Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциасиясынан 30 миллион доллар карыз алат

1547
0

Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциасиясынан 30 миллион доллар карыз алат

 Кабар: 30-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө каржылык жардам көрсөтүү боюнча 30 миллион доллардык карыз келишимин бир добуштан колдоду.

 Келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору тууралуу депутаттарга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат берди.

 “10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. 3 миң жараныбызга жаңы кесип беребиз, аларга жарым жыл бою эмгек акысын төлөп беребиз. Жалпысынан 23 миң адам жумуш ордуна ээ болот”, – деди Базарбаев.

 Келишимге ылайык, Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 30 миллион доллар карыз алат. Эми мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынында каралат.

 Комментарий: Президент болгонго чейин “мамлекеттин экономикасын бир жылда бутка тургузам, Кыргызстанды беш жылда карыз алуучу мамлекеттен карыз берүүчү мамлекетке айландырам” деген убадаларды берген Жапаровдун президент болгонуна да мына эки жылдан ашык убакыт өттү. А бирок, Жапаровдун – башка убадалары сыяктуу эле – бул убадасы да ишке ашпады. Жапаров “эгер “Кумтөр” Кыргызстанга өтсө карыз алууга зарылдык болбой калышын” тынымсыз айтып келди. Бирок, “Кумтөр” улутташтырылып, тышкы башкаруу киргизилишине карабастан, Кыргызстан чет элдик уюмдардан карыз алууну токтотподу. Жапаров бийликке келген 2020-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 81 миллион доллар болсо, 2022-жылдын соңуна келип 5 миллиард 218 миллион доллардан ашып кетти. Былтыр эле кыргыз бийлиги бюджетти колдоо, энергетика тармагын “өнүктүрүү” шылтоолору менен 250 миллион долларга жакын карыз алды. Мындан тышкары, былтыр 5-октябрда Бишкекте өткөн экономикалык форумда Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Аксел ван Тротсенбург Дүйнөлүк банк алдыдагы беш жылдын ичинде Кыргызстанга 600 миллион доллар карыз бере тургандыгын билдирди.

 Карыз алып мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгын көтөрүү, карыз алып пенсия жана жөлөкпулдарды көтөрүү, карыз алып аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү колдоо… Жапаров Кыргызстанды карыздан куткарбай эле, тескерисинче, көбүрөөк карызга батырып барууда. Бюджетке миллиарддаган акча түшөт деген шылтоо менен кумарканаларды ачууга уруксат берди, бюджетке киреше болот деп ишкерлерди ККМ орнотууга мажбурлап жатат, бюджеттин кирешесин көбөйтүү шылтоосу менен унааларды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамын күчүнө киргизгени жатат. А бирок, бул салыктар менен бюджет толбошу, мамлекет карыздан кутула албашы жана өнүгүп кетпеши анык. Себеби, өнүгүү тышкарыдан карыз алуу жана салыктын жаңы-жаңы түрлөрүн киргизүү аркылуу эмес, оор өнөржай жана өндүрүштү өнүктүрүү аркылуу болот. А бирок, эл аралык каржылык уюмдары бул тармактарга карыз бербейт. Себеби, бул карыздар тез арада өзүн актап, мамлекетти бутка тургузуп жиберет. Ошол себептен да капиталисттик мамлекеттердин колонизатордук куралы болгон каржылык уюмдар бюджетти колдоо, спорт, маданият, инфраструктура сыяктуу канча каражат жушасаң деле орду толбой турган тармактарга гана карыз беришет. Ошентип, үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин мойнуна кутула алгыс карыз жүгүн илип коюшат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here