга жакшылап текшерүүдөн кийин гана уруксат берилет. Муслим өз “Сахихинде” риваят кылат.

أنَّ رَسولَ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عليه وسلَّمَ مَرَّ علَى صُبْرَةِ طَعامٍ فأدْخَلَ يَدَهُ فيها، فَنالَتْ أصابِعُهُ بَلَلًا فقالَ: ما هذا يا صاحِبَ الطَّعامِ؟ قالَ أصابَتْهُ السَّماءُ يا رَسولَ اللهِ، قالَ: أفَلا جَعَلْتَهُ فَوْقَ الطَّعامِ كَيْ يَراهُ النَّاسُ، مَن غَشَّ فليسَ مِنِّي

Расулуллах саллоллоху алайхи жана саллам эсепсиз көп даамдын жанынан өтүп бара жатып, колун салып көргөн эле, манжалары нымдалышып калды. Ошондо Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам:

 ما هذا يا صاحِبَ الطَّعامِ؟

“Бул эмнеси?” – деп сурады.  Ошондо сатуучу:

Жамгырда калып кетиптир, я Расулуллах, – деди. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам:

أفَلا جَعَلْتَهُ فَوْقَ الطَّعامِ كَيْ يَراهُ النَّاسُ

“Адамдар көрүп турушу үчүн аны эң үстүнө койбойсуңбу?!. مَن غَشَّ فليسَ مِنِّي

Ким алдаса, ал бизден эмес”, – деди.

 Муслим Абу Хурайра разияллоху анхудан да риваят кылат. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

ومن غشنا، فليس منا‏

 “Ким бизди алдаса, ал бизден эмес ”.

Б- Продукциялар менен товарлар үчүн спецификация жана стандарттар: Азык-түлүк продукциялары, курулуш материалдары, пестициддер сыяктуу химиялык заттар, тазалоочу материалдар жана баалуу зергердик буюмдар сыяктуу айрым товар жана продукциялар – эгер алар кепилдик берүүчү спецификациялар жана стандарттарга ылайык иштелип чыкпаса – керектөөчүгө зыян жеткириши мүмкүн. Ошондуктан, мамлекетте ушул стандарттар жана техникалык шарттарды белгилөө үчүн түрдүү тармактардагы окумуштууларды камтыган атайын аппарат түзүлүшү керек. Мухтасиб мына ушул стандарт жана нормаларды күзөтүп баруу, бул нормаларды бузгандарды жазалоо жана мыйзамсыз товар айланышынын алдын алуу иштери менен алектенет.

В- Импорт кылынган товарларды экпертизадан өткөрүү: Ислам мамлекети айыл чарба же өнөржай материалдары сыяктуу башка мамлекеттерден алынып келген материалдарды текшериши керек. Анткени бул аркылуу, мисалы, жугуштуу оорулар менен ооруган жаныбарлар, мөөнөтү өткөн, бузулган товарлар сыяктуу калкка зыян жеткире турган, же ар түрдүү ооруларды ташып жүрүүчү, кырсыктарды алып келүүчү нерселер башка мамлекеттерден Ислам мамлекетинин аймагына кирбеши керек. Мамлекет мына ушул максатта чек араларда көзөмөл пункттарын орнотот. Бухарий өзүнүн “Сахихинде” риваят кылат. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

 لا يُورِدَنَّ مُمْرِضٌ علَى مُصِحٍّ

  “Кесел төө соо төөгө кошулбасын!”

  Муслимдин риваятында Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам мындай деген:

 لا يُورِدُ مُمْرِضٌ علَى مُصِحٍّ

  “Кесел төө соо төөгө кошулбайт”.

Муслимдин бул риваяты хабар сыйгасында жана нафи лафзи менен келген. Бирок, бул риваят Бухарий риваяты далили менен нахи сыйгасында болуп эсептелет. Мумриз – кесел төөлөрү бар адам. Мусих болсо – соо төөлөрү бар адам. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам кесел төө ээсин төөлөрүн соо төөлөргө кошуп жиберүүдөн кайтарды.

В- Мамлекетке келгендердин саламаттыгын текшерүү: Ислам мамлекети ваба, SARS же туберкулез сыяктуу жугуштуу оорулар жайылган мамлекеттерден келген амандык суроочулар (качкындар), муахид-келишим боюнча союздаштарды жана элчилерди медициналык кароодон өткөрөт. Эгер  алардын бирөө-жарымында башкаларга да жугушу мүмкүн болгон оору аныкталса, ал киши Исламий мамлекеттин аймагына киргизилбейт. Усома разияллоху анхудан риваят кылынат. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

الطَّاعُونُ رِجْسٌ أُرْسِلَ عَلَى طَائِفَةٍ مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ ، أَوْ عَلَى مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ ، فَإِذَا سَمِعْتُمْ بِهِ بِأَرْضٍ ، فَلاَ تَقْدَمُوا عَلَيْهِ ، وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ ، وَأَنْتُمْ بِهَا فَلاَ تَخْرُجُوا ، فِرَارًا مِنْهُ

  “Тоун (өлөт) Бану Исраилге же алардан мурунку коомдорго жиберилген бир ыпылас оору. Эгер кайсы жер ал бар экенин уксаңар, ал жакка барбагыла. Эгер ал силер турган жерде пайда болсо, андан качып чыкпагыла.” Бухарий риваяты. Муслим өз “Сахихинде” риваят кылат.

انَ فِي وَفْدِ ثَقِيفٍ رَجُلٌ مَجْذُومٌ ، فَأَرْسَلَ إِلَيْهِ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : ” إِنَّا قَدْ بَايَعْنَاكَ فَارْجِعْ “

 “Сакиф уруусунун элчилери арасында бир ала оорулуу киши бар эле. Мындан кабардар болгон Расулуллах саллоллоху алайхи ва салам ага элчи жөнөтүп:

“Албетте биз байъатташтык (эсеп болду). Демек, сен артка кайта бер”, -деди”.

  Г-Эмгекти коргоо мыйзамдары; Жумуш берүүчү тарап жумушчулар үчүн соо-саламат жана коопсуз шартты камсыздашы, аларды кооп-коркунучка дуушар кылбашы керек. Мухтасиб болсо, завод жана устаканаларды көзөмөлдөшү жана аларда жумушчулар үчүн эч кандай коркунуч жоктугун текшериши керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here