“Аалым”дар Кытай зулумун терроризмге каршы күрөш катары баалашты

1398
0

Аалымдар Кытай зулумун терроризмге каршы күрөш катары баалашты

Кытай бийлигинин чакыруусу менен Чыгыш Түркстанга сапар кылган “аалымдар” Кытайдын кандуу зулумдарын актаган билдирү таратышты. Бул тууралуу Үрүмчү гезити кабарлады. Кабарда келишинче, Чыгыш Түркстанда бир аз жумшартылган “ковид-нөл” саясатынан кийин Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары, Мисир, Сирия, Бахрейн, Босния-Герцеговина, Тунис, Сербия, Түштүк Судан, Мавритания, Индонезия, Кувейт, Иордания жана Оман сыяктуу 14 мамлекеттин диний жетекчилери расмий Пекиндин чакыруусу менен Үрүмчүгө сапар  кылышкан. Сапардын алкагында Бүткүл дүйнөлүк мусулмандар кеңешинин төрагасы Др. Али Рашид Ал Нуайми Кытайдын “террорго каршы күрөшүү” планын “аймакта жашаган калктарга кызмат кылуу” деп атап, мусулмандарга каршы уюштурулган геноцидди “терроризмге каршы күрөш” катары баяндады.

“Биз Кытайды Шинжаңдагы терроризмге каршы күрөш планын аяктаганы менен куттуктайбыз… Ислам цивилизациясы менен Кытайдын ортосундагы мамилелер тарыхий мааниге ээ болуп, достук, кызматташтык жана союздаштык түрүндө сыпатталат. Коопсуз, туруктуу жана бейпил Кытайга дүйнө жүзүндөгү адамдар муктаж. Кытайдын коопсуздугу жана туруктуулугу улуттук эле эмес, глобалдык кызыкчылык болуп эсептелет. Кытайдагы мусулмандарга жардам берүү чоң жоопкерчилик болуп, этникалык, диний жана улуттук байланыштар бири-бирине карама-каршы эместигин, тескерисинче, бири-бирине байланыштуу экендигин дүйнө жүзүнө түшүндүрүп беришибиз керек. Өздүк жана бир динге таандык адамдарга болгон урматты тарбиялык көз караш менен бекемдеш керек. Уйгур жаштары террорчу топтордун курмандыгы болуп калбашы үчүн алардын акылын канааттандырыш керек”, – деди Др. Али Рашид Ал Нуайми.

Комментарий: Белгилүү болгондой, буга чейин Ислам жана мусулмандардын ашынган душманы болгон Кытай өкмөтү өзүнүн “нөл-ковид” саясаты шылтоосунда мусулман уйгурлардын үйлөрүн тышынан жаап, ал тургай азык-түлүк жана дары-дармек сыяктуу зарыл нерселер үчүн да үйдөн чыгууга тыюу салып койгон эле. Натыйжада мусулман уйгурлар үйлөрүндө ачкачылыктан өлгөнү калышты. 24-ноябрь күнү Үрүмчүдөгү өрт учурунда 100дөн ашык мусулман эшиктери сыртынан кулптанган үйлөрүнөн чыга албай каза болушту. Кытайдын ушул жана буга чейинки зулумдары дүйнө жүзүнүн көз алдында болуп жатса да,  жогорудагы “аалымдар” Кытайдын мусулмандарга каршы аёосуз террорун “терроризмге каршы күрөш” катары баалап жатышат.

Расулуллах r айтат:

«صِنْفَانِ مِنَ النَّاسِ إِذَا صَلَحَا صَلَحَ النَّاسُ وَإِذَا فَسَدَا فَسَدَ النَّاسُ: الْعُلَمَاءُ وَالأُمَرَاءُ»

«Эки тайпа адамдар бар, эгер алар оңолсо адамдар оңолот, эгер алар бузулса адамдар бузулат. Алар аалымдар жана амирл­ер».

Чындыгында, аалымдар оңолсо, Үммөт да оңолот, алар бузулса, бардык тарап бузулуп, адамдар адашууга кетишет, өлкөлөр кыйроого учурайт. Себеби, акыйкатты жеткирүү жана ар бир иштин өкүмүн баян кылуу аалымдардын милдети. Адамдардын оңолушу аалымдардын оңолушу менен болору о.э. адамдардын бузулушу аалымдардын бузулушу менен болору бардык доордо тастыкталган. Бүгүнкү абалыбыз да муну тастыктап турат.

Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө аалымдардын акимдерге карата ээлеген позициясы пайгамбарлардын мураскору болгон мурдагы аалымдардыкына окшобой калды. Себеби, Пайгамбарларга мураскор болуу Аллахтын ыраазылыгы үчүн жалаң гана акыйкатты айтууну, адамдарга кошомат кылбастыкты жана бул жолдо жаманатты кылуучунун жаманатты кылышынан коркпостукту талап кылат. Негизи, бүгүнкү аалымдар үммөттүн башына түрдүү азаптарды салып жаткан акимдердин этегин кармап, алардын батыл иштерин актоого аракет кылып жатышат. Т.а. бул “аалымдар” Холиктен коркуунун ордуна махлуктан корко турган болуп калышты. Ошондуктан, алардын адамдар алдында да, акимдер алдында да айбаты калбады. Бул «аалымдар» бирер мансапка келери менен акимдердин батыл өкүмдөрүн актаган фатваларды чыгарууга даяр турушат. Булар Аллахтын рахматына караганда акимдердин дасторконун абзел көргөн аалымдар болушуп, Ислам Үммөтү ичкериден жемирилишинде маанилүү рол ойноп жатышат.

Бүгүнкү күндө Ислам Үммөтү коомду караңгылык-зулматтан нурга алып чыга турган солих, таква аалымдарга муктаж. Себеби, андай аалымдар зулумга карата сүкүт сактоону токтотуп, акыйкат сөздү ачык айтышат, маъруфка буюруп, мункардан кайтарышат о.э. акимдерди насаат жана мухасаба аркылуу зулумдан тосот, Аллах жолунда жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпойт жана мусулмандардын тагдыр чечүүчү маселеси болгон Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн алдыңкы сапта турушат. Качан гана аалымдар акыйкат тарапта турушса, Үммөт да алар менен бирге болот. Анткени, жер бетинде Аллахтын өкүмүн орнотуу жана адамдарды ага амал кылууга чакыруу да биринчи кезекте аалымдардын милдети болуп эсептелет.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here