Индия бийлиги мусулмандардын 4500 үйүн бузуу жөнүндө токтом чыгарды

331
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Индия бийлиги мусулмандардын 4500 үйүн бузуу жөнүндө токтом чыгарды

«Ал-Жазира нет» веб-сайты хижрий 1444-жылы 9-жумадуссаний, миладий 2023-жылы 2-январь күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «Индиянын түндүгүндөгү Халдвани шаарында миңдеген мусулмандар соттун «уруксатсыз курулган» деген шылтоо менен 4500 үйдү бузуу жөнүндөгү токтомуна нааразылык катары демонстрация өткөрүштү. Сот ондогон жылдардан бери жашап келген бул үйлөрдүн ээлери үйлөрүн бошотуусу үчүн бир нече күн убакыт берди».

Роя:

Бул токтом Индия бийлигинин мусулмандарга каршы бир катар кылмыштарына жана бир катар адилетсиз мыйзамдарына кошумча болду. Ансыз да мусулмандарга каршы индустар тарабынан жырткыч кылмыштар жасалууда жана бул кылмыштар жашырылып, кылмышкерлер индус коопсуздук күчтөрү тарабынан корголууда. Мусулмандардын үйлөрүн бузуу жөнүндө токтом чыгарган бийлик ар ирет түрдүү негизсиз нерселерди шылтоо кылат. Бул ирет да бузуу үчүн миңдеген үй-бүлөлөрдүн мыйзамсыз жана уруксатсыз жашаганын, жер темир жол мекемесинин мүлкү экенин, үйлөрдү темир жол добоору үчүн бузуп жатканын шылтоолоп жатат. Негизи, бул үйлөрдүн ээлери алардын үйлөрү ата-бабаларынан мурас калганын о.э. электр энергиясы жана башка кызматтар үчүн төлөмдөрдү төлөп жатышканын, колдорунда турак-жайга ээлик кылуу укуктарын камтыган документтер бар экенин баса белгилешүүдө.

Массалык маалымат каражаттарынын кабарларына ылайык, бул адилетсиз токтом көлөкөсүндө бул үй-бүлөлөрдүн келечеги караңгы бойдон калууда. Алар өз перзенттеринин окуусун улантуу мүмкүнчүлүктөрүнөн айрылышты. Ал тургай, жергиликтүү басма сөз бул калк кычыраган кыш күндөрүндө көчөдө калуу коркунучу жаралып жатканын жазышууда.

 Роя гезити, №425, 2022-жыл, 11-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here