АКШ Абу Акиланын иши Эл аралык кылмыш сотунда каралышына каршы чыккандыгы Батыштын кепилдиги жөнүндөгү сөздөр жомок экендигин көрсөттү

1391
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

АКШ Абу Акиланын иши Эл аралык кылмыш сотунда каралышына каршы чыккандыгы Батыштын кепилдиги жөнүндөгү сөздөр жомок экендигин көрсөттү

Кошмо Штаттар иликтөө яхудийлерге барып такалашын каалабаганы үчүн «Ал-Жазира» телеканалынын журналисти Ширин Абу Акиланын иши Эл аралык кылмыш сотунда каралышына каршы чыкты.

АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс: «Биз каршыбыз», – деди. Ал: «Эл аралык кылмыш соту өз юрисдикциясынын негизине көңүл бурушу керек т.а. ал жырткыч кылмыштар үчүн жаза белгилөө жана алдын алуу үчүн эң акыркы чекит болушу керек», – деп кошумчалады.

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү өз сайтында түшүрдүрмө берип, ушуларды баса белгиледи: «Журналист Ширин АКШнын жараны жана дүйнөгө белгилүү журналист болгондугу да, түз эфирде өлтүрүлгөнү да, Женин лагерине чабуул жасалган чоң окуяны ачыктаганы да, эч кандай пайда бербеди. Себеби, Американын назарында бул нерселер Эл аралык кылмыш соту карай турган олуттуу себеп эмес.

Америка Ширинди иши Эл аралык кылмыш сотунда каралышына каршы чыккандыгы – эл аралык коомчулуктун «кепилдигине» ишенүү жана андан яхудий баскынчыларынын Фалестин калкына каршы тынымсыз кылмыштарын тыйып коюушун үмүт кылуу куру кыялдануудан башка нерсе эмес экендигин дагы бир ирет далилдеди. Эл аралык коомчулукта, анын органдарында жана уюмдарында каралган иштер эгер алсыз калктарга байланыштуу болсо, алардын тагдыры – эң кеминде – ушул уюмдардын текчесинде чаң басуу менен аяктайт… Алардын бири да каралбайт жана ал жөнүндө токтом кабыл алынбайт».

«Шаръий жана саясий фактыларга ылайык, эл аралык коомчулукка таянуу бүтүндөй пайдасыз экени ырасталды о.э. яхудийлерди тыйып коюу, мамлекеттер аралык даражада корголгон баскынчылыгына чекит коюлушу үчүн Уммат кошуундарынын ушул максатка карай олуттуу аракетке келиши керек».

 

Роя гезити, №421, 2022-жыл, 14-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here