Москвадагы үч тараптуу жолугушуу Шам тогутунун өмүрүн узартууну көздөйт

1258
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Москвадагы үч тараптуу жолугушуу Шам тогутунун өмүрүн узартууну көздөйт

 Устаз Абу Хамза Хутваний

2022-жылы 28-декабрда Москвада Россия-Түркия-Сирия коргоо министрлери Сергей Шойгу, Хулуси Акар жана Али Махмудаббастын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга разведка кызматтарынын башчылары да катышты. Бардыгы бир маселени т.а. Сирия маселесин талкуулашты жана негизги этибарды эки нерсеге, ал да болсо «террористтик уюмдарга каршы күрөшүү» жана «качкындарды Сирияга кайтарууга» каратышты. Алар жолугушуу жакшы жана конструктивдүү өткөнүн баса белгилешип, региондун туруктуулугу үчүн деп кийинки жолугушууларды улантуу зарыл экендигин баса белгилешти о.э. Москвадагы кезектеги жолугушуу Түркия тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглу менен Сирия тышкы иштер министри Файсал Микдаддын ортосунда болоруна келишишти.

Бул үч тараптуу жолугушуудан кийин Түркия президенти Эрдаган Башар Асад менен жолугушууну четке какпашын айтты. Бирок, Асад июнь айына белгиленген Түркиядагы шайлоодон кийин түрк жетекчиси менен жолугушууну абзел көрүүдө.

Түркия тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглу анын өлкөсүнүн Сирия режимине карата позициясын түшүндүрүп: «Өлкөм Сириянын аймактык бүтүндүгүн жана северенитетин урматтайт о.э. туруктуулукка жетишкенде ал көзөмөлдөгөн аймактарды Сирия режимине өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды», – деди. О.э. Чавушоглу үч тараптуу жолугушуудан кийин оппозиция күчтөрүнүн Сирия Улуттук коалициясынын төрагасы Салим Мусаллит жана башка лидерлер менен да жолугушуп, Түркиянын №2254-резолюцияны колдоп-кубатташын баса белгиледи. Белгилүү болгондой, бул резолюцияда ок атууну токтотуу, конституцияны кайра карап чыгуу жана БУУ көзөмөлүндө шайлоолорду өткөрүү камтылган.

Бирок, бул эл аралык резолюциянын ок атууну токтотуу бөлүгү гана аткарылууда.

Конституцияны кайра карап чыгуу жана шайлоолорду өткөрүү жөнүндө эч нерсе айтылбай жатат. Түркия ушул резолюцияны жүйөлөп согушкер жамааттарды тогуттун күчтөрүнө ок атууга тыюу салууда. Бирок, Россия күчтөрү жана Сирия режими азат кылынган аймактардагы сириялык качкындарды кыргын кылууда. Бул резолюцияны бузушканы үчүн аларды эч ким жоопко тарткан жок.

Баскынчы Россия демөөрчүлүгүндө түрк режими менен канкор Башар режими ортосунда кызуу жүрүп жаткан бул жакындашуу Сирия мамлекети кыйрай баштаган учурда болууда, аскерий жана саясий күчтөргө муктаж болуп, өз жарандарынын эң жөнөкөй турмуш муктаждыктарын да камсыздай албай жаткан абалда болууда.

О.э. бул келишим Россия Украина баткагына батып, Башар режиминин өмүрүн сактап калуу үчүн зарыл болгон мүмкүнчүлүктөрдү бере албай калган учурда болууда.

Демек, азыр ушундай ыңгайлуу учур пайда болгон, андан пайдаланып, тогут Башар режимин кулатуу үчүн начар сокку берүүнүн өзү жетиштүү.

Бирок, түрк режими мына ушундай тарыхий баасыз убакыттан пайдаланып, кыйроо алдында турган режимди бүтүндөй жок кылуунун ордуна, аны кайра жандандыруу жана өмүрүн узартуу үчүн зарыл болгон бардык иштерди кылууда.

Бүгүн түрк саясатчыларынын саясий максаттары акыл сыйгыс болуп калды, айрыкча, өздөрүнүн тагдырий-маанилүү болгон кошуналарына карата. Ушул күндө Түркиянын Сирия режимин колдоп жатканынын эч бир саясий мааниси жок. Себеби, Түркия клиникалык комада жаткан жана акыркы демин алуу алдында турган режимди кайра жандандырып жатканы акылга да, логикага да туура келбейт.

Түркия Башар режиминин жана аны колдоп-кубаттап жаткандардын ушундай алсыз абалынан пайдаланып калышы ал үчүн эң пайдалуу. Өзгөчө, учурда колдоп-кубаттоочулардын бири Россия Украина согушу менен алек, Иран өзүнүн ички согушу менен убара… Демек, ушундай учурда Түркия алдан тайган Сирия режимине катуу сокку берүү менен кулатса-жок кылса, ал үчүн эң пайдалуу болот. Себеби, муну менен эч кимге боштукту толтурууга мүмкүнчүлүк бербеген жана ушул аркылуу өзү айтып жаткан улуттук коопсуздугун реалдуу сактап калган болот.

Бирок, Түркия андай кылбай, тескерисин кылды жана режимди кулатуунун ордуна колдоп-кубаттады. Бул болсо, Түркия буйрук боюнча жүргөн мамлекет экенине далалат кылууда, анын жетекчилери тышкы саясатта өз мамлекетин бирөөнүн алкагында аракет кылган мамлекет абалынан чыгарышпай жатканын көрсөтүүдө.

Түрк режими дал ушул учурда Шам тогуту менен жакын мамиледе болуп жатканынын себебин дыкат үйрөнгөн киши мунун бир гана себеби бар экенине күбө болот. Ал да болсо, малайларына вазыйпа жүктөгөн Америкага моюн сунуу менен кызмат кылып, Асад режимин кулоодон куткарууда. Америка оболу Иран жана анын согушкерлерин ишке салды… Кийин согушкер жамааттарды согуш майданын Асад жана анын жуундукорлоруна таштап чыгып кетүүгө үндөөдө Иордания, Катар жана Саудиядан пайдаланды… Кийин Асад режимин кулоодон сактап калууда Россия жана анын ири аскерий кубатынан пайдаланды… Ошентип, жан берип жаткан бул режим менен мамилелерди кайра тикелеп, кулоодон сактап калуу үчүн Түркиядан пайдаланды.

Демек, Түркиянын Дамасктагы ийгиликсиз режим менен мындай таң кала турган түрдө жакындашып жатканын Түркия режими Америкага моюн сунуп жатканы менен түшүндүрүү мүмкүн. Бул ушундай бир моюн сунуу, эгерде Асад режими кулатылса, бул бүткүл регионду өзүнө тарткан үрөй учурган бузулууга алып келет деп коркуп, аны сактап калуу жана өмүрүн узартуу үчүн жасалууда.

 

Роя гезити, №425, 2022-жыл, 11-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here