Энергетика тармагына дагы карыз алынат
Кабар: Кыргызстан энергетика тармагы үчүн дагы карыз алмакчы болуп жатат. 1-февраль күнү Жогорку Кеңеште Дүйнөлүк банк менен Кыргызстан өкмөтү ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоо жөнүндөгү келишимди ратификациялоо маселеси каралды.
Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, Кыргызстан ушул келишим боюнча 50 миллион доллар алат.
“Мунун 25 миллиону грант, 25 миллиону кредит. Буга “акылдуу эсептегичтен” 600дү сатып алууну пландаштырдык, мындан тышкары, айылдарда көчөгө коюла турган трансформаторлордон 1000 даана жана эки электр устунунун ортосундагы төрт зымды алмаштыруучу 350 километр өз алдынча изоляциялануучу зым сатылып алынат”, – деди Ибраев.
Келишимге эки тарап 2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол койгон.
Комментарий: Кыргызстан “эгемендүүлүк”кө жеткенден бери эң көп инвестиция тартылган тармак энергетика тармагы болуп калды. Буга чейин аталган тармакка чет өлкөлүк кредиттер, ссудалар, гранттар жана жергиликтүү бюджеттен 2 миллиард долларга жакын каражат салынган. А бирок бул тармакта терең тамыр жайган коррупция, өздөштүрүп алуу жана бөлүштүрүүчү менчик компаниялар талап-тоношу натыйжасында бул тармак бүгүнкү күнгө чейин кризистен чыга албай келет.
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев Энергетика тармагындагы коррупция мамлекетке 878 миллион сом зыян жеткиргенин билдирди. Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Энергетика министрлигине 163 прокурордук акт түзүлүп, 46 кылмыш иши козголгон.
“Кылмыш иштеринин көбү мамлекеттик сатып алуулар, мыйзамсыз баюу, электр энергиясын уурдоо жана өндүрүлгөн электр энергиясын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу”, – деген Зулушев. Расмий өкмөт бул тармак коррупцияга батып калганын жакшы билет. А бирок ошондой болсо да, ар түрдүү шылтоо менен бул тармакка кайра-кайра карыз алууну токтотпой келет. Кайра-кайра алынып жаткан карыздарды элдин эсебинен төлөө үчүн тариф саясатын киргизди. Жакында эле президент Садыр Жапаров май айынан баштап электр энергиясынын баасы 1 сомго көтөрүлөрүн билдирди. Дүйнөлүк банктын талабы да кудум ушундай. Себеби, капиталиcттик мамлекеттердин колонизатордук куралы болгон эл аралык каржы уюмдары, эгер бир нече эселеп кайтарып аларына көзү жетпесе, эч бир мамлекетке карыз бербейт.
Негизи исламий өкүмдөр боюнча, электр энергиясы умумий мүлк болуп эсептелет. Ага мамлекет да, менчик компаниялар да ээлик кылышы мүмкүн эмес. Анын пайдасы же андан алынуучу киреше ар бир жаранга жетип барышын камсыздоо мамлекеттин мойнундагы милдет болуп эсептелет. Исламда электр энергиясы элге өздүк баасында жеткирип берилет. Чет өлкөгө энергия сатуудан түшкөн каражат болсо элге бөлүп берилет.
Абдурахман Адилов
In the setting of breast cancer, however, obesity is associated with reduced efficacy of aromatase inhibitors misoprostol online trusted pharmacy