بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Хизб ут-Тахрир Түркия жана Сирияда жүз берген зилзаланын шахиддери үчүн көңүл айтат
﴿الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ * أُولَئِكَ عَلَيْهِمْ صَلَوَاتٌ مِنْ رَبِّهِمْ وَرَحْمَةٌ وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُهْتَدُونَ﴾
«Бирер мусийбат келгенде: «Албетте, биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз Ага кайтуучубуз, деген сабыр кылуучуларга кушкабар бергин. Дал ошолорго гана Роббилери тарабынан салават жана рахмат бар. Мына ошолор акыйкат жолду табуучулар»
Түркия жана Сириядагы даъватты көтөрүп чыккан азиз ага-инилерибизге, эже-карындаштарыбызга жана бардык даъватчыларга…
Түркия жана Сириядагы сабыр кылып, Аллахтан ажр-сооп үмүт кылып жаткан бурадарларыбызга жана бүткүл Ислам Умматына…
Хизб ут-Тахрир Түркия жана Сирияда жүз берген зилзаланын шахиддери үчүн көңүл айтат. Хизб улуу Аллахтан бул дүйнөдөн өткөндөрдү ушул хадиси шарифтин тастыгы катары Акырет шахиддеринен кылышын сурайт. Абу Хурайра розияллоху анхудан риваят кылынган муттафакун алайх хадисте Расулуллах ﷺ мындай деген:
«الشُّهَدَاءُ خَمْسَةٌ الْمَطْعُونُ وَالْمَبْطُونُ وَالْغَرِقُ وَصَاحِبُ الْهَدْمِ وَالشَّهِيدُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ عَزَّ وَجَلَّ»
«… Шахиддер беш түрдүү болот, алар: увабадан өлгөн, карын оорусунан өлгөн, чөгүп өлгөн, уранды ээси (урандылар астында набыт болгон) жана Аллах Азза ва Жалланын жолунда шахид болгон кишилер».
Аллах Табарака ва Таалага дуа кылып, жараат алгандарга жана зыян көргөндөргө оорунун эч кандай изин калтырбай, батыраак шыпаа беришин сурайбыз.
Аллахтын жакшылыгы жана ырайымы менен аман калгандар мындан кийинки өмүрүн Аллах Субханахуга жана Расулу ﷺга итаат кылып, жакшы көрүнүштө өткөрүүсүн сурайбыз.
Бул зилзала кырсыгы мусулмандардын жүрөгүндө Ислам терең тамыр жайганын көрсөттү. Урандылар астынан бурадарларын куткарып жаткан мусулмандар «Аллаху Акбар» деп такбир айтып турушту. Өзгөчө, мусулмандар Африн шаарындагы Жандарис аймагында урандылар астында төрөп, бирок өзү көз жумган эненин ымыркайын чыгарып жатышканда да… же Газиантептеги кыйраган имараттан бир аялды чыгырып жатышканда, ал аял чачы көрүнүп калбастыгы үчүн жоолук сураганда да, Кахраманмараш шаарында бир кишини куткарып жатышканда, ал киши намазы каза болбостугу үчүн дааратка суу сураганда да такбирлер жаңырып турду… Ооба, мындай учурлардын баарында мусулмандардын Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар деген ураандары токтободу.
Момун башка адамдардан өзгөчө. Себеби, ал Аллахтын казасын өзгөртүп болбостугун, бул бир гана Аллах Субханаху ва Таалага белгилүү болгон хикмат себептүү жүз берерин билет. Ошондуктан, Аллахтын ыраазылыгын үмүт кылып, башка түшкөн ар кандай нерсеге сабыр кылат. Имам Муслим Сухайбдан риваят кылган хадисте Расулуллах ﷺ айтат:
«عَجَباً لِأَمْرِ الْمُؤْمِنِ إِنَّ أَمْرَهُ كُلَّهُ خَيْرٌ وَلَيْسَ ذَاكَ لِأَحَدٍ إِلَّا لِلْمُؤْمِنِ إِنْ أَصَابَتْهُ سَرَّاءُ شَكَرَ فَكَانَ خَيْراً لَهُ وَإِنْ أَصَابَتْهُ ضَرَّاءُ صَبَرَ فَكَانَ خَيْراً لَهُ»
«Момундун иши ажайып. Анткени, анын ар бир ишинде жакшылык бар. Андай мүмкүнчүлүк момундан башка эч кимде жок. Эгер, ага бирер кубаныч жетсе, шүкүр кылат, бул ага жакшылык болот. Эгер, ага жамандык жетсе, сабыр кылат, бул да ага жакшылык болот».
Шек-күмөнсүз, мусулман өлкөлөрүндө байма-бай кырсыктар жүз берүүдө. Зилзалалар, суу ташкындары, кургакчылык, каатчылык, согуштар, ички жаңжалдар, жакырчылык, ачкачылык… сыяктуу кырсыктардан бардык өлкөлөрүбүз азап тартууда. Табигый кырсык делген кыйроолор казанын алкагына кирсе да, бирок, алдын алуу чараларын көрүү, кайдыгерлик кылбастан, мусулмандарга туура камкордук кылуу – алардын иштерин башкарып жаткан мамлекеттин милдет жана вазыйпасы. Эгер, мусулмандардын Халифалык мамлекети болгондо, мусулмандарды бириктирип, мусийбат жеткенде алардын дартына тилектеш болмок, аларга камкордук кылып, проблемаларын чечүүнү мойнуна алмак жана аларды бардык жакшы иштерге жетектемек… Муну менен мусулмандар башкалардын жардамына муктаж абалда калышпайт эле.
Аллах набыт болгон бурадарларыбызды рахматына алып, жаракат алгандарга шыпаа берсин жана ушул кырсыкта аман калгандарды Өз баанегинде сактасын. Жогоруда айтылган аятты дагы бир жолу айтуу менен сөзүбүздү бүтүрөбүз:
﴿الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ * أُولَئِكَ عَلَيْهِمْ صَلَوَاتٌ مِنْ رَبِّهِمْ وَرَحْمَةٌ وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُهْتَدُونَ﴾
«Бирер мусийбат келгенде: «Албетте, биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз Ага кайтуучубуз, деген сабыр кылуучуларга кушкабар бергин. Дал ошолорго гана Роббилери тарабынан салават жана рахмат бар. Мына ошолор акыйкат жолду табуучулар» [2:156]
Инна лиллахи ва инна илайхи рожиун.
Бурадарыңар
Ата ибн Халил Абу Рашта 18-ражаб, 1444-х.
Хизб ут-Тахрир амири 9-февраль, 2023-м.
lasuna usa – buy cheap generic diarex buy himcolin without prescription
acticin cream – buy tretinoin gel for sale tretinoin gel over the counter
augmentin 1000mg cheap – order generic augmentin 625mg synthroid 100mcg cheap
buy progesterone 100mg without prescription – order progesterone pill buy clomiphene online
buy alendronate 35mg pills – nolvadex 10mg cost buy provera without prescription
purchase estrace online – buy estrace 2mg online cheap buy anastrozole 1mg pill
гѓ—гѓ¬гѓ‰гѓ‹гѓійЂљиІ© – г‚ўгѓўг‚г‚·гѓ« гЃЇйЂљиІ©гЃ§гЃ®иіј г‚ўг‚ёг‚№гѓгѓћг‚¤г‚·гѓігЃ®иіје…Ґ