Хусийлер Аллахтын өкүмдөрүнө каршы чыгып, аларды араб жана эл аралык тажрыйбага таштоодо!

990
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хусийлер Аллахтын өкүмдөрүнө каршы чыгып, аларды араб жана эл аралык тажрыйбага таштоодо!

Яман борбору Санъада юстиция министрлиги менен соода-сатык палатасы катышкан жыйын өткөрүлдү. Жыйындын катышуучулары сүткордукка тыюу салуу жөнүндө юстиция министрлиги түзгөн мыйзам долбоорун араб жана эл аралык тажрыйбалар негизинде үйрөнүү үчүн укук, экономика жана шарият комитетине сунушташты. 2022-жылы 5-декабрда өткөн бул жыйынга Яман муфтийи Шамсиддин Шарафиддин, юстиция министри Набил Изаний, укуктук иштер министри Исмаил Мухакирий, парламент жана шура кеңешинин иштери боюнча министр Али Абу Халика, жогорку саясий кеңештин кеңешчиси Абдулазиз Багдадий жана башкалар катышты.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Яман вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушул суроолорду ортого салды: «Жыйындын катышуучулары мусулман өлкөлөрүндө, алардын катарында, Яманда Ислам менен өкүм жүргүзүлбөй жатканын билишпейби?! Анын үстүнө, жыйындын катышуучулары сүткордук харам кылынабы же уруксат берилеби деп шаръий өкүмдөр туурасында сурамжылоо өткөрүү менен Аллахтын өкүмдөрүнө каршы чыгышты жана текебердикке малынышты. Акыры, сүткордук Яманда эле эмес, бүткүл дүйнөдө колдонулуп жаткан кафир Батыш мыйзамдарына ылайык уланып жатпайбы?! Аллах Субханаху Өзүнүн Китабул Хакиминде:

﴿وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلَا مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَمْراً أَنْ يَكُونَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ وَمَنْ يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالاً مُبِيناً﴾

«Аллах жана Анын пайгамбары бир ишти буюрган убакта эч бир мумин жана мумина үчүн (Аллахтын хукмун коюп) өз иштерин ыхтыяр кылышы жаиз эмес, ким Аллах жана Расулуна күнөөкөр болсо, демек, ал анык адашуу менен адашыптыр»                                        [33:36]

деген болсо, бул Хусийлер Аллах Субханахунун бул буйругуна моюн сунуп итаат кылдык дештин ордуна, тигил адамдар менен талкуу жыйынын уюштуруп олтурушат. Деги, бул адамдар колонизатор кафир Батыш сакафатын мээлерине куюп-сиңдирип, Аллах харам кылган нерселерди Ислам бийлиги жок болгондуктан Исламий Уммат арасында кеңири жайышкан».

Билдирүүдө дагы ушулар айтылды: «Ошондуктан, Хизб-ут-Тахрир Ислам Умматын, алардын катарында Яман калкын турмуштун бардык тармактарында Исламды толук колдонууга чакырат. Бул үчүн Хизб жетик дастур долбоорун даярдап койгон, экономика тармагында да жетиштүү «Исламда экономика түзүмү» деген китепти чыгарган. Аларды Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинде гана колдонуу мүмкүн. Ошондуктан, Халифалыкты тикелөө – фарз. Себеби, важибди аткара турган нерсе да важиб».

 

Роя гезити, №421, 2022-жыл, 14-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here