Даъватчы бурадарыбыздын кайтыш болгондугу тууралуу кабар

828
0

ТАЪЗИЯ

Даъватчы бурадарыбыздын кайтыш болгондугу тууралуу кабар

Кыргызстанда иш алып барып жаткан Хизб ут-Тахрир жамааты – даъват жүгүн мойнуна алып, узак жылдар бою Аллах жолунда кызмат кылып келген бурадарыбыз Козуев Махмуд Абдуманнаповичтин – дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен кабарлайт.

Козуев Махмуд Абдуманнапович 1973-жылы 3-февралда Ош областынын Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтүнө караштуу Нурдар айылында төрөлгөн. Ал эки уул, эки кыздын атасы эле.  Махмуд бурадарыбыз Хизб фикирлери менен таанышып, аларга толук канааттанган соң, 2004-жылы Хизб ут-Тахрир сабына кошулду. Боордошубуз Хизб сабында өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликтүү вазыйфаларды так аткарып келди. Өз ишмердүүлүгү жолунда ал залимдин зулумунан коркподу, малааматчылардын малааматын көзгө илбеди.

Маалым болгондой, Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан калк ичинде унутта калган Айт майрамдары калк ичинде кайрадан майрам катары майрамдалышын кайтаруу үчүн катуу аракет кылган. Жана бул өз жемишин берип, азыр аларды майрамдоо коомдук көрүнүшкө айланып олтурат. Бирок, бул оңойлук менен келген эмес. “Светтик” бийлик буга түрдүү шылтоолор жана ыкмалар менен тосуктар коюп келди. Бу жолдо провокациялар уюштуруп, анын катышуучуларын күч менен таркатууга, майрамды уюштуруучуларды камактарга таштоого чейин жетип барышты. Мына ушул иш алкагында, бурадарыбыз Махмуд 2007-жылы Хизб тарабынан уюштурулган Айт майрамына активдүү катышып, күч кызматкерлери тарабынан катуу таякталды жана Аллах жолунда кан агызган азаматтардан болуп калды. Акыркы кездери боордошубуз астма кесели менен оорушуна карабастан, Аллах жолундагы аракеттерин активдүү улантып келди жана бүгүн 1-февралда Аллахтын алдына сафар алды.

 Бир тууганыбыздын жаназасы 2-февралда саат 14:00гө белгиленди.

 Биз Рахман жана Рохим Аллахдан бурадарыбыз Козуев Махмуддун калыс кылган амалдарын кабыл алышын, аны пайгамбарлар, сыддыктар жана шаҳиддер менен бирге кылышын сурап калабыз.

 Бир боорубуздун үй-бүлө мүчөлөрүнө, тууган-уруктарына, бардык жакындарына өз таъзиябызды билдиребиз. Аллах сиздерге чырайлуу сабр берсин жана анын артынан жакшылыктары менен сыйласын.

 Махмуд бурадарыбыздын вафааты бизди терең кайгыга салса да, биз Аллахты раазы кылуучу сөздү гана айтабыз:

إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

 “Албетте биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте Анын Өзүнө гана кайтуучубуз”  [Бакара 156]

 Хизб ут-Тахрир – Кыргызстандын маалымат бөлүмү

  1. 2023

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here