“Газпром Кыргызстан” газдын тарифин көтөрүүнү талап кылды

496
0

Газпром Кыргызстан газдын тарифин көтөрүүнү талап кылды

 Кабар: “Газпром Кыргызстан” компаниясы газдын тарфин ар бир куб метри кеминде 19,9 сомго чейин көтөрүүнү талап кылды. Компания тургундарды кошуна өлкөлөрдөгү арзан тарифке көңүл бурбоого чакырды – Кыргызстандын өзүнүн газы жок. О.э. алар тарифтерди көтөрүү менен гана турак жайларды газдаштырууну тездетүүгө болорун билдиришти.

 Компания жетекчисинин экономика жана каржы боюнча орун басары Арзымат Алдаяровдун айтымында, газдын учурдагы кубометри үчүн 18,7 сомдук тарифи «Газпром Кыргызстанга» киреше алып келмек тургай, өздүк наркын да актабайт.

 Алдаяров депутаттардын  газдаштыруу жай жүрүп жатат деген сындарына жооп берип жатып: “Эгерде керектөө тарифи жаратылыш газын сатып алуу жана аны ар бир абоненттин от жагуучу жайына жеткирүү чыгымдарын толук жаап, анын 1 куб метри 19.9 сомдон болсо, анда газдаштыруу темпин бир топ тездете алабыз”, – деди.

 “Тарифтер бүгүнкү күндөгү деңгээлде калса дагы биз өлкөнү газга өткөрүү ишин токтотпойбуз”, – деди Алдаяров.

 “Газпром Кыргызстан” компаниясы сегиз жылдан бери компания чыгашалуу тарифти карманып келгенин, анын натыйжасында калк үчүн мындай субсидиялардын жалпы суммасы 5 миллиард сомдон ашканын баса белгилейт. Ошол эле учурда компания өлкө бийлигине келишимдеги норманы эскертти — ага ылайык газга болгон тарифтер компаниянын бардык чыгымдарын жаап, жылына 12% киреше алып келиши керек.

 “Компанияны көбүнчө кошуналар менен салыштырышат. Эмне үчүн Өзбекстанда, Казакстанда, Россияда тарифтер арзан? Биз импорттоочу өлкө экенибизди түшүнүшүбүз керек. Өзбекстан, Казакстан жана Россия газды экспорттошот. Алар жогорку экспорттук баалар аркылуу ички тарифти субсидиялашат”, – деп түшүндүрдү Алдаяров.

 “Газпром Кыргызстандын” маалыматына ылайык, кыргыз бийлиги компанияга 700 млн сом карыз.

 Комментарий: Россиянын “Газпром” корпорациясы “Кыргызгаз” ишканасын 1 долларга сатып алган. Ошол кезде “Газпром” компаниясы “Кыргызгаз”дын 4,1 млрд сомдук карызын төлөө, калкты газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо, тарифтерди арзандатуу жана өлкөдөгү газ инфрастуктурасын модернизациялоо үчүн 5 жылдын ичинде 20 миллиард рубль инвестиция салуу милдетин алган. Ошол кезден бери калк газдын миң кубометри үчүн 220 доллардан төлөп келет. Мындай баа калк үчүн оордук кылгандыктан, үйүн жылытууда газдан пайдалануу баарынын эле колунан келе бербейт. “Газпром” убада кылган газдаштыруу иштери да карапайым калктын эсебинен жүрүп жатат. Үйүнө газ түшүрмөкчү болгон адам “газчыларга” түтүгүнөн баштап, дубалга кагылуучу мыкка чейин алып берет о.э. тартылган түтүктүн ар бир метрине 300 сомдон төлөйт.

 Бааны түшүрүүнү убадалаган компания бүгүнкү күнгө келип газдын баасын көтөрүүнү талап кылууда. Буга чейин президент Садыр Жапаров май айынан баштап светтин баасы көтөрүлүп, учурдагы 700 киловатт үчүн 0,77 тыйындын ордуна 1 сом болорун айткан эле. Электр энергиясынын артынан газдын баасы да көтөрүлгөнү калды.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here