Өзбекстан камагынан кезектеги шахид

1262
0

Өзбекстан камагынан кезектеги шахид

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Кече Анжиян областына караштуу Кара-Суу шаарында 1970-жылы 26-майда туулган Мамажонов Исроилжон Абдумухторович бурадарыбыз Бухара областына караштуу Кароолбазар районундагы 17-атайын тартиптеги колонияда шахид болду.

Аллах Субханаху ва Таала бул бурадарыбыздын шахадатын кабыл алган болсун, солих амалдарын жакшылыктар таразасына койсун, Фирдаус Жаннатынан жай берип, Пайгамбарлар, Сыддыктар, Шаҳиддер, Солихтер менен бирге қылсын, тарткан азаптары үчүн Бейиш жыргалчылыктары менен сыйласын! Бурадарыбыздын үй-бүлөсүнө, жакындарына чырайлуу сабыр берсин!

Ооба, бул боордошубуз Аллахка берген убадасында бек турду:

مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُمْ مَنْ قَضَىٰ نَحْبَهُ وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا

– “Муминдер арасында өздөрү Аллахка берген (Ал заттын жолунда шахид болуу тууралуу) убада-шерттерине бек турган кишилер бар. Анан алардан (айрым) кишилер өз убадасын аткарды (т.а. шаҳид болду), алардан (айрым) кишилер болсо (шаҳид болууга) ынтызар. Алар (мунафыктарга окшоп Аллахка берген убада-шерттерин) өзгөртүшкөн жок”. (Ахзааб:23)

Исроилжон бурадарыбыз Хизб ут-Тахрир сабында иш алып барып, Аллахтын калимасын аалий кылууга аракет кылгандыгы үчүн эркиндиктен ажыратылган эле. Ал өмүрүнүн 25 жылын Өзбекстан зындандарында өткөрүп, Аллахтын алдына шахид катары сапар алды. Биз бурадарыбыздын артында калган төрт перзентине, садакаттуу жубайына жана башка бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө Роббул Аъламиинден сабыр тилейбиз жана аларга таъзия билдиребиз.

Бурадарыбыздын жаназасы бүгүн 20-январда, Жума күнү окулат.

Сөзүбүздүн акырында Роббибизди раазы кыла турган сөздөрдү айтып калабыз:

الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

– “Аларга бирер мусибат келгенде айтышат: “Албетте биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте Ага кайтабыз”. (Бакара:156)

Хизб ут-Тахрирдин Өзбекстандагы маалымат бөлүмү

20.01.2023

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here