Фалестин калкына карата чабуулдар дүйнөлүк чемпионаттын камераларынан алыста

1533
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин калкына карата чабуулдар дүйнөлүк чемпионаттын камераларынан алыста

Ал-Ваъй тобу Куддус университетинде «Фалестин калкына карата зулум дүйнөлүк чемпионаттын камераларынан алыста» деп аталган иш-чара өткөрдү.

Топтун мүчөлөрүнүн бири өз баянында ушуларды баса белгиледи: «Бүткүл мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер жана алардын маалымат каражаттары дүйнөлүк чемпионат менен алек болуп турганда, жакында баскынчы яхудий күчтөрү бир нече фалестиндик жигиттерди шахид кылды. Бүгүн Фалестин калкынын каны төгүлүп жатканда, футбол оюндары жана араб командаларынын жеңиши менен калктарды чалгытуу саясаты алып барылууда.

Фалестин калкы Катардагы футбол күйөрмандарынын аларга көңүл айтуусуна, колонизаторлор зордоп тыгыштырган Фалестин байрагын көтөрүп, фалестиндиктерди алкыштоосуна муктаж эмес. Алар өтө муктаж болуп турган нерсе – сансыз армиялар казармаларда дүйнөлүк чемпионат менен алек болуусунун ордуна, аракетке келип, мындай абалды өзгөртүүгө жана мубарек Фалестин жерин азат кылууга аракет кылуусу!

Ырас, Уммат исламий өлкөлөрдүн армияларын аракетке келтирүүгө кудуреттүү болгон соң, демек, Уммат бутка туруп, фанаттык жана саткындыктан башка нерсени билбеген бул саткын режимдерди кулатса жана өз кошуундары менен биргеликте чоң согушка аттанса, шексиз Аксаны азат кылат жана Фалестин калкын өлтүрүү жана ойрон кылуу машинасынан куткарат».

 Роя гезити, №421, 2022-жыл, 14-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here