بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Россия-Кытай аскерий машыгуулары: максат жана тоскоолдуктар!
Устаз Хамд Табиб
Россиянын «РИА Новости» маалымат агенттиги 2022-жылы 20-декабрда Кытай коргоо министрлигине таянып кабарлашынча, «Россия-Кытай деңиз машыгуулары эки мамлекет деңиз коопсуздугун бузган коркунучтарга биргеликте жооп кайтарууда бекем турганын көрсөтөт». Кытай коргоо министрлиги өзүнүн интернеттеги баракчасында жарыялаган билдирүүдө айтылат: «Бул машыгуулар деңиз коопсуздугун бузган коркунучтарга биргеликте жооп кайтарууну бекемдөө, эл аралык, регионалдык даражада тынчтык жана туруктуулукту сактоо боюнча эки тараптын аракетин жана жөндөмүн бекемдөөгө каратылган. О.э. жаңы доордо Россия менен Кытайдын стратегиялык кызматташуусун жана шериктештигин тереңдетүү жана бекемдөөгө каратылган». Өз кезегинде, Россия коргоо министрлиги мындай дейт: «Машыгуулар Чыгыш Кытай деңизинин сууларында өтөт. Негизги максат – Россия-Кытайдын деңиз флотунун кызматташуусун өнүктүрүү, Азия-Тынчтык океаны регионунда тынчтык жана туруктуулукту сактоо». «Ассошиэйтед Пресс» агенттиги 2022-жылы 21-декабрда мындай деди: «Бул аскерий манёврлар биринчи ирет өткөрүлүүдө. Себеби, Кытай бир эле орус манёвруна катышуу үчүн өз армиясынын 3 бөлүк кошуунун жиберүүдө. Бул Кытай менен Россиянын өз ара ишениминин кеңдигинин жана тереңдигинин демонстрациясы катары сүрөттөлүүдө».
Бул кошмо аскерий машыгуулардан эмне максат көздөлгөн? АКШга, анын Кытай менен кошуна мамлекеттерге жакын аймактарда, Түштүк Кытай деңизинде, Тынчтык океанында жайгашкан аскерий союздарына бул эки мамлекет эмне демекчи? Бул кызматташтык канчалык даражада калыптанышы, алга жылышы жана уланышы мүмкүн?
Бул суроолорго жооп берүүдөн мурун ушуларды баса белгилеп айтабыз: Америка Кытайды аскерий жана экономикалык жактан курчап алууга, анын айланасында коалицияларды түзүү чечимин кабыл алган, муну менен бир нече саясий жана аскерий максаттарды көздөгөн:
Биринчи: Кытай өз өлкөсү ичинде калып, АКШ менен атаандаша турган саясий жана экономикалык иш-аракеттерде сырткары чыкпашы үчүн аны кичине алкакта кармап туруу. Себеби, Кытай АКШдан кийинки экинчи экономикалык мамлекет болуп, Америка үчүн эл аралык таасирдүү атаандашка айланышы мүмкүн.
Экинчи: Кытай башка маселелер жөнүндө пикирлөөгө өтпөшү үчүн аны регионалдык проблемалар менен алек кылуу. Мисалы, Кытай долларга көз каранды болуу чыгуу, Америка менен жарыша куралдануу же алдыңкы электротехника жарышы, өзгөчө, аскерий тармакта байланыш структулары жана мобилдик курулуштар, электрондук чиптер, электрондук байланыштар жөнүндө ойлой албай калышы керек.
Үчүнчү: экономикалык жана саясий көз карандылыктан чыгуу жөнүндө ойлогон мамлекеттерди, айрыкча, Европа Союзу мамлекеттерин жана Россияны террорчуга чыгаруу.
Амкрика ушул максаттарды ишке ашырууда Кытай менен Россияга каршы алып бара турган иш-аракеттерге келсек, алар көп жана жаңыланган, негизгилерин айтып өтөбүз:
1 – Аскерий коалиция түзүү. Америка Кытайдын айланасындагы же ага жакын жайгашкан аймактарда коалицияларды түзүүгө аракет кылды, дагы эле аракет кылууда. Мисалы, АКШ-Британия-Австралия кирген «AUKUS» үчтүк коалициясы о.э. АКШ-Австралия-Япония-Индия кирген «QUAD» төрттүк коалициясы.
2 – Кытайды Россиядан жана аны менен стратегиялык кызматташуудан алыстатуу. АКШ президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Жейк Салливан 2022-жылы 29-февралда: «Кытай же башка мамлекеттердин Россияга жардам бериши, Батыштын санкцияларынан айланып өтүшүнө жардам берүү Кытай үчүн оор акыбеттерге себеп болот», – деп сак болууга чакырды.
3 – Кытайдын айланасында, өзгөчө, Тайвань маселесинде фитна чыгаруу жана Кытайды саясий-аскерий жактан проблемага туш кылуу. Америка 1971-жылы БУУ мыйзамдары боюнча Тайванды Кытайдын бир бүтүн бөлүгү деп тааныганына карабастан, Тайванды эгемендүүлүккө тукурууда. 2022-жылы 2-августта Америка Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелосинин Тайванга сапарын уюштурду. Бул болсо, Кытайга жана анын Тайванга карата саясатына каршы жүрүш эле. Акыркы учурда Америка Тайванга он миллиард долларлык жардам менен колдоп-кубаттады. Ага ылайык, 2022-жылы 9-декабрда АКШ Өкүлдөр палатасы тастыктаган мыйзам долбоорунда Тайванга 10 миллиард долларлык аскерий жардам жана курал-жарак жеткирип берилгени айтылган.
4 – Кытайды курчоого алуу саясатынын алкагында Японияны кайра куралдантууга аракет кылуу. АКШ коргоо министрлигинин Азия жана Тынчтык океаны коопсуздугу маселеси боюнча мурунку кеңешчиси Брайана Хардинг мындай билдирүү берген: «Япониянын жаңы аскерий доктринасы анын саясатында анык жана сезилээрлик өзгөрүүлөрдү түшүндүрүүдө. Ал Вашингтон тарабынан алкышталган иш. Өзгөчө, Кытай өзүнүн ядролук программасын өнүктүрүп, ядролук бөрктөрдү көбөйтүп жатканда, бул Тынчтык жана Индия океандары регионун коргоочу үчүн салмактуу кадам болуп эсептелет».
5 – Эгер, Кытай аскерий күч менен Тайванды аннексия кылса же аны деңиз блокадасына алса, ага каршы согушуу жана каршылык кылуу менен коркутуу. 2022-жылы 23-июнда АКШ президенти Жо Байден Токиону Кытайды эскертүүгө үндөдү. Т.а. эгер Кытай Тайванга чабуул кылса, Япония бул суверендүү аралды аскерий тараптан коргойт деди. Андан соң Байден «Кытайдын от менен ойношуп жатканын» баса белгиледи.
6 – Тышкы соода-сатык маселелеринде т.а. АКШга жана Европа Союзу мамлекеттерине болгон экспорт маселесинде Кытайды коркутуп, түрдүү тоскоолдуктарды коюу, бажы төлөмүн жогорулатуу. О.э. Украина согушу себептүү Россияга колдонгондой, экономикалык санкцияларды колдонуу менен коркутуу. «Нью-Йорк Таймс» гезитинин 2022-жылы 9-марттагы кабарына ылайык, АКШ соода министри Жина Раймондо Кытай компанияларын эгер Россияга электрондук коннекторлорду экспорттоону улантса, аларга санкцияларды колдонууну эскертти.
Кытай АКШнын ушул саясат жана душманчыл аракеттерине моюн сунабы? АКШнын курчоосунан чыгуу үчүн кандай каршы аракеттерди жасашы мүмкүн? Кытай АКШнын мындай саясатынан чыга алабы?
Түпкүлүгүндө, Кытай бул саясатка моюн сунбады. Бул саясаттын көлөмү, кубаты жана алкагы, ал тургай, Кытайдын ичинде да, өз деңизинде да күндөн-күнгө күчөсө да, буга моюн сунган жок. Бул саясаттан чыгуу үчүн бир нече саясий иш-аракеттерди кылды:
1 – Тайванга эл аралык жана регионалдык жактан аралашуу темасын четке кагуу жана Американы Тайвань жөнүндөгү эл аралык мыйзамды аткарууга чакыруу. Кытай тышкы иштер министри 2021-жылы 20-октябрда Римдеги G20 саммитинде мындай деди: «Эл аралык мыйзамга ылайык, Тайвань Кытайдын бир бөлүгү, андан башка нерсе эмес… Тайвань маселесинде атайылап жеке сунуштарды тыгыштырган мамлекеттер мунун оор төлөмүн төлөшөт».
2 – Кытай айланасындагы аймактарда АКШнын аскерий манёврларына карама-каршы өз манёврларын өткөрдү. Кытай армиясынын маалымат катчысынын 2022-жылы 25-декабрда жарыяланган билдирүүсүндө мындай делет: «Кытай армиясы АКШ жана Тайбэйдин «провокацияларына» жооп катары Тайвандын айланасындагы деңиз жана аба мейкиндигинде сокку берүү максатында аскерий манёврларды өткөрдү».
3 – Чет элде жаңы багыттарды ачуу. Кытайдын Фарс булуңу мамлекеттери жана Саудия менен соода келишимдерин түзгөнү буга мисал. Маселен, 2022-жылы 9-декабрда кол коюлган келишимдер сыяктуу.
4 – Электрондук атаандаштык маселесин алга сүрүү жана АКШнын каалоолоруна моюн сунбоо. Кытай президенти Си Цзиньпин 2022-жылы 30-октябрда коммунисттик партиянын улуттук сессиясындагы кайрылуусунда «Кытай негизги технологиялык каражаттар согушунда жеңишке жетүүгө чечим кылганын» баса белгиледи. О.э. технология тармагында жана aвтоматташтыруу, микрочиптер, өзүн өзү башкарган автомобилдер тармагында инновацияларга жана өз алдынча камсыздоого жетүү маанилүү экенине өзгөчө басым жасады.
5 – Куралданууну жана аскерий каражаттарды күчөтүү. Кытай финансы министрлиги 2022-жылдагы аскерий бюджетти 7.1 пайызга көбөйтүүнү жарыялады. Бул Кытай коргонуу бюджети боюнча дүйнөдө АКШдан кийин экинчи орунду ээлегенин (2022-жыл үчүн 740 миллиард доллар бөлүнгөн) түшүндүрөт.
6 – Түндүк Кореяны Түштүк Корея жана Япония сыяктуу Кытайга душман коркунучтарда кыйыр түрдө колдоп-кубаттоо. Корея борбордук маалымат агенттиги 2022-жылы 16-октябрда мындай кабар таратты: «Кытай президенти Си Цзиньпин Түндүк Корея жетекчиси Ким Чен Ынга кат жазып, Пекин менен Пхеньян ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө басым жасады».
7 – Россия менен, өзгөчө газ, нефть жана азык-түлүк продукциялары боюнча экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү. «Al Eqtisadiah» гезитинин 2022-жылы 30-декабрдагы санында Кытай менен Россия президенттеринин сүйлөшүүсү жөнүндө мындай делет: «Эки жетекчи Батыштын Москвага колдонгон санкциялардын акыбеттерине каршы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү келишишти. О.э. Батыштын мыйзамсыз санкциялары себептүү глобалдашкан экономикалык кыйын абалды эсепке алып, энергетика, финансы, өнөр жай, транспорт жана башка тармактарда кызматташууну бекемдөөгө келишип алышты».
Бул кагылышуу эки эл аралык гигант мамлекет ортосунда уланып, анын карамүртөздүгү бүткүл дүйнө мамлекеттерине жайылат. Ошентип, бул күрөш башка бир жээкке жана саясатка казык таштайт. Т.а. эки мамлекеттин бири экинчисинен үстөм келет же 1961-жылы суук согуш учурунда АКШ менен Советтер Союзунун ортосунда болгондой келишүү саясаты тандалат.
Бул нерселер бизди нур акыйкатка жетектеп жатат. Ал да болсо, бүткүл адамзатка адилеттик, коопсуздук жана бейпилдик алып келүүчү жалгыз түзүм – Ислам түзүмү деген акыйкат. Бул болсо, Уммат өзүн да, адамзатты да капитализмдин жырткычтыгынан жана караңгылыгынан куткарышы үчүн Ислам Умматын ушул улуу роббаний түзүмдү колдонууга шашылууга үндөйт.
Роя гезити, №425, 2022-жыл, 11-январь.