Казакстан менен Россия газды кайрадан иштетүү боюнча жол картасына кол койду

577
0

Казакстан менен Россия газды кайрадан иштетүү боюнча жол картасына кол койду

Кабар: Астана менен Москва казак газын Оренбургдагы газды кайрадан иштетүүчү заводдо газды кайрадан иштетүү о.э. Россия газын Казакстанга жеткирип берүү маселеси боюнча “жол картасына” кол коюшту. Бул тууралуу Казакстан өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады. 18-январда Санкт-Петербургда Казакстандын вице-премьер-министри Роман Скляр  менен “Газпром”дун жетекчиси Алексей Миллер жолугушкан.

 “Жолугушуу учурунда Казакстан менен Россия Федерациясы ортосунда жаратылыш газы тармагында эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери талкууланды. Сүйлөшүүнүн  натыйжасы боюнча тараптар кызматташтыктын негизги багыттарын, айрыкча, казак газын Оренбург заводунда кайрадан иштетүү, Россия газын Казакстанга жеткирүү мүмкүнчүлүгү о.э. кызматташтыктын келечектеги долбоорлорун белгилөөчү жол картасына кол коюлду”, – деп айтылган кабарда.

 Жолугушууда Казакстандын Россиядагы элчиси Ермек Кошербаев, Казакстан энергетика министри Болат Акчулаков жана QazaqGaz улуттук компаниясынын жетекчиси Санжар Жаркешов катышкан.

 Буга чейин министр Акчулаков Россиядан сырьё алуу жолу менен Казакстандын түндүгүн жана түндүк-чыгышын газдаштыруу зарылдыгын билдирген эле. “Бизге мамлекеттин түндүк-чыгышын жана чыгышын газдаштыруу үчүн жылына 10 миллиард кубометр газ тартып алууга мүмкүнчүлүк бере турган куур керек”, – деген эле.

 Комментарий: 2022-жылдын ноябрь айында РФ президенти Владимир Путин менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусунда “үч тараптуу газ союзун” түзүү маселеси талкууланган болчу. О.э. Путин  9-декабрда Бишкекте өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Казакстан жана Өзбекстан экономикасынын газга болгон талабы, айрыкча, экспорттук милдеттенмелерди эсепке алганда өсүп барышын белгилеп, ЕАЭБ алкагында бирдиктүү газ базарын түзүүгө даярдык көрүлүп жатканын айтып өткөн.

Өзбекстан диктатору Каримов 2004-жылы Өзбекстандан газ казып алуу укугун 2046-жылга чейин Россиянын “Лукойл” компаниясына сатып жиберген. Ошол жылдан баштап Өзбекстанда газ көйгөйү жаралган, мына дээрлик 30 жылдан өзбек эле өзүнүн газына өзү зар болуп келет. Жыл сайын кыш келгенде өзбекстандыктардын бирден-бир проблемасы кыштын суугунан аман-эсен чыгып алуу болуп келет. Ал тургай, Өзбекстан 2018-жылы “Лукойл” компаниясына 600 миллион доллардай карыз болуп калган. 2014-жылы болсо “Кыргызгаз” Россиянын “Газпром” компаниясына 1 долларга сатылып кетти. Компания мунун акысына “Кыргызгаз”дын карызын төлөөнү жана калкты газдаштырууну мойнуна алганы менен, газдаштыруу иштери да элдин эсебинен болуп жатат. Ноябрь айында Путин Россия-Казакстан-Өзбекстан ортосунда “үч тараптуу газ союзун” түзүүнү жана Кытайга газ экспорттоо укугун Россияга берүүнү “сунуштады”. А бирок, вакиъде бул “сунуш” коркутуу көрүнүшүнө өтүп, бул  бул коркутуунун негизги “курмандыгы”өзбек калкы болууда. Түркмөнстан Россиянын басымы алдында Өзбекстанга газ берүүнү кыскартты о.э. өзбек газына ээ болуп алган орус компаниясынын газ жеткирип берүүнү кыскартышы артынан Өзбекстан быйылкы кышта болуп көрбөгөндөй энергетикалык киризисти башынан өткөрүүдө. Эгер өзбек жетекчилигинде саясий эрк жетишпесе жакынкы күндөрдө өзбек өкмөтү да Россия менен ушундай жол картасына кол коёт. 

 Быйыл январь айынын башында Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Казакстанга Россия жана Өзбекстан менен биргеликте “үч тараптуу газ союзун” түзүү боюнча расмий сунуш келип түшпөгөнүн маалымдаган болчу. Бүгүн болсо газды кайрадан иштетүү боюнча жол картасына кол коюлду. Россия казак бийлигине басым өткөрүп “үч тараптуу газ союзун” түзүүгө жетишсе бир ок менен эки коён аткан болот. Биринчиден, аймактагы энернетика ресурстарын жана камсыздоону толук көзөмөлүнө алат, экинчиден, АКШ башында турган батыш мамлекеттеринин сакцияларын четтеп өтүп, казак жана өзбек газына кошуп өзүнүн газын өтө ири өлчөмдө Кытайга экспорт кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Эгер Россия бул ишти эптей алса, Европа базарынан сүрүп чыгарылып жаткан газ базарынын ордун Кытай менен толтуруп алат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here