Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты Хартумда өткөргөн жүрүштө Бурхан үчүн жазылган ачык катты республика сарайына тапшырды

642
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты Хартумда өткөргөн жүрүштө Бурхан үчүн жазылган ачык катты республика сарайына тапшырды

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты хижрий 1444-жылы 15-жумадуссаний, миладий 2023-жылы 8-январь күнү бешим намазынан кийин Хартумдагы жамиъ мечиттен Республика сарайына чейин жүрүш өткөрүп, Бурхан атына жазылган ачык катты тапшырды. Жүрүштүн катышуучулары такбир жана тахлилдер менен ураан айтып, «Ла илаха иллаллах, Мухаммадун Расулуллах, вал Хилафа ваъдуллах», «Ар кандай өкмөт ийгиликсиз, Халифалык чечим», «Халифалыктын чечим экени анык» деп кыйкырышты. Адамдар, көчөлөрдөгү айдоочулар, ал тургай, Республика гвардиясынын аскер жана офицерлери да кошулуп такбир-тахлил айтышты.

Катта ушулар баса белгиленди: «Судандагы аскерий жана жарандык башкаруу ортосунда болуп жаткан нерселер – бул Англия-Америка күрөшү. Америка анын малайлары болгон Бурхан, анын орун басары жана командасы менен Британия анын малайлары болгон «Азаттык жана Өзгөрүү» күчтөрү жана аларга союздаш партиялар күрөшүүдө. Ал эми, алкактык келишим америкалыктар менен англистердин түздөн-түз көзөмөлү астында кафир Фолькер түзгөн убактылуу келишимден башка нерсе эмес…

Ушул алкактык келишимдин мазмуну шариятка тескери нерселерди гана эмес, ал тургай, Суданды федерация менен талкалай турган илманий мамлекетке айлантуучу пикирлерди өз ичине алган. Бул келишим Судандын саясий, экономикалык жана башка кризистерин эч качан чече албайт. Улуу Ислам акыйда жана турмуштук түзүм т.а. анын дин-мамлекети бар, жалгыз ал гана өлкөнү колонизаторлуктан куткарат о.э. Батыш элчиканаларынын бейбаштыгын токтотуп, UNITAMS миссиясын жабат».

Катта Бурхандан мүмкүн алдыңкылардан болушу үчүн Хизб-ут-Тахрирге нусрат берүү талап кылынды.

﴿وَالسَّابِقُونَ الأَوَّلُونَ مِنَ الْمُهَاجِرِينَ وَالأَنْصَارِ وَالَّذِينَ اتَّبَعُوهُمْ بِإِحْسَانٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا عَنْهُ﴾

«Мухажир жана ансарлардын алдыңкылары жана аларды жакшы амалдар менен ээрчигендер – алардан Аллах ыраазы болду жана алар Андан ыраазы болушту»                             [9:100]

 Роя гезити, №426, 2022-жыл, 18-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here