Кыргызстан энергетика тармагына 50 миллион доллар кредит алат

857
0

Кыргызстан энергетика тармагына 50 миллион доллар кредит алат

         Кыргызстан энергетика тармагына сүткор Дүйнөлүк банктан кезектеги кредитти алат. Дүйнөлүк банктан алына турган каражат бүгүн 1-февралда Жогорку Кеңеште талкууланды.

         Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, Кыргызстан бул ирет 50 миллион доллар алат.

         Кыргызстан эгемендик жылдары электр тармагын реформалоо үчүн сырттан жалпысынан 2 миллиард долларга жакын кредит алган. Ал эми, 2022-жылдын соңундагы эсептөөлөр боюнча мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 218 миллион долларды түзгөн. Бул сумманын 4 миллиард 191 миллиону тышкы карыз.

         Буга чейин президент Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасы аркылуу электр энергиясынын тарифи май айынан тарта көтөрүлө турганын билдирген.

         Белгилүү болгондой эл аралык каржы уюмдар бул сыяктуу сүткордукка негизделген каражаттарды өлкөдөгү тарифтерди кымбаттатуу талабы менен беришет. Маселен, өткөн жылы Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 20 миллион доллар бере турган болгондо, банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Анна Бьерде мындай деген: “Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз”.

        Дүйнөлүк Банк жана башка эл аралык каржы уюмдары колонизаторлордун куралы экендиги шексиз. Колонизаторлор алардын жардамында өлкөлөрдү карызга батырып, саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын ишке ашырышат. Ушул Дүйнөлүк Банктын сунуштары негизинде өлкөбүздөгү мамлекеттик саналган электр энергия секторун жеке тараптарга өткөрүү башталган. Алар менчиктештирүү жана тарифти кымбаттатуу менен өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын өздүк наркын кымбаттатууну да каалашат. Натыйжада, жергиликтүү ишкерлер чет элдик капиталисттердин арзан баадагы товарларына атаандаша албай калат.

         Маселен, 1997-жылы “Кыргызэнерго” ишканасы дал ушул Дүйнөлүк банктын сунушу менен үчкө бөлүү менен менчиктештирүү аракеттери башталган. Буга кошумча, жаңы ишканалардын ачылышы менен коррупциялык схема дагы да активдүү иштеши талашсыз. Маселен, “Электр станциялар” ишканасы электр энергиясынын ГЭСтерде өндүрүлгөн өздүк наркын ар кандай алдоо жолу менен эсептейт да, айырманы тиешелүү чиновниктер сол чөнтөккө солошот. Экинчи тараптан капитализмдин табиятына ылайык, ГЭСтерди жеке менчик колуна карматуу үчүн, ишкананы банкрот кылуу максатында жыл сайын чыгашалар ашыра эсептелет.

         “Электр тармактар” акционердик коому ишканасы болсо өндүрүлгөн энергияны жогорку чыңалуудагы электр зымдары аркылуу бөлүштүрүүчү компанияларга жеткирип берүүдө пайданы өөнөп калат. Маселен, “табийгый” жоготуу 5% дын айланасында деп эсептейт. Ал эми, адистердин айтымында, жогорку чыңалуудагы чубалгылар менен жеткирип берүүлөрдүн чыныгы табигый жоготуусу 1% айланасында эле болот. Демек, мындагы жоголгон 4% электр энергиясын чиновниктер чет өлкөлөргө сатып жиберишет.

         Ал эми бөлүштүргүч компаниялар электр энергиясын 35 тыйындан 42 тыйынга чейин сатып алат. Булардын ичинен мамлекеттик ишканалары “табигый жоготуу” шылтоосу менен уруп калышат. Мындай жоготуу бир учурда 50%га чейин чыккан. Азыр болсо 22%дын айланасында экени айтылууда. Бул деле 3 миллиард кВт саат, тактап айтканда, бүтүндөй бир Күрпсай ГЭСинин иштеп чыккан энергиясы дайынсыз жоголот дегенди түшүндүрөт. Ал эми, жеке менчик компанияларда “табигый жоготуу” дээрлик болбойт. Анткени, алар энергияны сатып алгандыктан, мамлекеттик ишканалар сыяктуу «табигый жоготуу»ларга кызыктар эмес.

         Өлкөдө, бөлүштүрүүчү компаниялардан сырткары, аларга кардар болгон ортомчу компаниялар иш алып барат. Бул ортомчу жеке ишканалар деле элдин эсебинен марыган ишканалар болуп саналат. Алардын көпчүлүгү учурунда трансформаторлорду, ток өткөргүч линияларды текейден арзан менчиктеп алышкан. Алардын ар бири мурунку же кийинки энерго-чиновниктердин бирине караштуу.

         Мындан тышкары, чиновниктер сугат учурунда Өзбекстан жана Казакстанга суу сатып да акча жешет. Кайра кышкыга Казакстандан электр энергиясын сатып алуу үчүн келишимдер түзүп, жең ичинен дагы жейт. Мына ушундай чырмалган коррупциялык схемаларды жоюунун ордуна ар келген бийлик тарифти көтөрүү менен элдин жонунан кайыш тилүүнү эп көрүп келет. Алардын шайлоо астындагы куру ураандары убактылуу гана алдоо экени ар сапар ачыкталса да калк акыркы үмүт менен кийинки саткын саясатчыларга алданып калууда.

        Жыйынтыктап айтканда, проблеманын негизги себеби – башыбызда кара булут болуп айланган капиталисттик түзүм.

         Түпкүлүгүндө электр энергиясы жалпы элдик мүлк болуп, Исламда анын пайдасына мамлекет же жеке компаниялар ээ болуусу мүмкүн эмес. Анын өзүнүн пайдасы же андан түшкөн киреше ар бир жарандын өзүнө келип түшүүгө тийиш. Исламда электр энергиясы өздүк наркы менен гана элге жеткирилет. Ал эми чет өлкөлөргө сатылган энергиядан түшкөн пайда болсо элге бөлүштүрүп берилет. Демек, калк капитализмден баш тартып, Исламды тикелөөгө аракет кылган жетекчилер аркылуу гана мындай кор абалдан чыга алат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here