Түрк режиминин Асад режими менен мамилелерди нормалдаштырышына каршы демонстрациялар кайра башталды

516
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Түрк режиминин Асад режими менен мамилелерди нормалдаштырышына каршы демонстрациялар кайра башталды

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын радиосунун 2023-жылдын 13-январдагы жума күнүндөгү жаңылыктарында мындай делет: «Жума намазынан кийин Сириянын түндүгүндөгү шаар жана айылдарда жүздөгөн адамдар түрк режиминин Асад режими менен мамилелерди нормалдаштырып жатканына каршы демонстрацияларга чыгышты. Демонстрациялар Идлиб, Искат, Хазим, Куфр-Лусин, Ифрин, Иъзаз, Мариъ, Дабик жана Жараблис сыяктуу шаар жана айылдарда байкалды. Демонстранттар козголоңдун өзгөргүс эрк-чечимдерин жана канкор режимди кулатууну баса белгилешти о.э. режимдин мыйзамдуулугун сактай турган ар кандай планга каршы чыгышты. О.э. демонстранттар Түндүк Халабдагы Иъзаз шаарында демонстрацияга чыккан Сирия Улуттук коалициясынын төрагасы Салим Маслатты демонстрациядан кууп жиберишти. Активисттер бир нече демонстранттар Маслатты демонстрациядан чыгарып, «арбак, арбак» деп шаардын көчөлөрүндө кууп жүрүшкөнү, машинасына токмоктоп салышканы тартылган видеолорду жарыялашты. Идлиб шаарында демонстранттар Тафавуз-Музакара комитетинин төрагасы Бадр Жамустун сүрөтү менен Улуттук коалициянын мурунку төрагасы Анас Абданын сүрөтүн өрттөштү».

 Роя гезити, №426, 2022-жыл, 18-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here